www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентке КАЙРЫЛУУ: "Эмне себептен Карганбек Самаков акталышы керек?"

Гүлжан Шерипбаева 31-май 2018, 18:22

Саясат


Президентке КАЙРЫЛУУ: "Эмне себептен Карганбек Самаков акталышы керек?"

Эмне себептен Карганбек Самаков акталышы керек?
(Же соттолуучунун актыгынын айныгыс фактылары)
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Урматтуу Айнаш Абдымановна!
Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!
Акыркы жылдарда коомчулуктун көӊүлүн өзүнө бурган соттук иштердин бири бул – Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдуку. Ал Бишкек шаарынын айланасындагы 262 гектар жерди элден сатып алып, мыйзамсыз трансформация жасаган, делип козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталып, Октябрь райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш иши 2015-жылдын 14-майында козголгон эле. Сот процессине Акыйкатчы институтунун кызматкерлери дайыма мониторинг жасап, катышып турду (Акыркы 2 жылда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери  кайрылган жарандардын өтүнүчтөрүнүн негизинде 2955 ирет сот отурумдарына мониторинг жасады).
3 жылга созулган соттук териштирүүлөр, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана тергөөнүн материалдары айкындагандай, ошондой эле, сотко катышууларыбыздын негизинде жасалган анализден улам Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши негизсиз болгону, анын күнөөсүнүн жоктугу далилденди. Бул бир нече четке каккыс фактылар менен бекемделди.
Биринчиден, келтирилген зыян дагы, жапа тарткан тарап дагы жок. Эч ким, анын ичинде мамлекеттик органдар дагы, К.Самаковдун же анын айланасындагы адамдардын кыймыл-аракет, ишинен жабыр тарткан эмес, же ал тууралу укук коргоо органдарына эч ким кайрылган эмес.
Экинчиден, жерди трансформациялоонун өзүн кылмыш деп кароого мүмкүн эмес эле. Себеби, Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгарган токтомунун негизинде айыл чарба багытындагы жерден калктуу конуштар категориясына өткөрүлгөн. Баса белгилеп айтып коё турган нерсе – 2001-жылдын 19-июнунан тартып 2015-жылдын 19-сентябрына чейин 15 премьер-министрдин жана 2 премьер-министрдин милдетин аткаруучунун колдору коюлган Өкмөттүн 180 токтомдору ар кандай убакта чыккан. Жалпысынан 14 жыл ичинде 46 миӊ 706 гектар жер аянты бир категориядан экинчи категорияга өткөрүлгөн. Бирок, тергөө бир гана К.Самаковго байланыштуу токтомдун негизиндеги жерге кайрылып, кылмыштын курамы жок болсо дагы аны кылмыш катары караган.
Үчүнчүдөн, тергөөнүн кемчиликтери же анын жүрүшүндөгү «ала тактар»,ошондой эле, далилдердин солгундугу жана алардын фальсификациясы. Юрист эмес адамдарга да белгилүү алтын эреже бар – бул шектелип, айыпталып, соттолуп жаткан адамдын күнөөсүн мойнуна коюп, кылмыш жасаганын тастыктоодо далилдин, анын ичинде, далил заттардын ролу өтө жогору. К.Самаковдун ишиндеги айыптоо тараптан коюлган далил жана далилдөө өтө солгун болуп, күмөн жаратат, атургай, айрым учурда күлкү келтирет (мисалы, Ж.Бакиев менен чогуу түшкөн сүрөтү жана ошол маалда бир дипломатка салынган акчаны пара катары берди, деген айыптоо).
Төртүнчүдөн, соттук териштирүү маалында күбөлөрдүн эч кимиси К.Самаковдун кылмыш жасаганын айтып, анын кыймыл-аракетине күмөн санап, мыйзамсыздыгына шек келтирген жок. Ошол эле учурда, айыптоо жана тергөө тарабынан күбөлөрдүн айрымдары коркутулганы, алар айтпаган сөздөрдүн, көрсөтмөлөрдүн материалга тиркелгени сот маалында күбөлөрдү сураганда белгилүү болду.
Бешинчиден, К.Самаков менен бирге соттолгондордун айрымдарына кылмыш иши козголбой туруп, алар күбө катары суралып жүрүп эле камакка алынып, кесилип кетип отурат. Ошондой эле, көзү өтүп кеткен адамдарга дагы кылмыш иши козголуп отурат, мисалы, Президенттик администрациянын мурдагы башчысы, маркум Медет Садыркулов баштаган 4 адам кылмыш ишинде, айыптоодо тирүү адамдардай роль ойногон.
Алтынчыдан, соттун акыйкатсыз, бир тараптуу жүрүшүнүн натыйжасындагы анын мыйзамсыз чечими.
