www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кундузбү Маматова: "Керек окшойт тирүүлүктө сүйүлүш"

Камчыбек Бостон 23-март 2018, 11:42

Адабият Саясат


Кундузбү Маматова: "Керек окшойт тирүүлүктө сүйүлүш"

Күндөн -  күнгө көз карашың башкача, Мени тартып бара жатат капырай. Кемселиме батпай  улам толкундайм, Сүрдөгөндөн жайнап турса  ай чырай. Суук көзгө урундурбай, үшүтпөй, Алаар бекем махабатың асырай.

Салам айтсаң доошум чыгат калтырай, Көз карашың тушап турса бастырбай. Колдон алсаң алаканым өрттөнөт, Демиң ысык жалын бүркүп чачырай. Бүт дүйнөмдү жалгыз өзүң ээледиң, Сезимиңди алаар бекем асырай.

Сүрөтүңө адат болуп тигилиш, Жан дүйнөмдө күндө болот бурулуш. Махабаттын анты ошол көрүнөт, Бир ирмемден сүйүп  жана сүйүлүш. Кайталангыс  чексиздикке  бой уруп, Керек окшойт тирүүлүктө сүйүлүш.

Автор: Кундузбү Маматова  Алимбековна

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83