www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Болот Сүйүмбаев Финполдун башчылыгына дайындалды

Майрамбек Каримов 16-апрель 2018, 11:44

Саясат


Болот Сүйүмбаев Финполдун башчылыгына дайындалды

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын башчылыгына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын мурдагы директору Замирбек Осмонов бүгүн кызматтан алынган. Анын ордуна Сүйүмбаевди дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Буга чейин Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрага орун басары болуп иштеп келген. Ал өткөн аптада президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Ал Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары белгилүү.

Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президенттин жансакчысы болгон. Ага да Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83