www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин жетегинен чыга албаган Сапар Исаков

Кызгалдак Жакыпова 16-апрель 2018, 12:04

Саясат


 Алмазбек Атамбаевдин жетегинен чыга албаган Сапар Исаков

Кече жакында эле УКМКнын төрагасынын орун басарлык кызматынан ыргыган Болот Сүйүмбаев премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагалыгына дайындалганы маалым болду.

Өкмөт башчысынын мындай кадамы кыргызстандыктар үчүн өтө түшүнүксүз болуп турат. Эмнеге кече эле контрабандага шектелип, кызматынан ыргыган чиновникти кайрадан жооптуу кызматка дайындады? Контрабанданы калкалап келген Болот Сүйүмбаев экономикалык кылмыштуулук менен кантип күрөшөт? Тескерисинче, андай кылмыштуулукту өркүндөтпөйбү? Же экс-президент А. Атамбаевден ошондой буйрук түштүбү? Эгерде ошондой болсо, анда өкмөт башчы С. Исаков мамлекет үчүн эмес, аны ушул кызматка чейин сүйөмөлөп алып келген шефи А. Атамбаевге гана кызмат өтөйт турбайбы деп калдык.

Эске сала кетсек, бүгүн, 16-апрелде Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын башчылыгына дайындалды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83