Ушул айтылгандарды эми чечмелей келгенде, биринчиден, К.Самаковдун же аны менен бирге кошо соттолуп отургандардын ишинен зыян тарткан тарап жок. Тергөөнүн корутундусунда дагы мамлекетке келтирилген зыян тууралу бир ооз да сөз жок. Жер үлүштөрүн саткан адамдардын эч кимиси дагы нааразычылыгын билдирген эмес, себеби, жер үлүштөрүн алар жакшы баага соодалашкан.
Тергөө жана мамлекеттик айыптоо К.Самаковдун ишинде «(а) жер боюнча документтерде макулдашылган башкы план же технико-экономикалык негиздемелер болгон эмес, (б) трансформация боюнча токтомдун долбооруна республикалык комиссиянын эки мүчөсү – Т.Тулеев менен Ж.Мамбеталиева өздөрүнүн сунуштарын айткан, (в) тарнсформация болгондон кийин айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары төлөнгөн эмес, (г) тамак-аш коопсуздугуна коркунуч келтирилген» деген сыяктуу формалдуу түрдөгү айыптоолорду коюшкан. Бирок, тергөөнүн жана соттун жүрүшү бул айтылгандарды бекемдей алган эмес.
Баарыга белгилүү, Жеӊиш Сеитов башында турган биринчи тергөө тобу Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын ошондогу жетекчиси Кылычбек Арпачиев тарабынан түзүлгөн. Тергөө башынан эле К.Самаковдон акча өндүрүүнү каалагандыктан, ал айыптоочу нукта башталган. Жыйынтыгы белгилүү – К.Арпачиев 200 миӊ доллар менен кармалып, камакта. Ал эми Ж.Сеитов өз каалоосу менен жумуштан кетип, тергөө тобу болсо бул иштен четтетилген.
Экинчи тергөө тобу Мирбек Расуловдун жетекчилигинин астында түзүлгөн. Бул тергөө тобу баштаганда эле К.Самаковго каршы провокация уюштурууну көздөп, К.Арпачиевди абактан чыгарып алууну көздөгөн. Мунун өзү эле тергөөнүн объективдүүлүгүнө күмөн жаратат.
Эми тергөө айткан башкы план, тамак-аш коопсуздугу, комиссиянын 2 мүчөсүнүн сунуштары боюнча. 2008-жылдын 11-октябрында кабыл алынган өкмөттүн № 574 токтомунда жогоруда айтылып өткөндөй 14 жыл ичинде өкмөт тарабынан кабыл алынган жер трансформациясы боюнча 180 токтомдон эч нерсеси менен деле айырмаланган эмес. Мисалы, 2007-жылдын 24-февралындагы № 68 токтомун кабыл алуу учурунда мамлекеттик курулуш боюнча комитеттин андагы төрагасы И.Кадырбековдун бул мекеме башкы планды бекитүүдөн баш тартат, деген мазмундагы каты бар. Ошого карабай ошол учурдагы премьер-министр А.Исабековдун жетекчилигиндеги өкмөт жалпы добуш менен коллегиалдуу орган катары ал токтомду кабыл алган. Экинчи мисал – 2008-жылдын 13-октябрындагы №576 өкмөттүн токтомуна өкмөт аппаратынын укукту камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнүн башчысы М.Иминовдун макулдашылган башкы план жок, деген каты тиркелген, ошого карабай токтом кабыл алынган. Үчүнчү бир мисал – өкмөттүн 2009-жылдын 18-майындагы № 297 токтомуна республикалык комиссиянын 3 мүчөсү  - Т.Тулеев, Ж.Мамбеталиева, А.Давлетькелдиевдин кошумча сунуштары болгон, ошого карабай бул токтом да кабыл алынган.
Ошентип, жыйынтыктай айтканда – өкмөттүн жер трансформациясы боюнча кабыл алынган көптөгөн токтомдорунда башкы план, комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуш-эскертүүлөрү токтом кабыл алуу ишиндеги адаттагы эле процедуралык көрүнүш болгон. Ошондуктан, К.Самаковдун ишине байланыштуу токтом деле адатта өтүп жүргөн процедуралардын катарында, ошол алкакта макулдашылып, кабыл алынган.
Тергөөнүн «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна келтирилген зыян» дегени да соттун жүрүшүндө далилденип, аныкталган жок. Биринчиден, тергөө зыян кантип келтирилгенин – азык-түлүк мененби, акча мененби, же башка менен өлчөнөбү – аны көргөзгөн эмес. Экинчиден, ишке Айыл чарба министрлигинин 2008-жылдан бери Кыргызстанда азык-түлүк крисизи болгон эмес, ал эми 2009-жылы өткөн жылга салыштырганда түшүм көп алынды, деген статистикалык маалыматтар тиркелген.
