www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылына 12 миң окуучу 9-классты бүткөн соң билимин улантпайт, депутат Мирлан Жээнчорев алардын келечегине кабатыр

Гүлжан Шерипбаева 02-май 2018, 17:58

Саясат Илим


Жылына 12 миң окуучу 9-классты бүткөн соң билимин улантпайт, депутат Мирлан Жээнчорев алардын келечегине кабатыр

Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-2016-жылдар үчүн берген статистикалык маалыматына караганда, ар жыл сайын 9-классты 98000  окуучу бүтүрөт, алардын ичинен: 10-11-классты уланткан окуучулардын саны 64000  киши; баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу мекемелерине 6000 киши (9-класстын базасы менен) жана орто кесиптик билимге 15000 киши тапшырган. Ошондой болсо да, жыл сайын 12000 9-класстын бүтүрүүчүлөрү ( болжол менен жалпы сандын 12%)  чала сабаттуу, эч кандай иши жок, өз алдынча жашоого караманча даяр эмес балдар чоң турмуштун босогосун аттоосуна туура келет. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  кабыл алынгандан бери демек, 2003-жылы (14 жылдын аралаганда) коомчулугубуз эч кандай баштапкы/орто кесиптик билими жок, толук эмес орто билимдүү чоң турмушка аралашкан 200 миң жаран менен толукталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчорев бул маселе боюнча атайын мыйзам да жазган, ал мыйзамга ылайык, 9-классты бүткөн окуучулар милдеттүү түрдө 10-11-классты окуп бүтүрүүсү заарыл жана алардын билим алуусу мыйзам менен корголот, же болбосо сөзсүз түрдө орто билим алып кесиптик лицей, колледжерден билимин улантышы керек.

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ар бир баланын жагымдуу  социалдаштырылышын жана жетилүүсүн камсыз кылуу талабы коюлган. Бирок, 2007-2015-окуу жылдары үчүн республикада жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын саны туруктуу азайуу мүмкүндүгүнө ээ, ал  49,1 миң адамды, же болбосо 4,5% түзөт, ал эми тескерисинче  мектептердин саны 46 га, же  2,1%  өскөн. Ошол эле убакта калктын орточо  жылдык өсүүсүнүн темпи да улам  көбөйүүдө.

Албетте медалдын эки бети бар дегендей, айрым учурда баласын окутууга ата-энесинин шарты болбой калышы мүмкүн, бирок ошентсе да “билим караңгыда шам чырак” дегендей окуусун толук бүтүп алышса кийин ошол балдар ыраазычылыгын гана билдиришээри анык.

Тийешелүү билим деңгээлинин жоктугу, жаштардын бир бөлүгүнө социалдык жана экономикалык жактан терс таасирин тийгизет. Биринчи иретте бул жарандардын тобу жумушка орношууда, өзүн-өзү аныктоодо кесиптик мүмкүнчүлүгү чектелет, бул эмгек рыногунда зарыл билими квалификациялык деңгээли бар адистердин тартыштыгына алып келет. Мындан тышкары бул жашы жетиле элек өспүрүмдөрдүн укук бузууларынын санынын өсүшүнө жана социалдык зыяндуу адаттарды жайылтуу үчүн шарттарды түзүү менен бош жүргөн жаштардын тобунун түзүлүшүнө алып келет.

Мектеп программасын же, баштапкы/орто кесиптик билимин улантпай калган 9-класстын 15-16 жаштагы бүттүрүүчүлөрү жумушка орношуу мүмкүндүгүнө ээ эмес, себеби эмгек  мыйзамында чектөөлөр болгондуктан жашы жете электерди жумушка алуу ишканаларга пайдасыз.

Өспүрүм курак - бул ар бир адамдын өсүүсүндөгү өткөөл мезгил. Эгерде өспүрүм окуу, иш, спорт жана башка пайдалуу иштер менен алек болбосо, ошондой эле чоңдор тарабынан көзөмөлсүз калган болсо, өспүрүм кылмыш чөйрөсүндөгү  көчө жашоосу менен таанышып, кылмыштуу чөйрө менен байланыша баштайт. Ал жакта өспүрүмдөрдү кылмышка түртө турган өзүнчө өзгөчө психология башкарат.

