www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чынара Капарова Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды

Гүлжан Шерипбаева 18-май 2018, 11:49

Саясат


Чынара Капарова Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды

Журналист, белгилүү диктор Чынар Капарова КТРКда болуп жаткан акыркы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына “Супер инфо” гезити аркылуу кайрылды.  Анда ал кесиптеши Чынара Токонова жетекчинин кысымына кабылып, инсульт алгандан кийин унчукпай кое албастыгын айтып, агынан жарылган.

Капарованын айтымында, ал дагы жаңы гана орун басарлыкка дайындалган Жылдыз Жумабекованын кысымына кабылып, анын куугунтугунун негизинде, Илим Карыпбековдун буйругу менен иштен кеткен. Чындыгын далилдей алган диктор кайра кызматка кайтып келгени менен өз арызы менен жумуштан кетүүгө аргасыз болгонун айткан. Мындай кадамга Жылдыз Жумабекованын “сени  менен бары бир иштеше албайм” деген сөзү жана Ч. Токонованын оорусу себепчи болгон. Капарова КТРКда болуп жаткан окуяларды тыкыр карап, териштирип берүү өтүнүчү менен эл өкүлдөрүнө кайрылган.

Эске салсак, белгилүү журналист Ч. Токонова Жумабекованын кысымынан кийин өз арызы менен иштен кетип, инсульт дартына кабылганын жана бул ишти КТРК жетекчилиги териштириши керектигин анын апасы талап кылып ММК аркылуу кайрылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83