www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - ВИДЕО - Айбек Бакытбеков, ырчы: “Азыркы заманда бирөөдөн колдоо, жардам сурамай деген нерсе жок”

Гүлжан Шерипбаева 16-апрель 2018, 18:45

Маданият


СҮРӨТ - ВИДЕО - Айбек Бакытбеков, ырчы: “Азыркы заманда бирөөдөн колдоо, жардам сурамай деген нерсе жок”

“Жаңы толкун” сынагына катышып, социалдык тармактарда көптөгөн кызуу талкууларды жараткан ырчы Айбек Бакытбековдун сынактан соң дымы чыкпай калган. “Бул мырза сахнаны таштадыбы?” деген ойлор жаралып баштаганда былтыркы жылдан тарта кайра кызуу ишке кирди. Айбекке биз кызыккан суроолорубузду узатып, төмөндөгүдөй жоопторду ала алдык.   

Туулган жылы- 11-сентябрь, 1992-жыл

Туулган жери- Бишкек шаары

Билими- М.Күрөңкеев атындагы искусство окуу жайынын вокал бөлүмү

Бою- 182 см

Салмагы- 85 кг

Бут кийиминин өлчөмү- 43

Көп колдонгон сөзү- “Сексен беш”

Баалаган саясатчысы- Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаев

Кумири- Эч кимди кумир тутпайт

- Айбек, “Жаңы толкун” сынагына барып келгениңден кийин коомчулукта көп көрүнбөй кеттиң. Айтайын дегеним сенин жаңы чыгармаларыңды укпай, клиптериңдин аз санда чыгып калды. Эмне менен алек болуп жүрөсүң?

- Сурооңузга кайрылсам, негизи чыгармачыл адамдардын өмүрүндө көп өзгөрүүлөр, жеке жашоосунда ар кандай маселелер пайда болот. Ата-энеге, жакын адамдарга, алыш-беришке, досторго, тууган-туушкандарга дагы көңүл бөлүш зарыл экен. Коомчулукка көп чыкпай, ыр жаздырбай калганыма менин жеке жашоомдогу чоң өзгөрүүлөр себеп болду. Жеке иштерим менен алек болдум.

- “Жаңы толкун” сынагына барып келгениңден кийин сен тарапка көптөгөн сын-пикирлер айтылган. Аларды кандай кабыл алдың? Сынып калган жоксуңбу?

- Балким... Бул сынакка барганымда менде тажрыйба жок эле. Абдан жаш, сахнага жаңыдан чыгып келе жаткан ырчы болчумун. Чоң жаңылыштыктар болду. Тагдыр мен сынады. Менин карьерамда эсимде кала турчу сабак болду. Жаңылбаган адамдар болбойт. Баары жаңылышат. Ар бир адамдын өз ой пикирлери бар. Менин айткандарымды ким кандай түшүнүшсө, ал өз деңгээлдерине жараша болот. Бул жашоого ар бирибиз бир жаралат экенбиз. Ошол жашоодо ар кимибиз өз ойлорубуз, максаттарыбыз менен жашайбыз. Орус элинин жакшы бир макаланыда “Өзүңдүн ички үнүңдү башка адамдардын ою менен бузуп алба” деп айтылган. Мен бул макалага толугу менен кошулам. Кыргызда да “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп айтылгандай мен башымды жерге салбайм. Актана албайм. Келечегим али алдыда. Мындан кийин дагы кыргыз элинин желегин чет жерде даңазалап жүрө берем. 

- Ырчылардын саны абдан көп. Алардын арасынан суурулуп, жылдызың жануу үчүн кандай аракеттерди көрүүдөсүң?

- Өзүңүздөр билгендей жылдыз болуш үчүн аябай көп эмгектенүү керек. Билим алуу, тажрыйбалуу мугалимдерден сабак алып, тажрыйба топтоп, таланттуу болуп, өзгөчө идеялар менен ырларды жаздыруу менен башкалардан өзгөчөлөнсө болот.

- Шоу бизнес чөйрөсү сага кандай таасир калтырууда? Бул тармакка аралаша элегиңде кандай элестетчү элең?

- Шоу бизнес чөйрөсүнө аралаша элек кезимде мага баары жомоктогудай сезилчү. Ойлонуп, электетип, кыялданып жүргөнүмдө мен аябай жаш бала болчумун. Анан жаш баланын ойлору кандай болоору баарыбызга белгилүү болсо керек. Белгилүү ырчылардын катарына кошулгум келип, сахнага чыгып ырдап, күйөрман кыздарым менен сүрөткө түшүп жаткан кыялдар менде жашагам. Азыр Кудайга шүгүр бала чактагы кыялдарым орудалып олтурат. 

- Азыркы учурдагы популярдуу ырчылардын “Бизге убагында эч ким жол көрсөткөн эмес. Жаңы нерселерди ойлоп тапкыбыз келет. Ошол эле учурда бизден кийинки муундарга сабак берип, жол көрсөтөбүз” деп айткандары бар. Ал эми сага жол көрсөткөн адамдар кимдер?

- Азыр эми ар бир ырчы өзүнүн арабасын өзүлөрү түртүп, бири-бирине колдоо көрсөткөн адамдардын саны аз. Бизге жол көрсөткөн улуу муундагы адамдар бар. Өзүм теңдүү досторум колдоолорун кылып турушат. Азыркы заманда бирөөдөн колдоо, жардам сурамай деген нерсе жок. Кыз киши болсо бир жөн эркек болгондон кийин болгонун өзүбүз гана кылышыбыз керек. Чыгармачылыкты кесип катары тандап алган соң, аны эч качан таштап кете албайсың. Аны таштап кеткен күнүңдө дагы жүрөгүңдө бир сезимдер, тактар тынчтык бербей, адамды уйгу-туйгу ойлорго сала берет.

- Популярдуу ырчылардын колдоолоруна ээ болдуң беле?

- Омар, Арсен, Мирбек Атабеков сыяктуу байкелерибиз өзүлөрүнүн кеңештерин жакшы эле айтышат. “Жаңы толкун” сынагына аттанып, даярданып жүргөнүмдө жардам беришкен. Азыр саламыбыз түз. Сый мамиледебиз.

- Өзүңдү шоу бизнестеги кайсы муундагы ырчылардын катарына кошкуң келет?

- Жаш ырчылардын катарына кошом го... Себеби, мен азырынча жылдызым укмуш жана элек. Бирок, сахнада өз ордум бар. Мындан ары дагы эмгектенип, жакшы муундагы ырчылардын катарына кошулгум келет.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83