www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дары – дармектер менен камсыздандыруу департаментинин 2017-2018 жылдары аткарылган иштери, жетишкендиктери боюнча отчету (толугу менен)

Гүлжан Шерипбаева 31-май 2018, 14:47

Саясат


Дары – дармектер менен камсыздандыруу департаментинин 2017-2018 жылдары аткарылган иштери, жетишкендиктери боюнча отчету (толугу менен)

1. 2017-жылы Департаменттин жумушу, укуктук базаны жаныртууга жана бекемдѳѳгѳ багытталды. Тилекке каршы, бул тармактын дары дармектер жѳнүндѳ мыйзамы 2003-жылы кабыл алынып, замандын талабына жооп бербей калган. Андыктан тиешелүү аракеттер кѳрүлүп, натыйжада 2017-жылы уч мыйзам кабыл алынды (дары-дармектерди айландыруу жана медициналык жабдууларды айландыруу жѳнүндѳ мыйзамы). Дары-дармектер менен медициналык жабдуулар боюнча жаны укуктук база даярдалды. Азыркы тапта ошол мыйзамдардын негезинде 10 мыйзамдык-укуктук актылар даярдалып, ѳкмѳт мүчѳлѳрүнүн кароосуна киргизилген. Ал актылардын арасында Департаментин жобосу жѳнүндѳ да жаңы жобонун долбоору бар. Тилеке каршы, Департаментти жобосу 1997-жылы кабыл алынып, ѳзгѳрүүлѳр киргенине карабай, бүгүнкү күндө замандын талабына жооп бербейт. Андыктан бул жаатта да, жаны мыйзамдардын негизинде, көз карандысыз эксперттердин күчү, жана дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңештерин эске алуу менен, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп жатат. Дагы бир башкы жетишкендик бул 2017-жылдын 23-ноябрь айында кабыл алынган Өкмөттүн №769 токтому. Токтомго ылайык Департаменттин регистрация жана экспертиза боюнча айрым функциялары, атайын мамлекеттик тейлѳѳ кызматы боюнча Реестрге киргизилди, жана мамлекеттик кызмат болуп таанылды. Бул Департаменттин укуктук жайга кайрылып келиши десе болот. Себеп дегенде Департаменттин кызматтары кѳп жылдар бою, айтылган реестрге киргизилбей, тейлѳѳ кызматы кѳрсѳтүлүп келген. Натыйжада акча каражаты Департаменттин ѳзүндѳ калып, мамлекеттик бюжеттин эсеп-чотунда кѳрсѳтүлбѳй, жол-жобосуз колдонулуп келген. Азыркы күндѳ, ѳздүк банктагы эсептер жабылып, мамлекеттик казынадан эсептер ачылган. Демек департаменттин баардык акча каражаттары бюджетте кѳрсѳтүлүп, Каржы министрлиги баардык каражаттарды эсепке алуу шарттары түзүлдү.

2. Ошол эле учурда, Департамент ачыктыкты камсыздоого жана коррупциянын алдын алуу аракеттерин кѳрүп жатат. Кѳптѳгѳн жылдар бою чечилбеген маселелер топтолуп, анын ичинен, коррупциянын өнүгүшү ѳзгѳчѳ орун алган экен. Дары-дармектерди каттоодо, Департаменттин адистери тарабынан акча ѳндүрүү аракеттери кѳнүмүш адатка айланып калган. Азыркы күндѳ Департаменттин дээрлик 50 % адистери алмашылды. Тиешелүү адистердин үстүнөн укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иштери козголду. Андыктан ушу сыяктуу кѳрүнүштѳрдү жокко чыгаруу үчүн, Департаментте дары-дармектерди, жана медициналык жабдууларды каттоодо атайын онлайн система киргизилди. «Бирдиктүү терезе» бѳлүмү ачылып, жалпы бириккен маалымат системасын башкарган компьютерлер менен жабдылды. Маалымат система аркылуу мамлекетке дары киргизүү жана сертификациялоо, каттоо тартибин интернет аркылуу ишке ашыруу менен адамдык факторду аралаштырбай, коррупциялык элементтерге бөгөт койдук десек болот. Дарыларды каттоо, киргизүү, сертификациялоо боюнча билдирүүлѳр автоматтыштырылган программага киргизилип, туздѳн-түз Департаменттин бѳлүмдѳрүнѳ түшѳт. Билдирүүнүн жылышын ѳзүнүн систамасында кѳрѳ алышат.

