www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КАЙРЫЛУУ: Эл башчыларына, журт жакшыларына кат, же үмүттүн шооласы өчпөйт

Гүлжан Шерипбаева 15-май 2018, 16:14

Саясат


КАЙРЫЛУУ: Эл башчыларына, журт жакшыларына кат, же үмүттүн шооласы өчпөйт

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Мухаммедкалый Дүйшөкеевич жана Дастанбек Артистбекович!

Де-юре (мыйзам боюнча) Президент жана расмий бийликтин өкүлдөрү сот ишине катышууга укугу жок болсо да, де-факто (иш жүзүндө) биздин соттор өз алдынчалуулукка ээ эмес. Алар жогортон келген буйрукту кынтыксыз аткарууга көнүп калышканын жалпы журт билет.

Жашырганда эмне: буга чейинки соттук практика күбөлөгөндөй, жогор жактан, орусча айтканда, "до конца!" деген буйрук келсе, биздин соттор иштин оң-тетирисине карабай эле, сленгдин тили менен айтканда, "до конца" тээп, адамдын тагдырын көз көрүнөө талкалап салган учурлар далай жолу болуп келгенине баарыбыз күбөбүз.

2018-жылдын 16-май күнү саат 14.00дө Бишкек шаардык сотунда "Манас" эпосун ЮНЕСКОго каттатып, Бээжинди алганга тете эмгек кылган Карганбек Самаков агайдын ишине байланышкан сот отуруму болот. Сиздерден соттук адилеттүүлүккө кепилдикти күтөбүз.

"Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" дейт кыргыз эли. Буга чейин

1. Айкөл Манасты ашата сөктүргөндөр менен сөккөндөргө көз жуумп койгон бийлик,
2. Кытайга элди карыз кылган бийлик эми ойгонуп,

дүйнө эли, айрыкча, кытайлар кызыккан "Манас" үчилтигин кыргыз элинин атынан ЮНЕСКОго каттатып, элибиз үчүн ат көтөргүс эмгек кылган адамдын тагдырын "до конца!" деген буйрук аркылуу талкалап, тарыхка "кыргыз эли менен Манас баатырдын душманына айланган бийлик" катары кирбейт деп үмүт артам.

Үмүттүн шооласы үзүлбөйт. Кыргыз деп, Манас деп күйгөн Карганбек Самаков агайдын артында калың эли турат. Баарыбызды Манас атабыз коргоп, Кыдыр атабыз колдосун! Жакшылык болсун!

Гүлзат Аалиева

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83