www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков орозо кармады

Гүлжан Шерипбаева 18-май 2018, 20:16

Саясат


Президент Сооронбай Жээнбеков орозо кармады

Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Энелер күнү майрамынын алдында уюштурулган салтанаттуу аземинде Кыргызстандын баардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди “Баатыр Эне” ордени менен сыйлады.

Аземдин жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков энелерге, “Пайгамбарыбыз “Бейиш эненин таманында”, “Дүйнөдө бир чоң карыз бар, ал эненин сүтү” деп нуска айткан. “Эне алдындагы карызды кантип төлөйбүз?” деп сураганда, Пайгамбарыбыз айткан экен: Адам бол, адам бол, адам бол!” деп. Сиздер адамды бул дүйнөгө жаратып, тарбиялап, мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатасыздар. Ар бир ата-эненин тилегени - балдарым ыймандуу, кайрымдуу болсо экен, эли-журтуна, Мекенге кызмат кылса экен деп тилек кылат. Ушундай балдарды өстүрүп жатасыздар”, - деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Улуу Рамазан айында Пайгамбардын сөзүн эске салган президент Сооронбай Жээнбеков, “Орозо кармады” бекен ой кетти. Маалыматты тактоо үчүн Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн сураганда, президент Сооронбай Жээнбековдун Орозо кармагандыгын тастыктады.

Эмне дейбиз, президентибиздин кармаган Орозосу кабыл болуп, ыйык айда тилеген максаттары орундалсын!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83