www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев менен Исаковдо Кыргызстанга деген жакшы ниет, тилеги жокпу?

Гүлжан Шерипбаева 16-апрель 2018, 12:43

Саясат


Атамбаев менен Исаковдо Кыргызстанга деген жакшы ниет, тилеги жокпу?

«Акчанын, байлыктын, көр дүйнөнүн кулу болуу» деген эмне экенин экс-президент А. Атамбаев жана анын көздөй кадры болгон премьер-министр С. Исаков даана көрсөтүүдө. «Мен Алмаз Шаршеновичти гана угам, андан башкасы мага эч ким эмес» деп келген Сапар мырза ошол айтканындай эле иштерди жасоодо. Ал үчүн бир гана Атамбаевдин кызыкчылыгы башкы орунда, элдин кызыкчылыгы акыркы орунда сыяктуу.

Тастыктап берели, кече жакында эле УКМКнын төрагасынын орун басарлык кызматынан ыргыган Болот Сүйүмбаевди 16-апрелде премьер-министр С. Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагалыгына дайындап салды. Б. Сүйүмбаев мурда Атамбаевдин жансакчысы болгону, мамлекеттик кызматта деги эле иштебегени белгилүү. Анан түз эле УКМК төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүп салган.

Анын УКМК төрагасынын орун басарлык кызматынан алынышына Казакстан тараптан келген кат себепкер болгон дегендей маалымат бар. Ал катта Б. Сүйүмбаев контрабанданы калкалап жүргөнү конкреттүү фактылар менен көрсөтүлүп берилген. Албетте, бул боюнча да тийиштүү деңгээлде иликтөөлөр жүрүшү керек.

Анан эле контрабандага шектелген Б. Сүйүмбаевди С. Исаков мамлекеттик өтө жоопту кызматка дайындап салып атат. Албетте, мындай көрсөтмөнү ага экс-президент А. Атамбаев берип атканын билип эле турабыз. Ал ушул Сүйүмбаевге окшогон кадрларын жооптуу кызматтарга коюу менен өзүнүн да капчыгын калыңдатып келгенин божомолдоого болот. Анан «Мен деген бай адаммын» деп мактанып коет.

Айтор, контрабандага шектелген адамды жооптуу кызматка дайындоо менен С. Исаков элдин бетине түкүргөндөй эле мамиле кылды. АШАнын дагы «Алтындарым» деп элге кайрылганынын төркүнүн эми түшүнүп атабыз. Ал, көрсө «алтындарым» деп элди алдап коюп, Сүйүмбаевге окшогон кадрлары аркылуу элдин жон терисин сыйрый берчү турбайбы. АШАнын көзүнө элибиз чындап эле уютулган алтындай көрүнүп, «ушул элди алдай берсе болот эй, алтындарым деп туруп, аларга тиешелүү алтындарды өзүмдүк кыла берейин» дечү тура.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83