www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизде адам укугу корголобу ?

Перизат Кутманалиева 12-апрель 2018, 16:46

Аналитика Саясат


Бизде адам укугу корголобу ?

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев атайын кызматтарга Белизден келген документтердин «жасалма» экенин далилдеп берди. Документтер Текебаев өз өнөктөштөрү менен "Мегаком"компаниясын сатууга аракет кылган деген мааниде болчу. Бирок мунун баары арык аттап, суу кечпей калды. Учурунда экс президент Атамбаев айтты эле "Эгерде бул документтер жалган болсо Сегизбаев жоопко тартылат " деп. 

Маевский болсо мен Текебаевге пара берген эмесмин деп прессконференция бериптир. Кыскасы Абдиль Сегизбаевдин Текебаевге болгон каралоосунун бири да ишке ашкан жок. Бирок ага карабастан  Өмүрбек Чиркешовичти камакка алышты. Күрсөтмө берген кишилерди примитивдүү эле түрдө зордоп, акчага жалдап келишкендери билинди.

Эми ушунча мыйзамсыз иштерди жасаган УКМКнын жетекчиси, мыйзамды одоно бузуп соттогон судья Эрнис уулу Айбек эч кандай жоопкерчиликке тартылбай ээлеген кызматынан гана бошоп кете беришеби ? Бул жерде адам укугу тебеленди, ар намысына доо кетиришти, мыйзамсыз түрмөдө кармашты, ден соолугуна зыян келтиришти. Ушунун баарына ким жооп берет ? Биз укуктук, демократиялуу мамлекетпизби же бир деспоттун режимине баш ийген кулдардын өлкөсүбүзбү?!

Шамил Жалилов, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83