www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Орто-Сай базары "бомба бар болушу мүмкүн" деп курчоого алынды

Майрамбек Каримов 16-май 2018, 14:39

Коом


Бишкектин Орто-Сай базары "бомба бар болушу мүмкүн" деп курчоого алынды

Атайын кызматтын маалымат бөлүмү "Азаттыкка" кабарлагандай, бүгүн саат 12:30 чамасында белгисиз бирөө келип, Орто-Сай базарынын сатуучуларына базардын аймагында бомба катылганын айткан. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- Бомба тууралуу маалымат түшөрү менен УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери базарга барып, анын аймагын курчоого алышкан. Учурда ыкчам издөө иштери жүрүп жатат, - деген УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов учурда базардан бардык кишилер чыгарылганын кошумчалады.

Кийинки убакта Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу үрөйдү учуруп, жалган маалымат тараткан кылмыш фактылары көп катталууда.

Жыл башынан бери эле буга окшогон беш кылмыш иши козголгон. Алардын эң көбү апрель айына туура келет. Бирок террордук акт тууралуу жалган маалымат тараткандардын бири да кармала элек. Талдоочулар муну коомчулукка бүлүк салуу, коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүгө аракет кылган күчтөрдүн коркутуу актысы катары сыпатташууда. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83