www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоодар Нышанов, юрист: “Атамбаевдин резиденцияда депутаттар менен жыйын курууга укугу жок, аны экс-президент статусунан ажыратса болот”

Кызгалдак Жакыпова 16-апрель 2018, 11:33

Саясат


Жоодар Нышанов, юрист: “Атамбаевдин резиденцияда депутаттар менен жыйын курууга укугу жок, аны экс-президент статусунан ажыратса болот”

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев 16-апрелде мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарын кабыл алып, чоң жыйын куруп жатыптыр. Бул канчалык мыйзамдуу?

- Экс-президенттин статусу, анын укуктары боюнча атайын мыйзам бар. Мындай нормалар Конституциянын 67-беренесине да киргизилген. Ал эми Атамбаевдин азыркы аракеттери мыйзамга туура келбейт. Экс-президент кандайдыр бир жыйын өткөрө турган болсо өзү жашап жаткан резиденцияны бекер пайдалана албайт. Ал киши депутаттар менен жолуккусу келсе башка жайды тандап алса болмок.

- Атамбаевдин мындай өз билемдигине кандай чара көрсө болот?

- Экс-президент мыйзамды бузган учурда катардагы жарандардай эле кылмыш жоопкерчилигене тартылышы керек. Бирок, буга айрым нормалар тоскоол болушу мүмкүн. Ошентсе да, эл шайлаган депутаттардын көпчүлүк добушу менен Атамбаевдин экс-президент деген статусун алып койсо болот.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83