www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исхак Масалиевге Баткенден КАЙРЫЛУУ

Гүлжан Шерипбаева 16-май 2018, 11:35

Саясат Коом


Исхак Масалиевге Баткенден КАЙРЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаты

И.А.Масалиевге

Урматтуу Исхак Абсаматович!

Биз, Үч-Коргон айыл аймагынын жашоочулары Сизге кайрылуубуздун себеби, аталган айыл аймактын айыл  өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановдун көп жылдардан бери жасап келаткан мыйзамсыз иштерине макул болбой, акыркы жылдар ичинде бир топ арыз менен мамлекетибиздин жогорку кызмат жана укук коргоо органдарына кайрылганбыз.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин биздин арыздарда көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактылары тастыкталып, прокуратура органдары тарабынан А.Абдурахмановго карата бир нече кылмыш иши козголсода, тергөө органдары тарабынан айыпталуучу А.Абдурахманов ээлеген кызматтынан убактылуу четтетилбей, ал дагы эле жер сатып, мыйзамсыз тендерлерди өткөрүп мамлекеттин, элдин мүлкүн өзүнө мыйзамсыз ыйгарып, өзүнүн жакындары аркылуу тергөөгө жана тектшерүүгө тосколдук кылып келүүдө.

Тактап айтсак,  06.05.2015 жылы КР УКМКнын Кадамжай райондук бөлүмү тарабынан Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановго карата, ал тараптан «Достук» айылдык маданият клубунун имаратын ремонт иштерин жүргүзүүдө, жасалма актыларга кол койуп, 1 941 330 сом өлчөмүндө мамлеккетик каражатты өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексынын 304-бер. 1-б.,171–бер.4-б, 2-п. менен кылмыш иши козголгон.

Тилекке каршы, А.Абдурахмановдун ошол кездеги калкалаган үлкөн чиновниктер алардын башында «крышасы» Икрамжан Илимяновдин жана мурунку президент Атамбаевдин башка жакындарынын жардамы менен кылмыш иши негизсиз үч жылдан көп мөөнөткө токотулуп койулган.

Ал эми, 19.03.2018-жылы Атамбаевдин бийлиги алмашкан соң, аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары кайрадан жандандырылган, бирок А.Абдурахманов тергөө маалында кызмат ордунан четтетилген эмес, натыйжада укук коргоо органдары тарабынан А.Абдурахманов үчүн мыйзамсыз кыймыл аракетерин улаантууга шарт түзүлүп берилгендигинин кесепетинен, А.Абдурахманов тарабынан жаңыдан башка кызматтык кылмыш жасалып, ага карата Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан 12.04.2018 жылы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексынын 305-2-бер. 1-б. жана 306 –бер. 1-б. менен кылмыш иши козголгон.

Бирок, экинчи жолудагы тергөө тарабынан А.Абдурахманов кызмат ордунан четтетилбей калгандыктан, ал кайрадан кылмыш жолуна түшүп мамлекеттик жерлерди мыйзамсыз саткандагы аныкталган жана областык прокуратурасы тарабынан 04.05.2018 жылы А.Абдурахмановго карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексынын 304-бер. 2-б., 305-бер. 1-б., 305-2-бер. 1-б., 315-бер. 2-б., жана 179-бер. 1-б. менен үчүнчү жолу кылмыш иши козголгон.

10.05.2018-жылы А.Абдурахманов кылмыш жоопкерлигинен кутулуу жана өз кызмат ордун сактап калуу ниетинде Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин, жана айылдын башка жашочууларды, таза суу маселесин карайбыз деп алдап элди чогултуп, ал жыйналышта негизги маселе кылып прокуратура тарабынан МЫЙЗАМСЫЗ текшерүүлөр улам жүрүп жатканын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бирда доомат жана фактылар тастыкталбагнын жыйналган элге айткан. Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн козголгон кылмыш иштери жөнүндө бир да сөз айткан эмес. Ошентип, А.Абдурахманов элдин көзүнчө прокуратура МЫЙЗАМСЫЗ мени кыйнап жатат деген маанидеги сөздөрдү айтып, текшерүүгө жана тергөөгө тоскол көрсөтүү максатында чогулган элди ар биринен таза кагазга келгендердин тизмеси деп, элди алдап кол топтоп, жыйналыш бүткөнчө элдин атынын Президент жана башка органдардын дарегине кат жиберген.

А.Абдурахманов коррупцияга малынып, бир нече оор кылмыштарды жасап, айыл аймактын өнүгүүсүнө эч кандай салым кошпосо дагы, ал өзүнүн «крышасы» Икрамжан Илимяновдун жардамы менен 2015-жылы республиканын эн жакшы айыл өкмөтүнүн башчысы деген наамга ээ болгонун жана 2017-жылы Атамбаевдин колдосу менен, анын колунан «Данк» медалын алгандыгын элдин баары жакшы билет.

Жогорудагылардын негизинде жана Апсамат атабиздин кичүү мекени болгон Кадамжай районунун тургундарынын укугун коргоо үчүн Жогорку Кеңештин трибунасынан, прокуратуранын жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановго карата үч кылмыш иши козголуп, ал тараптан ар кандай жолдор менен тергөөгө тоскол көрсөтүп жатса  дагы, бүгүнкү күнгө чейин кызмат ордунан четтетилип, ага карата камакка алуу бөгөт чарасын колдонбой жаткандыгы боюнча элге түшүндүрүп берүүнү  талап кылышыңызды суранабыз. 

Р.Маманова, Баткен облусу

Байланыш:0777 779 583


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83