www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сонунбу Кадырова, ырчы, журналист: “Сапар  системанын курмандыгы болду”

Перизат Кутманалиева 17-май 2018, 09:51

Саясат


Сонунбу Кадырова, ырчы, журналист: “Сапар  системанын курмандыгы болду”

Сонунбу Кадырова, ырчы, журналист: “Сапар  системанын курмандыгы болду

Мына ушул көрүнүштөрдөн кийин жаштар арыдан бери болуп, мансапка бети менен түшпөй акыл токтотуп, ар жак, бер жагын карап иш кылышы керек. Анткени, саясат деген саясат. Ал башынан сылап жөн эле эркелетип май көл, сүт көл жашоого алып келип отургузуп койот деген иллюзиядан алыс болуу керек. Жаштардын акылы болсо билимин бышыктап, биздин өлкөнү чырмооктой чырмап турган системаны өзгөртүп, мекенине кулдай иштөөгө багыт алып келүүсү керек.

Система өзгөрмөйүн ушинтип улам бирин-бири жыгам деп, ит жыгылыш болуп, кайра бири-биринен өч алуу максатында куугунтук кылуу токтобойт. Сапар дагы системанын курмандыгы болду. Исаковду өз атасындай ишенген жанындагы саясатчылар эле пайдаланып койду десем да болот. Баарын жинди кылып чычканды ары - бери тоголотуп ойногон мышыктай жылмайып отургандар бар.

Булак: "Майдан.кж"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83