Бул жаңылык үч тараптуу эффект берет.

1. Билдирүү бергендерге ынгайлуу шарт түзүлүп, интернет аркылуу алыстан эле каттоо жумуштарын жүргүзсѳ болот.

2. Система, билдирүү бергендер менен Департаменттин ортосунда карым-катнашты жокко чыгарып, коррупциянын азайышына алып келет.

3. Департаменттин иш-чаралары ачыктыка жана тазалыка чыгат. Дагы бир маанилүү багыттардын бири, бул Кыргыз Республикасынын Евразия биримдигинин алкагындагы интеграциялоо жумуштары. Биримдиктин алкагында бир жалпы дары-дармектер базары калыптанып жатат. Департаменттин адистеринин катышуусунда, ЕЭК совети тарабанан 26 дары дармектер боюнча укуктук актылар кабыл алынды. Медициналык жабдуулар боюнча 12 чечим кабыл алынды. Ошолордун негизинде, Департамент ѳзүнүн сертификациялоо жана, лаборатория органдарын ЕАЭС талаптарына адаптациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

4. Белгилеп кетчү нерсе, бул Департаменттин борбордук контролдоо жана аналитика боюнча лабораториясына акча каражаты бѳлүнбѳй келген. Керектүү жабдуулар жаңыланбай эски жабдуулар баланстан чыгарылган эмес. Натыйжада, лаборатория маселеси кѳп жылдар бою чечилбей келген. Азыркы күндѳ 2018-жылдын бюджетинде лабораториянын материалдык-техникалык базасын жаңыртууга акча бѳлүнүп жатат. Эскирген жабдуулар шарттуу түрдѳ баланстан чыгарып, келечекте лабораторияны жаңыртып, ЕАЭСтин талаптарына жооп бере тургандай болот.

5. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагындагы баардык мекемелерде, интернет аркылуу медициналык жабдууларды эсепке алуу системасы киргизилди. Бул медициналык жабдуулардын эффективдүү колдонулушуна жана иштелбеген жабдууларды керектүү жака колдонууга жол ачат. Айтылган система, медициналык жабдууларды ташуучу фирмаларды камтыган атайын базага интеграцияланган. Системанын жардамы менен кереги жок жабдуулардын киришине бѳгөт коюлат. Маалыматтар онлайн режиминде жүрүп турат. Кагаз түрүндѳгү баардык отчеттор электрондук болот. Бул система тѳмѳнкү иштерге жол ачат: - жаңы жабдууларды буйрутма аркылуу алганга; - бузулган медициналык жабдуулар боюнча маалымат, медициналык жабдууларды оңдоп түздѳѳ иштерин жүргүзгѳн фирмаларга кѳрүнүп турат. Департаментин адистери өлкөнүн баардык бурчтарына барып, презентация жасап, облус жана райондордогу саламаттыкты сактоо мекемелеринде тааныштыруу иштерин жүргүзүштү. Система менен иштөөнү жергиликтүү адистерге үйрѳтүп келди.

Жалпы 346 мекемеге жеткирилип 838 адис окутулду. Жыйынтыгында, мамлекеттеги ар бир мекеме боюнча электрондук түрдѳ медициналык техника менен камсыздануусу кѳрүнүп турат. Ар бир жараан медициналык техника менен камсыз болуусун http:pharm.kg сайтынан кѳрѳ алат.

6. Департаменттин дагы бир жетишкендиктеринин бири, бул дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын улуттук маалымат базасынын калыптануусу. Улуттук базанын башкы максаты бул дары-дармектердин мамлекет ичиндеги айлануу процессин ачыктыгын камсыз кылуу. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин, дары-дармектер боюнча бюджеттерин кѳзѳмѳлгѳ алуу, дары-дармектерди сатуу процесстерин тартипке салуу, мыйзамсыз мамлекетке киргизүүгѳ бѳгѳт коюу, жана жасалма дарыларды сатууга жол бербѳѳ. Улуттук маалымат базасы керектүү убакта баардык сатылып алынган дары-дармектердин санын, складтардагы товарлардын калдыктарын, дары-дармектердин баасы боюнча маалыматты камсыз кылат жана контробандага бөгөт койот.

