www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ШОК: Сапар Исаковду премьер-министрликтен ким кетирген?

Гүлжан Шерипбаева 19-май 2018, 14:35

Саясат


ШОК: Сапар Исаковду премьер-министрликтен ким кетирген?

Экс-президент  А. Атамбаев тактысын тапшырып атып “Мен өзүм менен кошо бир нече эски саясатчыларды ала кетем. Мен кайра кайтып келем, бирок алар келишпейт...”,- деп айтпады беле. Бирок анын бул келечек планы өзү жаңы президент С. Жээнбеков жана башка бийлик башындагыларга “аталык” болуп, көмүскөдө башкаруу экендигин ошол замат эле баарыбыз баамдап койгонбуз.

Ал эми келечекте ошол учурда премьер-министрлик кызматты аркалаган “баласы” С. Исаковду таптап, келечекте аны президент кылуу эмес беле. Алар бул планын ишке ашыруу үчүн “Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык планы”, “Кырк кадам” деген план, долбоорлорду ойлоп таап, жалаң гана кагаз жүзүндө пиар-компания менен алектенип калышкан болчу. Ошентип өздөрү түбөлүк бийликте болуп, жеп-ичип, каршы чыккан кыргыздын мекенчил жигиттерин камап, коркутуп, репрессия кылышмак. Албетте, алардын мындай партиялык-кландык долбоору ишке ашса, Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетмек. Балким, алардын чыныгы максаты да ошондой болгондур...

Тилекке каршы жаңы президент С.Жээнбеков “эски көчтү” улантпай, өз жолуна түшүп, элге кошулгандыгы жана С.Исаковдун өзү тургай, коомчулук да күтпөгөн жагдайда Парламент тарабынан отчету “канааттандырарлыксыз” деп табылып, 15 минутада отставкага кетирилиши А. Атамбаев жана анын “балдарынын” үмүтүн таш каптырды. Деген менен чоң саясатта мамлекет башчы же өкмөт башчылардын бийликке келишине кошуна, өнөктөш мамлекеттердин да таасири болот. Айталы, Өзбекстандын азыркы президенти Ш. Мирзиёевдин деле кокусунан бийликке келишине анын батышчыл эмес, орусиячыл болгондугунан улам жана айтылуу орусиялык миллиардер А.Усманов менен тууганчылык жайы болгондуктан, В.Путин колдоп, башка Борбор Азия президенттери бата бергендиги чоң түрткү болгондугун учурунда маалымат каражаттары жазышкан.

Бир чети кыргыз Парламентинин депутаттары С.Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирүү менен өздөрүнүн аброюу кургуйга кулаган аброюн бир аз сактап калып, жер караган бети эл карап калды. Ошол эле учурда бул экс-президент А.Атамбаевге урулган чоң сокку болду. Согуштук термин менен айткандай, ал “капитуляция” болуп, коррупциялык былык-чылыктары ашкереленип атат. Бишкек ЖЭБиндеги дайынсыз жоголгон 386 млн. доллар айсбергдин башы эле. Алдыда “Датка-Кемин” электр чубалгысын, альтернативалуу түндүк-түштүк жолун куруудагы жана башка ири долбоорлорго алынып, дайыны жок миллиондогон доллар кредиттер бар...

Канткен менен жогор жактан буйрук болбосо, эшектин тушоосун да чече албаган ЖК депутаттары, ал тургай КСДПнын көпчүлүк мүчөлөрүнүн  заматта эле өздөрүнүн “патронуна” каршы чыгышы мүмкүн эмес эле. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, А. Атамбаев жана С. Исаковду саясат менен кызматтан кетирип, саясаттан биротоло четтетүүгө кыргыз элинен тышкары кошуна мамлекеттердин бийлиги да кызыкдар болушкан. Айтсак, ошол эле Россиянын президенти да, премьер-министри да С. Исаковду жактырышкан эмес. Ал эми Казакстандын президенти Н. Назарбаев бир эле С. Исаков эмес, А. Атамбаевди да “кара тизмеге” киргизген. Себеби А. Атамбаев бийлигинин акыркы жылдары Н. Назарбаевге ач кенедей жабышып, Америкага барып, БУУнун бийик трибунасындагы сөзүнүн жарымын Нуракенин дарегине тескери сөздөрдү айтууга арнабады беле. Андан кийин деле өз өлкөсүндө маданият кызматкерлерине сыйлык береби, студенттер менен жолугушабы, кыскасы, баскан-турганда эле казак бийлигин сындап туруп албадыбы. Чындыгында “бети пилдикиндей калың” казак журт башчысы деңгээли төмөн АШАга теңелип, жооп кайтарган жок. Эгер “А” деген сөзгө “Б” деп жооп кайтарса, анда дүйнөлүк аброюу бар саясатчынын кадыр-баркы кетип калмак эмес беле. Анткен менен ага өчөшүп же президентибизди элибизге жек көргөзүү үчүн күрдөөлдүү күздө чек арасын 40 күн жаап коюп, сүт, эт азыктарыбызды албай, экономикалык жактан бир топ эле алсыратты. Ошол эле учурда Н. Назарбаев “Мени 27 жылда ушул гана каттуу сындырды...”,- деп каттуу кейиген дешет.

Мындан тышкары боордош Түркия да Гүлен кыймылына жакын жана алардын биздеги бизнесине “жашыл жарык” жандырып берген С. Исаковду кабыл алышкан жок. Минтип айтууга аны премьер-министр болгондо куттуктап койбогондугу жана бир да расмий же жумушчу сапар менен чакырбагандыгы, Кыргызстанга келбегендиги далил болот. Ал тургай бир нече түрк гезиттери С. Исаковдун Гүленчи экендиги тууралуу 1-бетине сүрөтүн коюп макалаларды жазышкан.

Анткен менен С. Жээнбековдун алгачкы КМШ аймагынан тышкары чет элдик сапары Түркияга жасалды. Болгондо да кыргыз президентин Анкара өтө жогорку деңгээлде кабыл алды. Аэропорттон тартып, президент Р. Эрдогандын Аксарайына чейин атчандардын коштоосунда жеткирилишин андан мурдараак барган Россиянын президенти В. Путиндин деңгээлине теңешти. Бул эң оболу түрк боордоштордун атамекени катары эсептеген Кыргызстанга, кыргыз элине карата сый урматы болуш керек. Сыягы, президенттер жекеме-жеке жолугушканда кыргыз кмт башчысынын да маселесин талкуулаган болуш керек.

Ким билет, дал келүүчүлүкпү же Анкара да “бовойт” деген такилип койгонбу, айтор С. Жээнбеков Түркиядан келгенден көп өтпөй эле өкмөттүн отчету Парламент тарабынан “канааттандырарлыксыз” деп табылып, “жакшы бала” көпчүлүк добуш менен ээрден шыпырылбадыбы.

Амантур Белеков, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83