www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нариман Түлеев, Алмазбек Атамбаевдин тагдырын айтып “өксүдү”

Гүлжан Шерипбаева 19-май 2018, 12:17

Саясат


Нариман Түлеев, Алмазбек Атамбаевдин тагдырын айтып “өксүдү”

Акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларды байкап олтуруп жагымсыз сезимдерден каякка качаарымды билбей турам. Акаев бийликте турган учурда Бакиев ремьерликти таштап, оппозицияга өткөндө адамгерчиликтен улам аны колдогом. Бул кылганым үчүн күч органдары мени кысымга алып катуу куугунтукташкан. Кысым күчтүү болгон. Кысымды көрсөткөндөрдүн бири Болот Жанузаков эле. Кийинчерээк революция болду. Дүкөндөрдүн биринен мен аны жолуктуруп калдым. Ошол учурда ал өзүн ыңгайсыз сезгени байкалып турду. Бирок, мен басып барып учурашып колун кыстым. Биз аябай жакшы сүйлөштүк. Ал, революциядан кийин жакшы учурашып сүйлөшкөн жалгыз мен болгонумду айтты. Мен аны кысымы үчүн жаман көргөн эмесмин. Кийинчерээк экөөбүз жакшы тааныштардан болуп калдык. "Аны менен неге сүйлөшөсүң?" - деп менден көп сурашчу. А мен ар бир адам башынан жамандыкты да, жакшылыкты да өткөрүш керектигин айтчумун. Башкаларга өчөшпөш керек, өч алууну максат кылбаш керектигин Бакиевке да айткам.  

Өткөндү эстеп ал үчүн эч кимди куугунтуктабаш керек. Бирок, ал дагы ката кетирди. Кечээги болгон окуя Атамбаев жүргүзгөн саясаттын жыйынтыгын көрсөттү. Башка саясатчыларды 2010-жылдан кийин ал куугунтуктай баштады. Ушунун баары мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп бир идеяга чогулган биримдүү адамдарды эмес, тескерисинче, өз кызыкчылыгын бийик койгон, жеке Атамбаевке берилгендерден команда топтогондугунун жыйынтыгы болуп калды.

Мамлекеттин тагдырын чече турган саясий элитабыздын моралдык сапаттары эң төмөн экени мени капалантат. Мен Атамбаевди мыкты президент деп айта албайм. Мен жазган постторумда ага көптөгөн суроолор менен кайрылгам. Атамбаев убагындагы долбоорлор боюнча азыр чоң жаңжалдар чыгып атат. Анын кечээги тарапташтары экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн добуштарын беришти. Жалпы алганда кол тийбестик экс-президентке кереги жок, мен муну колдойм. Түштүк Кореянын дээрлик бардык президенттери жоопкерчиликке тартылып соттолгон. Ошентсе да Түштүкк Корея эң өнүккөн өлкө катары эсептелет. Бүгүнкү күндө бардык аткаруучуларды, мыйзамсыз өкүмдөрдү чыгарган сотторду жазалаш керек. Ошол эле Сапар Исаковду жана башка бийликте туруп өлкөнү каалагандай калчагандар да өз жазасын алыш керек. Анткени, алардын бирөөсү да коркконунан эмес, кызмат кылып ага акы алып турушкан. Мисалы айтайын, мэрияда биз жеңилдиктерди талкуулаганда айрым вице-мэрлер же кээ бир кызматтардын башчылары өз пикирин айтууга батына алышчу эмес. Ошондо мен социалдык коргоонун райондук башкармалыктарындагы адистерди чакырып оюн сурачумун. Ал балдардын көпчүлүгү "жок" деп айткандан коркпой өзүнүн көз карашын негиздер менен далилдей алышчу. Мен ар дайым, керек болсо азыр да элдин ой-пикирине кулак төшөп келем. Анткени алар мага "жок, бул туура чечим эмес"-деп айтып тартыша алаарын билишет. Мен да аларды уга билем. Саясий иштерди караган ар бир судья "жок" деп кесе сүйлөй алат. Ошондо ал бир гана жумушунан кол жуумак. Бакиевтин бийлигинен айырмаланып Атамбаевти каршылаштарына күч колдонду деп күнөөлөгөнгө болбойт.  

Өкмөт башчылары, министрлер жана башка аткаруу бийлигиндегилер "жок" деп айта алышмак. Бирок, анте алышпады. Муну менен алар Атамбаевтин эрке талтандаган өз билемдик бийлигинин күчүн ого бетер күчөтүштү. Бул алардын да, Атамбаевтин да күнөөсү. Каза болгон бир тууган агасын акыркы сапарга узатуу үчүн келем деген Акаевди канчалык коркутушканы эсиңердеби? Коопсуздукту камсыз кылуу колдо эле болчу. Салянова өзү баш болуп Акаев Кыргызстанга келсе кармайбыз деп коркуткан. Ал эми Садыр Жапаровду колундагы кишени менен болсо да атасынын сөөгүн көмгөнгө жөнөтүп, топурак салганга уруксат берип коюшса болмок. Албетте, башынан эле ыңгайсыз суроолорду берип, каяша сүйлөп, бийликке оппозиция болгон депутаттар бар дечи. Аларга менде суроо-талап жок. Алгач, элдин эмоциясы Атамбаевдин кыймыл аракетине байланыштуу болгону менен кийин ойлонуп жатат. Айрым досторум мага жакшы жаңылыктарды сүйүнчүлөштү эле, мен "азырынча кубанаарлык эч нерсе жок"-дедим.

Атамбаевдин иш-аракеттеринен биз көп нерсени баштан кечирдик. Анын бийлиги күчүндө турганда пайда болгон система азыр кайра Атамбаевке каршы иштеп жатат. Аны чын жүрөгүмдөн аядым. Атамбаевди мурун курчап тургандар бүгүн аны бүкүлү сатып таштап кеткени мага анчейин жакпай турат. "Биз таза иштедик"- деп чырылдап азыр Атамбаевдин жанында жалгыз Сапар Исаков калды. Ушунчалык таптаза иштешкен экен азыр өлкөдө чоң жаңжалдар биринин артынан бири чыгып атат. Жакында Сапарды Кумтөр, ТЭЦ жана башка иштери үчүн камап койсо, Атамбаев коколой башы жалгыз калат. Мен саясатчыларды куугунтуктоону токтотууга чакырам. Ар бирибиз элдин жана абийирибиздин алдында таза болуп, кеткен президентке таш ыргытпашыбыз керек демекчимин. Мыйзам деген эртеби-кечпи иштеши керек. Болуп жаткан көрүнүштөргө тиешелүү адамдар өзүнүн укуктук баасын берет.

Андыктан, эл алдында калп эле түзүксүнгөндүн кереги жок. Бул менин пикирим жана азыркы менен келечектеги саясатчыларга берген кеңешим. Ар бирибиз сын айтып, каршы чыгып же макул боло алабыз. Бирок, бир учурда айткан ойду тез алмаштырбашыбыз керек.

Сиздерди терең урматтоом менен Нариман Түлеев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83