www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абсамат Масалиевдин арбагына асылган Мурадыл Мадеминовго коомчулук нааразы

Гүлжан Шерипбаева 16-май 2018, 22:38

Саясат


Абсамат Масалиевдин арбагына асылган Мурадыл Мадеминовго коомчулук нааразы

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин амири менен депутат болгон Мурадыл Мадеминов деген депутат бар. Акыркы кездери АШАнын адвокатына айланган Мадеминов кожоюну үчүн бүтүндөй кыргыз элинин жаркын уулу, маркум Абсамат Масалиевдин арбагына асылганга чейин барды.

Ал парламенттин 16-майдагы жыйынында Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиевдин “Атамбаевдин кол тийбестигин алыш керек” деген демилгесин сынга алып, анын атасынын арбагына чейин шек келтирди.

Мадеминовдун логикасына таянсак, Масалиевдер 1985-1990-жылдары Мамлекеттик резиденцияда жашап элге чыккынчылык кылган экен. Ошол учурда А.Масалиевдин Кыргызстанды башкарып турганын баары билет. Андыктан, Мадеминовдун бул тыянагы жеткен бузукулук, чагымчылдык, тарыхый инсандарды сыйлаганды билбеген тайкылык.

Кызыгы, Мадеминов да Абсамат Масалиев да Кадамжай районунун кулундары. Ал эми бул эргул коргоп жаткан АША экөөсү биригип, Масалиевдин тырмагына да арзыбай турганын чындык үчүн айтып коелу. Мадеминов айткандай, Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасабай эле, кылымга тете афераларды ишке ашырып, өз чөнтөгүн гана ойлоп келгени күн өткөн сайын далилденүүдө.

Атамбаев ким? Атамбаев контрабандист, коррупцинер, журт бузар, трайбалист, канкор. 6 жыл бою кымбат баалуу товарларды чет өлкөдөн контрабандалык жол менен ташып, аны калкалап, Дача-СУда 40тай адамдын өлүмүнө себепкер болгон канкор. Кытайдан келген карыздын тең жарымын сугунуп, Кыргызстанды сызга отургузган ууру. Атамбаев баштаган долбоорлордун тең жарымы ызы-чуу менен токтоп калган болсо, мамлекеттин эсебинен алган карыздарды четинен уурдаган.

Социалдык тармактарда Мадеминовдун бул жоругу катуу сынга кабылап, аны Атамбаев менен кошуп туруп камап салууну сунуш кылгандар чыгууда. Ал эми Абсамат Масалиевди пир туткан коомчулук, кадамжайлыктар мындай бузукуну элге кошпой коюудан кайра тартпайбыз деп турат. АШАнын элдин ырыскысын уурдаган акчасына көпкөн Мадеминовго коомчулук жакында баасын берет. Ал эми Илмиянов менен жасаган “арам иштерин” тез арада укук коргоо органдары илктеп, Мадеминовду жоопко тартуу керек. Мындай бузукулардын барынан жогу артык эмеспи...

Малымат Самаган Алибаевдин Фейсбук баракчасынан алынды...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83