www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: Милициянын кабинетинде бычак сайып өлтүрүп, “Н+Б” деп көкүрөгүнө жазган...

Гүлжан Шерипбаева 29-май 2018, 10:50

Саясат


ВИДЕО: Милициянын кабинетинде бычак сайып өлтүрүп, “Н+Б” деп көкүрөгүнө жазган...

Кечээ, Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды, деген маалымат тараган. NazarNews сайты жеринен таанышып, окуянын чоо-жайын билдик.

Турдаалы кызы Бурулайдын атасы, “ала качып кеткен жигит, кызымдын көкүрөгүнө бычак менен “Н+Б” деп жазып коюптур. Укук коргоо органдары эмне кылып жүрүшөт карабай”, деп зар какшады.

Турдаалы кызы Бурулай 1998-жылы туулган. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылып, жеринен каза тапкан. Баш сөөгү ажырап турганы сүрөттө даана байкалып турат. “Кызды бычактаган адам өзүнө бычак шилтеп, оор жаракат менен аймактагы ооруканага жеткирилген”, деген маалыматты кыздын ата-энеси азырынча билбейбиз дешти. Укук коргоо органдарын күнөөлөп, мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылды. Ошол жерден 4 опертоптун балдары качып кеткенин кошумчалады.

Каза болгон кызды, таластык жигит  Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качкан. Бул тууралуу маалымат алган Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алар бара жаткан унааны Бишкек–Ош унаа жолунда токтоткон. Милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүү үчүн аларды жакынкы милиция бөлүмүнө алып барышкан.

NazarNews сайтына жеткен маалыматтарга таянсак, милиция кызматкерлери бир кабинетке экөөн калтырып койгон. Жигит кызды кабинеттин эшигин жаап туруп бычактап, андан кийин таластык жигит өзүнө кол салган.    

Ал эми Чүй ОИИБ: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.", деген маалыматты тараткан.

Төмөндө кыздын атасынын окуя боюнча толук маеги.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Рабиха Алыбаева, 29-май 2018, 11:13
Адамдар эмне болуп баратат.Жаш кыздын кырчын өмүрү кыйылганы өтө өкүнүчтүү.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83