www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Гүлжан Шерипбаева 16-май 2018, 19:36

Саясат


Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти толугу менен:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мусулман туугандар!

Сиздерди Жараткандын куту төгүлгөн, руханий тазалануунун, тынчтыктын жана кечиримдүүлүктүн айы болгон ыйык Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айында береке жаап, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ынтымак бекемделет. Момун мусулмандар жаман сөздөн алыс болуп, муктаждарга садага берип, тууганчылык, достук мамиле артып, соопчулук  иштер арбын жасалат. Жан дүйнөбүз арууланып, таза ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулабыз.

Бул айда Жаратканыбыздын ыраазычылыгына ээ болуу  – баарыбызга насип этсин. Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай нур төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Элибиздин пейили кенен, ынтымагы бекем болсун! Эгемендүү Кыргыз мамлекетибиз өнүгүп өссүн!

Орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын!”

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83