www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр пайдаланууга берилип жаткан мектеп имараттарынын сапатын текшерүүнү тапшырды

Майрамбек Каримов 14-апрель 2018, 10:53

Расмий кабарлар Саясат


Премьер-министр пайдаланууга берилип жаткан мектеп имараттарынын сапатын текшерүүнү тапшырды

2018-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда бир катар мамлекеттик орган жетекчилери менен кеңешме болуп өттү. Жолугушууда өлкөдөгү пайдаланууга берилип жаткан билим берүү мекемелеринин сапатына байланыштуу маселе талкууланды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, жалданма-компанияларлы тандоодо ишенимдүү жана финансылык жактан туруктуу курулуш компанияларына көңүл буруу зарыл.

«Объектилердин курулушу толук көлөмдө аткарылып, негизгиси – курулган мектептерин сапатына басым жасоо зарыл. Мында заманбап технологиялардын жана сапаттуу материалдардын пайдаланылышына көңүл буруу керек. Бардык курулган мектептерди текшерип чыгып, табылган кемчиликтерди ыкчам тартипте жоюу зарыл», – деди Сапар Исаков.

Ошондой эле Өкмөт башчы социалдык объектилер имаратын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалмдагандай, 2016-2017-жылдары курулган 100 мектептин 13үндө жасалгалоо иштериндеги кемчиликтер аныкталган, алар кийинчирээк жоюлган».

«2016-жылдын соңунда 150, 275, 375, 500 окуучуга эсептелген мектептердин типтүү долбоорлору иштелип чыккан. Быйылкы жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана ооруканалардын типтүү долбоорлорун иштеп чыгууга тендер жарыяланган», – деди Б.Абдиев.

Маалымдама: 2012-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында жалпы суммасы 10,7 млрд сомдук 243 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83