www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балакай Сапар Исаков түйүнчөгүн түйүп, себетке сала берсе болот...

Кызгалдак Жакыпова 16-апрель 2018, 16:52

Саясат


Балакай Сапар Исаков түйүнчөгүн түйүп, себетке сала берсе болот...

Күтүүсүз жерден Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Абдил Сегизбаев менен орун басары Болот Сүйүнбаев кызматынан кетти. Андан кийин эле Индира Жолдубаева. Кыскасы ошентип бир топ үлкөндөр кызматтан кеткени турат. 

Бүгүн, кош бийликтин башы көрүндү. Балакай Сапар Исаков өзүнө карата "чоң бурулуш" жасап, Сооронбай Жээнбековго колунан эмне келет эле дегендей кол шилтеп, "коргондон" секирди.

Өз билемдикке алган Сапар мырзанын иши эч эле жүрүшпөдү. Биз сыймыктанып күткөн Сапарчиктин долбоорлору, кышында тоңуп, жазга жетпей чириди. "40 кадамы" тырп этпей жан берди. "Таза коому" тарбайып, баштаган иши өргө кетпей койду. Бирок кадрдык жүрүштө Сапарчик тыртаң-тыртаң этип маданияттуу секирип алды. 

ТЭЦ боюнча "терип камаймын" деген Сапарчик, катардагы кызматкерлерди камап, "чоң курсактарга" тийише алган жок. Анын кеңешчилери саны көп сапаты жок болуп, планшетин кармаган боюнча бир ооз үн ката алышкан жок.

Ошентип, бүгүн, Сапар мырза кадрдык жүрүштө олчойгон катачылык кетирди. Эми ал жакын арада кызматынан "гудбай" болот. Ал турган кеп. Ошондуктан, Сапар түйүнчөгүн түйүп, себетке сала берсе болот.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83