www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жанар Акаев: "Банядагы баатырларга" эмне дейбиз"

Кызгалдак Жакыпова 16-апрель 2018, 20:02

Саясат


Жанар Акаев: "Банядагы баатырларга" эмне дейбиз"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев алгач КСДП менен парламентке бир кадам алдыга таштаган. Анан эле Жанар мырзанын таштаган кадамы жанындагыларга жакпай, союздаштары четке түртүп салганы жалпыга дайын. 

Бирок, "ачуу чындыкты айта берем" деп, көкбеттикке алган Жанар Акаев, айрым аткаминерлерди чымчылап, туздап, кээ бир учурларда калемпирден ооз тийгизип турат.

--"Кыргызда "уяттуу кишилер" оголе көп экен, Атамбаев бир аз алдан тайганда "мен ошондо эле туура эмес баратасыз" деп айткам дегендер көбөйдү. Мен укпапмын, качан айттыңыз эле десем, "коллегалар чай ичип отурганда ачык эле айткам, сен жок болсоң керек эле" дешет. "Банядагы баатырларга" эмне дейбиз, ден-соолук каалап коелу. Кыргыз саясаты болуп көрбөгөндөй майдаланып кетти, аттиң", - деп жатат ЖК депутаты Жанар Акаев.

Баса, Жанар Акаев жакынкы аралыктарда КТРКга Илим Карыпбековдун ордуна "башчылыкка" барып калышы күтүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83