www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: КР Эл акыны Анатай Өмүрканов Карганбек Самаков тууралуу Сооронбай Жээнбековго кайрылды

Гүлжан Шерипбаева 16-май 2018, 22:09

Саясат


ВИДЕО: КР Эл акыны Анатай Өмүрканов Карганбек Самаков тууралуу Сооронбай Жээнбековго кайрылды

Карганбек Самаковдун соттук ишинен акыйкаттык талап кылып белгилүү публицист, «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» Анатай Өмүрканов өз оюн төмөндөгүчө билдирди:  

--Мен Карганбек Самаковдун сотуна катышып жүрөм. Чындыгында "эр жакшысы түрмөдө, ат жакшысы термеде" дегендей окуя болуп жатат. Манасты Кытайга бергенде ким кыйкыра алды эле..? Эч ким кыйкырган эмес! Карганбек Туу кармап, тулпар минип туйлатып ЮНЕСКОго чейин барып кайрып келди го. Боз үй, төкмөчүлүк, акындык баарын ушул киши жасады. Биз мындай кишилердин эмгегин баалашыбыз керек. Калайык калк, эл журт деген калыс болот, калыс сөздөрүнүздөрдү айтышыңыздар керек. Ак ийилет бирок сынбайт дейт, бирок сынбаса дагы Карганбектин ден-соолугу начарлап баратат, биз ага кайрат беришибиз керек. Эски кишилердин айтканы бар "Ак жеринен карматып, Ак жеринен айдатып, Бул адилсиз заман адаты" дейт, мына ошондой замандын зардабы менен ушу күнгө туш болуп отурат. Урматтуу Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке кайрылгым келет, сиз жакшы үй-бүлөдөн, жакшы уядан учкан адамсыз. Өзүнүздүн ак ниетиңиз менен, ак ишиңиз менен ушул даражага жеттиңиз. Мен сизден Карганбек Самаковдун ишин дыккаттык менен карап, адилдик менен чечип берет", - деп ойлоймун, деди Анатай Өмүрканов.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83