www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Исаковдун ТЭЦ аферасына катыштыгын аныктаган 7 далил

Гүлжан Шерипбаева 17-май 2018, 14:55

Саясат


Сапар Исаковдун ТЭЦ аферасына катыштыгын аныктаган 7 далил

1. 2009-жылдын 15-октябрында ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун Кытайга официалдуу иш сапары болгон. Ал жерде «Кыргызстандын улуттук энергетикалык түйүнү” ЖЧКсы жана ТВЕА компаниясы менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган. (Иш сапарды Сапар Исаков даярдаган)

2. 2010-жылдын 12-январында Максим Бакиевдин иш сапары болгон. Аны ЦАРИИнин коммуникация кызматынын башчысы Сапар Исаков даярдаган. “ЛЭП 500 кВ Датка-Кемин курулушу” долбоору боюнча “Тибиан Электрик Компани” (ТВЕА) менен келишимге кол коюлган.

3. 2010-жылдагы революциядан кийин ТВЕА Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп 2013-жылы Сапар Исаков келген. Ал ошол учурдан тартып 2017-жылга чейин Кытайдын жана ТВЕАнын өкүлдөрү менен 18 жолу жолугушкан. Акыркы 8 жыл ичинде 2009-2017-жылдары Кыргызстандын атынан ТВЕАнын өкүлдөрү менен жолугушкан жападан жалгыз чиновник бул-Сапар Исаков.

4. 2013-жылдын июнь айында Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевге ТВЕА боюнча кат жазган. Ошол каттан кийин президент Атамбаев Өкмөткө аталган чуулгандуу долбоорду ишке ашырууну тапшырат.

5. Депутат Кожобек Рыспаев Сапар Исаков чакырып алып, ТВЕА маселесин көтөрбөшүн жана Атамбаевдин жини келип жатканын айтканы тууралуу билдирди.

6. Сапар Исаков ошол кездеги тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун бул келишимге кол койбоо тууралуу кеңешине көңүл бурган эмес.

7. Сапар Исаков эң чуулгандуу ЛЭП “Датка-Кемин”, “Лиглас Трейдинг”, “Хуавэй”, “Мегаком”, “Кумтөр”, “Чайна Роад”, “ТЭЦ Бишкек” сыяктуу долбоорлорго катышып келди.

Жакшылык Бердибек уулу

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83