Кызгалдак Жакыпова 16-апрель 2018, 14:59
Эми тиреш кайрадан башталат. Ага себеп бүгүн, 16-апрелде Өкмөт башчы Сапар Исаков, Болот Сүйүнбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жетекчи кылып дайындады.
Муну менен балапан Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбековду тоготпой турганы ачыкка чыкты. Анткени Сапар Исаков кызматка алынган инсан Болот Сүйүнбаевди КР Президенти Сооронбай Жээнбеков УКМКнын орун басарлыгы кызматынан бошоткон эле.
Демек, социалдык тармактардагы эл арасындагы айтылып жаткан, Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин буйругун, үн чыгарбай аткарып жаткандыгы чындыкпы? -деген суроо жаралат.
Эми кызыктар башталат, “теке тиреш бул жакта турсун, бука тиреш” башталып кетпегей эле... Бул жагы “балык сууга чөгүп өлүптүр” болбосо болду...
Баса, бизге жеткен маалыматтарга таянсак, кадр саясатын азырынча Алмазбек Атамбаев бергиси келбей жаткандыгын уктук. Эмнеси болсо дагы эки достун эрегиши жакшылык менен аяктасын.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!