7. Каржы маселеси боюнча, белгилеп кетчү нерсе, бул жалпыга малым болгон бухгалтерлердик атайын 1С программасы Департаментке киргизилбегени. 2017-жылдын июнь айынан тарта айтылган бухгалтерлик программа киргизилди. Жалпысынан бухгалтерия МСФО программасы менен иштегенге ѳткѳрүлдү. Андан тышкары сатып алуу системасы «мамлекеттик сатып алуулар боюнча» мыйзамынын негизинде уюштурулду. Баардык керектелүүчүлѳр тендер аркылуу алынып, атайын адистер окутулуп, аларга сатып алуу бѳлүмүнүн жумуштары жүктѳлдү. Мындан мурун каржылоо бѳлүмүндѳ 6 адам иштеп келсе (алардын экѳѳсү орто билимдүү), азыркы кезде ошол эле жумушту, үч жогорку билимдүү адамдар аткарып келишет.

8. Дагы бир жагдай, буга чейин айлык акысы 139 кишиге саналып келген (штат боюнча 105 киши), азыркы күндѳ тиешелүү 105 кишиге айлык акысы тѳлѳнүп келет. Департаментте адистер штаттын санынан одоно ашып алына берген. Кѳп жумушчулар менен келишимдер негизсиз мѳѳнѳттүү түрдѳ түзүлгѳн. Штаттан тышкары жумушчулар менен келишимдер убак сааты менен узартылбагандыктан, эмгек Кодексинин негизинде, келишимдер мѳѳнѳтсүз болуп кеткен. Декретте жүргѳн жумушчулардын ордуна, башка жумушчулар мѳѳнѳтсүз кабыл алына берген. Эмгек китепчелеринде жазуулар кемчиликтер менен жүргүзүлгѳн. Ошондуктан кадр саясаты башаламан болуп келген. Маселелерди чечиш үчүн штаттан тышкары жумушчу деген түшүнүк жоюлду. Баардык штаттык жумушчулар менен кайрадан мѳѳнѳтсүз келишимдер түзүлдү. Департаментте жаңы оптимизациялашкан структура бекитилип, эмгек ресурстары керектүү жагына жумшалды. Бѳлүмдѳрдүн жоболору кайрадан бекитилип, ар бир адиске жумуш инструкциялары, квалификациялык талаптар иштелип чыкты. Андар тышкары ваканттык орундарга, конкурс аркылуу дайындоо жобосу киргизилди. Жогорудагы аракеттердин аркасынан департаменттин кадрдык саясаты жогорулады.

9. Андан тышкары, Департамент дары дармектер боюнча чет элдик жана жергиликтүү кызматташуу жаатында кѳп ийгиликтерге жетише алды. 2017-жылы чет элдик кызматташууну ѳнүктүрүү үчүн Украина, Турция, Иран, мамлекеттери менен кызматташуу Протоколдору түзүлдү. Бул аракеттер айтылгам мамлекеттердин тажрыйбасын байкоого жана дары-дармектер жаатындагы жетишкендитерди, биздин мамлекетте да ѳнүктүрүүгө, колдонууга ѳбѳлгѳ түзѳт. Ачык, айкын саясат жүргүзүү максатында Фармацевтер союзу менен кызматташуу меморандуму түзүлдү. Бул уюм ѳзүнѳ кѳптѳгѳн даары базарынын ѳкүлдѳрүн камтыйт.

10. Дагы бир жаңылык бул, жаңыдан кошулган, мыйзамдуу түрдѳгү бангизаттардын айланышын кѳзѳмѳлдѳѳ органын, Департаментге адаптациялаштыруу жумуштары. Бул жумуштар да, ѳкмѳт тарабынан бир нече токтомдордун кабыл алынышын талап кылды. Жалпысынан департаменттин баардык аракеттери, ачыктыкты жана тазалыкты камсыздандырууга жумушалып жатты.

Мүдүр Г. А. Шакирова

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83