www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азизбек Турсунбаев, ЖК депутаты: “ЖЭБ боюнча жемкорлор камалсын”

Гүлжан Шерипбаева 17-май 2018, 10:17

Саясат


Азизбек Турсунбаев, ЖК депутаты: “ЖЭБ боюнча жемкорлор камалсын”

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуу улантулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышып жатат.

Талкууда ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев, “Бир дагы депутат ЖЭБ боюнча канаттандыраарлык жооп алган жокпуз. Комиссияга рахмат, мен комиссиянын колдоймун. Бул жерде эч ким күнөөсүн моюнга албай сүттөй ак болуп  жатат. Буларды бул жерге чакырып кереги бар беле. Алынган карыздарды эми кайтарабыз. Бир кесиптешим айтып жатат, “элдерден чогултабыз” деп, эч кандай карызды эл төлөбөшү керек. Өздөрү төлөсүн. Эми укук коргоо органдары президент коррупцияга каршы күрөшүүнү баштады. Тергөө органдары сиздер ишенимди колдоп бериңиздер. Жемкорлордун мүлкүн, өздөрүн убактылуу арестке коюп, эгер алар күнөөлүү болбосо кайра кайтарып берүү керек. Ошондуктан уурубу түрмөгө олтурсун! Мен өтө суранам, эгерде мурадагыдай кылып тааныш-билиштик кылсаңар, анда эл кечирбейт. Күнөөлүүлөр камалсын, жегендерин кустуруу зарыл”, - деди депутат.

Эске сала кетсек, 26-январда ЖЭБ аварияга учурап, жыйынтыгында 7 адам камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83