Эми тергөөнүн версиясындагы далилдерге келели. Айыптоонун айтымында К.Самаков К.Бакиевдер менен биргелешип кылмыш жасаган. Бирок, ал негизсиз. Анткени, жерди трансформациялоо боюнча токтом өкмөт тарабынан чыгарылган. Экинчиден, тергөө тарабынан К.Бакиев менен Ж.Бакиевдин күнөөсү канчалык экендиги аныкталган эмес. Минск конвенциясына (6-берене), ошондой эле, Беларусь Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине (494-берене) ылайык тергөөчүлөр кызыккан суроолоруна жооп алып, фактыларды тактап, объективдүү тергөө жүргүзүү максатында Белорусиянын тийиштүү мамлекеттик органдарына суроолорун жеберип, алар аркылуу Бакиевдерди суракка алып, жооп алууга толук шарт-укуктары бар эле, ал жасалган эмес. Экинчиден, К.Самаков менен Ж.Бакиевдин чогуу тартылган сүрөтүн тергөө башкы далилдердин бири катары карап, ал учурда тартылган дипломатты беткекармоодо. Соттолуп жаткан А.Таштанбековдун айтымында, бул сүрөт араб инвесторлорунун Кыргызстанга келген сапары маалында тартылган 600дөн ашуун сүрөттөрдүн бири. Аны Ж.Сеитов К.Самаковду атайлап Ж.Бакиевге жабыштыруу үчүн тандап алган. Ошол эле маалда, тергөөнүн фотодогу дипломатка салып, К.Самаков К.Бакиевге 1 миллион доллар берди, деген божомол-жоромолу да сотто далилденген жок. Соттун жүрүшүндө андай өлчөмдөгү дипломатка 1 млн. акча батпай тургандыгы далилденди.
Тергөөнүн жана ошондой эле соттун объективдүү эмес, акыйкатсыз, мыйзамсыз чечим чыгарып, каралоосуна дагы бир далил – тергөө азыр издөөдө качып жүргөн Н.Асановдун 2015-жылдын 3-июлунда берген көрсөтмөсүнө таянып, К.Самаков Ж.Бакиевге акча берген деп айып коюуда. Сот бирок, төмөнкү жагдайларды эске алган эмес. Биринчиден, Н.Асановдун өзү 2008-жылдагы жер боюнча окуяларга катышкан эмес. Себеби, ал Карганбек Самаков менен дагы, анын уулу Кубанычбек Самаков менен дагы 2013-жылы таанышкан, ошондуктан, андан 5 жыл мурдагы трансформация маселесин ал билген да, көргөн да эмес. Экинчиден, Н.Асанов К.Самаков менен Ж.Бакиевдин мамилеси тууралу А.Таштанбековдон гана уккам деген,бирок, А.Таштанбеков Н.Асановго андай сөздү эч убакта айтпаганын сотто билдирди. Үчүнчүдөн, Н.Асанов К.Самаковдордун үй-бүлөсүнө чоӊ суммадагы акча карыз болгон, аны кечпей койгону үчүн тиш кайрап калганы сотто белгилүү болду. Мунун баарын ишти караган судья сын көз менен мамиле жасап, талдаган жок.
Тергөөнүн дагы бир далилденбеген жоромол-дөдөмөлү соттук териштирүүдө белгилүү болду – муну күбө Т.Тулеев сотто көргөзмө берип, «юридикалык бөлүм ишти карап, жерди трансформациялоодон зыян болгон эмес, деп чечти, анткени жерлер жеке менчикте болгон», деп билдирген.
Буга окшогон тергөөнүн иш жүзүндө бекемделбей, тастыкталбай калган версиялары көп жана алар далил, о.э. далил зат катары кызмат кыла алган жок.
Эми күбөлөрдүн көрсөтмөсү тууралу айтсак – судья соттолуучулар У.Нурдинов, Э.Койчуманов, А.Таштанбековго карата тергөөчүлөр тарабынан алдын ала тергөө-иликтөө маалында, суракка алууда коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Ошондой эле, 2016-жылдын 30-августунда өткөн соттун жүрүшүндө күбө Чынгыз Керимкулов аны суракка алган маалда тергөөчү Ж.Сеитов «бизге керектүү көрсөтмө бербесеӊ камап салам», деп коркуткан, деп билдирди. Тергөөнүн материалдарында Кара-Жыгач айылынын 7 тургунунун берген көрсөтмөлөрү айыптоонун негизи катары берилген. Алар: Мухамед Басылбаев, Бакирдин Юсупов, Шерзада Асылбаева, Уланбек Джапаров, Айбек Чокоманов, Анара Абдракманова, Мария Узденова. Протоколдорго караганда алардын баары орус тилинде көрсөтмө берген. Бирок, соттун жүрүшүндө У.Джапаров менен А. Абдракманова орусча таптакыр эле сүйлөбөстүгү белгилүү болду. У.Джапаров болсо тергөө берген кагаздын жарымын түшүнүп, жарымын түшүнбөй эле кол койгонун ачык айтты.
