www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Зарылбек Рысалиев өлкөдөгү эӊ коркунучтуу адамды айтты

Гүлжан Шерипбаева 16-май 2018, 17:42

Саясат


Депутат Зарылбек Рысалиев өлкөдөгү эӊ коркунучтуу адамды айтты

Бул тууралуу депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 

«Кыргызстандын жаӊы тарыхында эӊ коркунучтуу адам ким? Мен муну он күн бою ойлондум. Алтургай, алардын болжолдуу тизмесин да түзүп көрдүм. Биринчи орунда Жантөрө Сатыбалдиев турат экен. Эмне үчүн? Мына, ал киши Кыргызстан эгемендик алгандан бери үч мамлекеттик комиссияны жетектептир. Андан кийин да бир катар жооптуу кызматтарда иштеди. Ал барган жердин баарында чыр-чатак чыгат, кылмыш иштери козголот. Эгерде бизде мыйзам иштей турган болсо, эбак эле соттолуп кетмек. Бүгүн ал маӊдайыбызда отуруп алып, бизге акыл үйрөтүп отурат», - деди депутат.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев депутаттын мындай пикирине макул болбой, мунусу куру жалаа экенин, ал иштеген жерлерде эч кандай кылмыш иштери козголбогонун айтып, эгер депутатта мыйзам бузуу фактылары болсо, укук коргоо органдарына кайрылуусун өтүндү.

Депутат Зарылбек Рысалиев андай фактылар бар экенин, баардык материалдарды укук коргоо органдарына тапшыра турганын белгилеп, укук коргоо органдарын ага көӊүл бурууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Аскар Омуралиев, 16-май 2018, 21:26
Жантөрөнүн чөнтөгүнө солонгон акчалар: 1) Акаев экөө жымырган Бишкек - Ош жолунун дирекциясы аркалуу 30 млн АКШ доллары жөнүндө айтылып келет. (жардамчылары экс министр Сулайманов Н. жана азыркы министр Жамшит ж.б.лар), 2), 1910 жылдардан баштап пайда болгон Ош коогалаңынан жабыркагандарга курулган үйлөрдөн да сол чөнтөгүнө солонгон акчалар кеп болуп келет, 3) Премңер кезиндеги азыр чуулдап жатакан ТЭЦ тин 386 млн. долларынан да кантип эле куру калды экен.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83