www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаров Ольга Лаврованы "жарга" такады

Кызгалдак Жакыпова 16-май 2018, 11:51

Саясат


Акылбек Жапаров Ольга Лаврованы "жарга" такады

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө Каржы министрлигинин жетекчилерине ушундай собол салып, Бишкек Жылуулук-электр борборун реконструкциялоо үчүн алынган насыя боюнча канча каражат төлөнөрүнө кызыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова келишимге ылайык Бишкек ЖЭБине алынган 386 млн доллар насыя үчүн Кыргызстан 20 жыл аралыгында 393 млн доллар көлүмүндө карыз төлөй турганын билдирди.

«Азырынча негизги карызды төлөй турган мөөнөт жете элек, ал 2013-2024-жылдарга туура келет. Азыр үстөк пайыздар менен комиссиялык жыйымдар гана төлөнүүдө. Канча каражат төлөнгөнүн каржы министри так билет болуш керек», - деди ал.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, ушу тапта насыя боюнча 19 млн 117 миӊ доллар төлөндү, анын ичинде 16 млн 707 миӊ доллар – үстөк пайыздар, 1,7 млн доллар – комиссиялык жыйымдар, 694,8 миӊ доллар –бир жолку жыйымдар.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83