www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: Дастанбек Жумабеков, Рыскелди Момбековду “бир муштады”

Гүлжан Шерипбаева 17-май 2018, 14:07

Саясат


ВИДЕО: Дастанбек Жумабеков, Рыскелди Момбековду “бир муштады”

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуу улантулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышып жатат.

Талкуунун жүрүшүндө ЖК депутаты Рыскелди Момбеков тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовго борбордук трибунадан сөз берилишине нааразылыгын билдирип, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков менен айтыша кетишти.

Рыскелди Момбеков:

--Урматтуу төрага, биз ушуларды эксперт катары колдонуп жатабыз. Ыйык ант берген трибунадан чыгып сөз сүйлөдү. Булар кимдер эксперттерби? Булар иштен кеткен. Өткөндө Кожобек Рысбаевдин суранычы менен Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен адам ушул жерде эксперт болуп сүйлөп жатат.

Анда комиссиянын эмне кереги булар, эксперт боло турган болсо, комиссиянын кортундусун талкуулаш керек да. Бул болбойт да, булардын баары кызматтан алынган. Мына жигит Нурлан Өмүркул уулу ушул жерге чыгып алып эксперт болуп атат. Анан сотко берип атыптыр “мени кызматтан мыйзамсыз алды, мен азыр компенсация аламын”, деп. Эй, 1 млн бишкектиктердин баарын үшүтүп коюп, “бүгүн мени кызматтан алды”, деп сотко берип атат ТЭЦдин директору. Бул да айтып чыгат, “мен туура кылган экенмин, Тышкы саясатты жетектеген Сапар Жумакадырович, Эрлан Абдылдаев экөө мени ушул сөзүм үчүн кызамттан алды”, деп.  Ээ, бул чектөө эмес – кектөө болуп атпайбы! Минеге сөз бересиз буларга, булар эмне экспертпи! Булардын мнениесин укканбыз! Мурун жумуштан кеткендердин баарын ортого чыгарып сөз берген, бул туура эмес болуп калат. Рахмат!, –деген депутаттын сөзүнө жооп катары ЖК төрагасы Дастан Жумабеков төмөнкүдөй жооп берди:

-Рыскелди Чыныбекович, Сиз деле туурасын сүйлөңүз анда. Бул жерде комиссия иштеп чыкты. Булар эмнеге чакырылды анда! Бул жыйынга чакырылгандан кийин суроо туулгандан кийин жооп бериши керек. Сизден эмнеңиз кетип атат бул жерге чыгып сүйлөгөнгө! Ыйык эмес, бул жерде Кыргызстандын тагдыры чечилип жатат. Кыргызстандын 386 млн кредити чечилип жатат. Ошол боюнча суроо болуп жатат бул жерде. Ырдаганы же жыргаганы чыккан жок бул жерге. Сиз дагы эмоцияга алдырбаңыз Рыскелди Чыныбекович! Алдырбаңыз эмоцияга! Бул жерде акыйкат чечилет! Сиз бурбаңыз антип, эч жакка! Сабырдуу болуңуз! Депуттар менен башында сүйлөшүлгөн мааниде тезисти алып барып атам. Көрөбүз кандай чечилеээрин, аны убакыт көрсөтөт.Тарых көрсөтөт! –деди төрага.

Ары жактан ЖК депутаттары төраганын депутатка айткан сөзун колдоду.

Ошентип, Дастанбек Жумабеков, Рыскелди Момбековду сөз менен “бир муштады”.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83