Күбөлөргө байланыштуу дагы бир маалымат – Мамлекеттик күзөт кызматынын 3 кызматкери Р.Тавалдиев, М.Джамгырчиев, М.Курманалиев сотто берген көрсөтмөлөрүндө К.Самаков эч убакта алардын имаратына келбегенин билдиришти.
К.Самаков менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов, Аликбай Сариев, Абай Таштанбеков жана Кубанычбек Самаковго иш Кылмыш-процессуалдык кодексти бузуу менен жүргөн. Себеби, тергөө тарабынан К.Самаковго жана кызмат адамдарына карата 3 кылмыш иши козголуп, алар бир ишке бириктирилген. Бирок, ал 3 иште теӊ аттары аталган бул 5 жаранга карата кылмыш иши козголгон эмес болчу, алар болгону күбө катары көрсөтмө берип турушкан. Мисалы, Аликбай Сариев жер трансформация болгонго эч тийишеси жок, ал К.Самаковдун жардамчысы катары андан 3-4 жыл мурда иштеген. Бул жарандар кызмат адамдары эмес эле. Ошого карабай аларды да сот эркинен ажыратып отурат.
Карганбек Самаковго карата дагы 303-берене боюнча (коррупция) козголгон иш да туура эмес болгон, себеби, 2008-жылы жер трансформация болгон маалда ал эч бир кызматты ээлебеген.
Акырында соттун жүрүшү тууралу. Башында ишти судья Ч.Адамкулов карап, өкүм чыгарар алдында ал тез арада судья Д.Назаровго алмаштырылды. Ырасмий версиясы – Ч.Адамкулов өтө катуу ооруду, делген. Бирок, анын саламаттыгы Кудайга шүгүр экен, болгону анын акыйкат чечим чыгарары белгилүү болуп калганда аны Д.Назаровго алмаштырышкан.  
Жаӊы судья ишти толук иликтенеп, тактаган жок. Ал тарабынан жасалган корутундулар жер маселеси боюнча болгон окуялардын жүрүшүнө дал келбейт. Сот тарабынан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү ыӊгайлуу учурда эске алынып, өзүнө жакпаса эске алынбай жатты. Күбөлөрдүн кашкайган фактылары соттун өкүмүнөн орун таппады. Мисалы, И.Чудинов менен И.Айдаралиевдин өкмөттүн 2008-жылдагы № 574 токтому өкмөттүн жерди бир категориядан экинчи категорияга которуу тууралу жобосунун 6-беренесине туура келээрин айткандары эске алынган эмес.
Судья 2017-жылдын 19-октябрында окуган өкүмү менен кийин тараптардын колуна кагаз жүзүндө тийген өкүмдүн ортосундагы айырма, жалпак тил менен айтканда, асман менен жердей. Бир эле мисал, окулган өкүмдө аттары аталбаган 21 күбөнү жазылган өкүмгө «акыркы число» менен кошуп коюшкан. Башкача айтканда, окулган өкүм кийин кимдир бирөөнүн кийлигишүүсү, көрсөтмөсү менен толук өзгөртүлүп, кайра жазылып чыккан. Бул Кылмыш жазык кодексине ылайык документти жасоо катары иш козгоого да негиз болуп берчү факт.  
Урматтуу Сооронбай Шарипович,
Сиздин сот адилеттиги тууралу Сот системасын реформалоо боюнча жыйында айткан сөздөрүӊүз эл арасында, юрист, адвокат, укук коргоочулар, ошол эле судьялар тарабынан кызуу колдоого алынып, кубатталууда. Анткени, муз ордунан жылып, сотто талкаланган тагдырлар кайра калыбына келет деген аруу үмүт пайда болууда.
Ушул айтылгандардын негизинде, жогорудагы фактыларды жетекчиликке алып айтканда Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши жасалма экендиги, анын айыбы жоктугу далилденип отурат. К.Самаковдун тарапташтары, өзү дагы анын ишин Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы М.Арабаев көзөмөлгө алып, К.Самаковду эптеп эле соттоп жиберүүгө кызыкдар болгону ачык билинип калды. Мындай жерде каяктан анан мыйзамдуулук, адам укугу, объективдүүлүк, калыстык болсун?
Жогорудагылардын негизинде Карганбек Самаковго каршы козголгон кылмыш ишине негиз жок болгондугун, тергөө бир беткей каралоо менен жүрүп, сот акыйкаттыгы орнобогондон улам кезектеги сот отурумунда ал толук акталып чыгышы керек деген ойдоймун. К.Самаков менен бирге Кубанычбек Самаков, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов, Аликбай Сариев, Абай Таштанбековго карата дагы акыйкаттык, мыйзамдуулук орноп, алар абактан чыгышы зарыл.
 
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83