www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канайымдар да кабатыр болушат

Майрамбек Каримов 16-май 2018, 15:56

Саясат


Канайымдар да кабатыр болушат

Эл башкарган кишинин зайыбы эстүү болсо көздөгөн белестерди ашуусуна, жаман кептен, суук көздөн алыс болууга  шарт түзүлөт. Кыргызстандын тунгуч президентинин көрөр көзү Майрамдын акылы кыска экен, акыры ойкуштап жүрүп, эринин түбүнө жетти. Жеткенде да биротоло жергесине келгис кылып таштады. Эгерде канайымдык барк-бааны калыстык менен кармап, айланасына шылуундарды, тойбосторду чогултпаганда Акайыч салабаттуу басып жашай бермек. Эмнеси болсо да падышанын зоболосунун төмөндөшүнө  Дүйшөндүн кызынын кесепети тийди. Чынында Акаев анчалык байлыкты жакшы көрбөгөн, илимди казкан окумуштуу эле.  Зулумдугу деле жок болчу, бирок айланасындагы кошоматчылар  Майрамдын башын тегеретишип, кызматты бизнеске айландыртып жиберишкен. Мурда “ат минип “ көрбөгөн шордуу төөгө мингенде көзү жайнай түшкөн да?  Эмнеси болсо да бул “тарых”кийинки канайымдарга сабак болушу кажет.

Бийлигин мөөнөтүндөөткөрүп берген Алмазбек Атамбаевдин Раисасы анчалык  ээнбаштыкка барбады. Ток пейил тартып, медицина тармагына салымын кошту. Анан калса бул үй-бүлөө кембагалдык жашоодон эбак кол жуугандыгы менен айрымаланат. Эгерде жетпеген турмушта болгондо башкача жик салынмак. Ким билет, эми эле бирдемкелерин чукуп чыккычтар табыла калбаса анчейин жаман кеп илешпеди.  Ошентсе да экс-ажонун үй-бүлөсүндө көйгөй жаралганы ырас.  Чээнде саатын күтүп жаткан мурдагы ажонун душмандары аарыдай ызылдап чыгышты. Далай өтүгүн майрыйта басып, муштумун түйгөндөрдү тиешелүү жазасын бергени өзүнө эми айгак болду. Көрсө турмуштун оомал-төкмөлүгү ушундай болуп камтылат экен.

Демек, азыркы ажонун жубайы Айгүл айым менен Раиса кездешип ар кандай күдүк жараткан ойлорду ортого салып, кеңешип коюшса ашыкча болбойт эле. Кандай болгон күндө деле өмүрлүк жубайларынын таасирдүү кеби талаада калбаарын билебиз да. Негизинде ар кандай “кырдаалдан” аман чыгуунун эптүү жолдорун табууга эмне үчүн канайымдар киришпеши керек? Эринин башына оорчулук түшкөн кезде пайдалуу кеңешин,сунушун берүүгө аялы акылуу эмеспи? Элдин келечегине доо кетирбөөгө алдын-ала көрүлгөн чаралардын зыяны тийбестир деген ой жаралганы жөн жерден эмес...

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83