www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казактын белгилүү акыны Мухтар Шаханов батирде жашап жүргөн...

Кызгалдак Жакыпова 16-апрель 2018, 13:25

Дүйнө жүзүндө


Казактын белгилүү акыны Мухтар Шаханов батирде жашап жүргөн...

Казакстандын белгилүү акыны, мурдагы депутат Мухтар Шахановдун үйүнө байланыштуу маселе чечилди. Эми миллионер Кайрат Кудайберген, атактуу акындын 46 миллион карызга баткан журналын кайтаруу үчүн каржы чогултат. Бул тууралуу маалыматты NUR.kz сайтына шилтеме жасап, NazarNews.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Жергиликтүү миллионер Instagram баракчасына: “Бүгін Мұхтар Шаханов ағамызбен кездестім. Көп нәрсе туралы сөйлестік. Бұл дана адамның білетіні алтын қазына, ойы түпсіз терең мұхит. Бұндай ахуалға ұшырағаны, оның адамдарға сенгені. Біреуге бой ұсынып, намысын сатпағаны. Елім, жерім деп шырылдағаны.” -деп жазган.

Ага кошумча:

“Чындыкты дүйнө жүзүнө чейин тараткан агабызды асырап, убагында баалап, жардам беришибиз керек. Эгерде агабызга көмөк бере албасак, казак элинин намыскөйлүгү менен уяттуулугу 5 тыйын турат. Баарыңыздарды агабызды колдоого чакырамын”, - деп кошумчалаган миллионер Кайрат Кудайберген.

Эске сала кетек, буга чейин Шаханов бир нече айдан бери батир акысын төлөй албай жүргөнүн жана айлык берилбей жатканын Нур.кз жазып чыккан эле.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83