www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Исаков Түлеевдин иши боюнча:“Бул иштин башында Атамбаев турат. Бул “биринчинин” жеке көзөмөлүндө!”

Гүлжан Шерипбаева 15-май 2018, 17:51

Саясат


Сапар Исаков Түлеевдин иши боюнча:“Бул иштин башында Атамбаев турат. Бул “биринчинин” жеке көзөмөлүндө!”

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев түрмөгө түшкөндөн тартып, бийлик менен сүйлөшүү үчүн ортомчулукка аралашкан “Түлеевди коргоо комитетинин” төрагасы Урмат Акунов Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири Сапар Исаков аркылуу маселени чечүүгө аракет кылган. 

Ал Сапар Исаков менен бала кезден бери дос экенин айтып, бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн, ал эми мурдагы өкмөт башчысы “бул иш Атамбаевдин жеке көзөмөлүндө” деп айтканын билдирген: “Бул иштин башында Атамбаев турат. Бул “биринчинин” (Атамбаевдин) жеке көзөмөлүндө.

Эгерде Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаев менен тил табышып, экөө өз ара келишпестиктерин чечип алса, анда эч кандай мүлктөрдү тартып алуу болмок эмес - деген”. Түлеевди коргоо комитетинин жетекчиси Сапар Исаковдон: “Атамбаевдин кээ бир буйруктарын аткарбай койгонго болобу?”- деп сурагынын айтты.

“Мен Сапар Исаковдон “биринчи” берген кээ бир команданы аткарбай коё аласыңбы” деп сурадым. Ал “жок, эгер мен бул ишти аткарбасам менин ордум да чечилет, менин башым да кетет. Бул маселе боюнча менден эч кандай жардам сураба. Мен жардам бере албайм” деп, ошол жерде акыркы сөзүн айтты”,- деди Акунов. Апрель революциясынын баатыры Эмил Кыштобаев бул маселеге президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да аралашканын белгиледи. “Нариман Түлеевдин жакындары бизге кат менен кайрылгандан кийин мен Жогорку Соттун чечими менен тааныштым. Соттун чечиминде “мүлк” деген сөз таптакыр жок экен. Биз ошол маалдагы Мүлк комиссиясынын төрагасы Болсунбек Казаковго бардык. Анткени конфискация дегенден кийин кайсы мүлктөрдү алыш керек деген суроого жооп издедик. Казаков “бул нерсени мен чечипейм, алтынчы кабат чечет” деди. Казаковго кирип чыккандын эртеси күнү эле Фарид Ниязов чалып калды. “Эртең мага келип кет. Сен эмнеге Нариман Түлеевдин ишине кийлигишип жатасың, сен эмне бакиевчил болуп кеттиң беле?” деп суроо салды. Мен Фарид Ниязов менен жолукканда айттым. “Бул жерде Бакиевдин кандай тийешеси бар? Мен акыйкат издеп жатам” десем, “бул иш “биринчинин” жеке көзөмөлүндө. Сен дагы ушинтип жүрө турган болсоң анда сен революционер эмес, бакиевчил болсуң”, деп мени аябай басынткысы келди”, – деди Кыштобаев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83