www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу жазуучунун бюстуна гүл койду

Майрамбек Каримов 11-апрель 2018, 08:46

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу жазуучунун бюстуна гүл койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына эки күндүк расмий сапарынын алкагында 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Ч. Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кечээ, 9-апрелде Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды улуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын белгилеген. “Менин Түркияга расмий  сапарым “Айтматовдун жылына” туш келди – бул тарыхый окуя”, - деп баса белгилеген Мамлекет башчысы.

Ч. Айтматов атындагы көчөдө бюст орнотуу идеясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине таандык жана жазуучунун 2014-жылы белгиленген 85 жылдык мааракесине арналган. Бул идеяны Анкара шаарынын мэриясы колдоп, бюстту даярдоого каражат бөлгөн.  Бюсттун автору кыргыз бедизчиси Чынгыз Шакеев.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83