Көпчүлүк убактарда 9-класстан кийин мектепти таштаган өспүрүмдөр иш менен алек болбогондуктан, кылмыштуу топторго биригип жана кылмыштуу дүйнө менен кадимки жаш-өспүрүм чөйрөсүн байланыштырган түйүн болуп,  абактык түшүнүктөр сыяктуу өспүрүмдөрдүн кылмыштуу жаштар маданиятынын алдындагы абактык романтиктердин стилдешкен  субмаданиятын түзүүгө активдешет. Бекерчиликке жана опузалоого (мектеп рекети), уурулукка күчтүн кубатын популизациялоого ыңгайлаштырат.

Акыркы учурда, ошондой эле психикалык жактан калыптана элек өспүрүмдөрдү террористтик актыларды жасоого катышуусу үчүн азгырып, даярдап жана ага жашы жете элек өспүрүмдөрдү террористтик уюмдардын катарына тартуу тобокелчилиги өсүүдө. Көпчүлүк белгилүү террористтик топтордун келечекте жаш террористтерди даярдоо үчүн өздөрүнүн аскердик-машыгуучу лагерлери болуп, ал жерде дээрлик дүйнөнүн ар тарабынан келген жаш өспүрүмдөрдү үйрөтүшөт. Интернет мейкиндигинде жайгаштырылган көптөгөн видео материалдар жана сүрөттөр буга күбө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2010-2016-жыл үчүн берген маалыматына караганда, жыл сайын орточо болжол менен жашы жете элек өспүрүмдөр жасаган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталган.

Бүгүнкү күндөгү коомдук институттардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүндө негизги эң артыкчылыктуу багыттарынын бири балдардын билими, өспүрүмдөрдүн укук бузууларына жана кылмыш иштерин жасоосуна алдын алуу, өспүрүмдөрдүн террористтик жана экстремистик  иштерге тартылуусуна жол бербөө.

Биздин өлкөбүздүн келечегинин перспективдүү болушу, өсүп келе жаткан келечек муундун ар тараптуу өсүүсү үчүн, кылмыштуу чөйрөнүн таасиринен калкалоого көңүл буруу зарыл экени талашсыз. Ошол себептүү  аларга биз кандай тарбия берсек, эмнени үйрөтсөк, бул жеке эле алардын келечеги эмес, бул мамлекеттин дагы келечеги.

Жогорудагыдай максаттарда биз негизги жалпы билим алган (5-9-класстар) баштапкы/орто кесиптик жана орто жалпы билим алуунун программасы боюнча андан ары окууну уланткысы келбегендер үчүн (10-11-класстар) жактарга милдеттүү акысыз билим берүүнү киргизүү жөнүндө  мыйзам долбоорун иштеп чыктык.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга, ошондой эле кээ бир КМШ мамлекеттеринин билим берүү мыйзамдарын талдоо түрткү берди, алар төмөнкүлөрдү көрсөттү:

Россия ФедерациясынынКонституциясынаылайыкнегизгижалпыбилиммилдеттүү. Бирок, «Россия ФедерациясынынБилимберүүжөнүндө» Россия Федерациясынын Федералдык Мыйзамына ылайык баштапкы жалпы билим, негизги жалпы билим, орто жалпы билим милдеттүү билим деңгээлдери болуп саналат;

Казахстан Республикасында Конституцияга ылайык, мамлекеттик окуу мекемелеринде жарандарга акысыз орто билим кепилденет. Орто билим милдеттүү;

Өзбекстан Республикасында «Билимберүүжөнүндө» ӨзбекстанРеспубликасынын Мыйзамына ылайык билим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясий бирден бир негизги принциптердин бири жалпы билим, ошондой эле атайын орто кесиптик билим милдеттүү болуп саналат.

2018-жылдын 25-январындагы Өзбекстан Республикасынын Президентинин “Жалпы орто,  атайын орто жана профессионалдуу билимдин системасын түбүнөн жакшыртуу чаралары жөнүндө” жарлыгына ылайык, 2018-2019-окуу жылдан баштап  милдеттүү жалпы орто жана жалпы атайын билим киргизилип жатат.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу элдин жалпы билим деңгээлин  көтөрүүнүн  реалдуу механизмин түзүү мүмкүндүгүн  берип, коомду демократиялаштыруунун жана гумандаштыруунун маанилүү фактору болуп саналат, социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жактан өнүктүрүү жаңы атамекендик экономиканы түзүү билиминин негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын атаандаштыгын камсыз кылат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83