www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Нурлан Насип ырчы Асел Кадырбековага сөйкө салды

Камчыбек Бостон 09-апрель 2018, 09:34

Маданият


Бүгүн Нурлан Насип ырчы Асел Кадырбековага сөйкө салды

Бүгүн, 8-апрелде ырчы Нурлан Насип сүйүктүүсү Асел Кадырбековага кыргыздын салтын улап, унаага басып ала качып кетпей, кулагына сөйкө, башына ак жоолук салды. Кудаалашкан эки тарап, кучакташып көрүшүп, эки жашка бак тилеп, даңгыраган тойду ушул жылдын күз айына калтырды. Бул тууралуу маалыматты Нурлан Насиптин менеджери Назира Бактыбекова билдирди.

Эске сала кетсек, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кыз-жигит болуп жетелешип жүргөнүнө  4-5 жылдын жүзү болуп калды. Арада кыз-жигит тыныгуу алып, экөө козудай ээрчишип турмуштун даңгыр жолуна түштү. Эмне дейбиз эки жаштын кармашкан колу үзүлбөй, түбөлүккө өмүр сүрүп, кыргыздын кызматын кылып, тойлордо "кыстыр-кыстырды" алып жүрө берсин. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83