www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КТРди ким акмалап калды?

Майрамбек Каримов 16-май 2018, 15:07

Саясат


КТРди ким акмалап калды?

Укмуштай командасы бар КТРдин акырына сугун арткан азаматтар арбып баратканы деле жөн жерден эмес. Бөлмөлөрүн айнектеп койсо деле ишин көмүскө жерде кылгысы келчүлөр эбин табат дечи? Антсе да азырынча Илим Карыпбековдун кызматтан кетүү мөөнөтү келе элек. Ордунда былкылдабай отурушу кээ бир мыкчыгерлердин итатайын карматып жатат. Деги генерал болгусу келбеген ефрейтордун келечеги жок да?

Каңтаргычтардын башатында тургандардын бири-элчи кызматында жүргөн Кылычбек Султанов экендигин жакындан билгендер бар. Бирок, алар үлкөн кызматка тигини ылайык көрбөй турганын деле билдик. Жамыратып жазгандарына болсо Иликеңөзүнө жараша катыра жообун берди. Оңой жигит эмес го Карыпбеков деген гендеректир? Кандай гана бийлик болбосун тилин эмизгенди куп үйрөнгөн эпчил жигитти көрүнгөндөр эле оодарып жибериши өтө оор. Эми аныгын айтканда бул жердин кожоюну болууга табити ачылгандар жок десек, кашыктагы сууга чөгүп кетерибиз турган иш. Билегин түрүнгөндөрдүн үмүтү качан акталарын азырынча айталбайбыз. Капыстан эле шамал болуп”түптүү бак” омкорулуп кетпесе…

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83