www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: Мен Батукаевди бошотуу үчүн кимдер канча акча алгандарын билем

Гүлжан Шерипбаева 02-июнь 2018, 13:06

Саясат Маек


Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: Мен Батукаевди бошотуу үчүн кимдер канча акча алгандарын билем

-Зарылбек Кылычбекович, башкы прокурор парламентте отчет берип жатканда сиз Азис Батукаевдин маселесин көтөрүп, “Мен браттарымды сотко берип, ар бирине 100 млн. сомдон доо коёюн деп жүрөм…” деп айттыңыз. Ушул боюнча кенен айтып берсеңиз?..

– Мен бул маселени көтөргөнүмдүн себеби, жөнү бар. Мына азыркы кезге чейин кылмышкер Азис Батукаевдин абактан чыгып кетиши боюнча ар түрдүү сөздөр токтой элек. Жакында эле Феликс Кулов гезиттердин бирине маек берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ошол кездеги вице-премьер министр Шамиль Атаханов кирип, Батукаевдин катуу ооруп жатканын, эч кимди өлтүрбөгөнүн, аны чыгаруу керек деп суранганын айтыптыр. Экс-президент эгер эч кимди өлтүрбөсө, катуу ооруп жатса, мыйзамдуу жагын өзүңөр карап көргүлө деп макулдук бериптир. Эми бул жерде президентти алдашкан да… Мага карата дагы Батукаевди Рысалиев чыгарган дешип жаманатты кылгандар көп. Батукаевден бир тыйын алган эмесмин. Кызыл килем төшөп узатканга барган жерим жок. Андай нерсе Рысалиевдин табиятына туура келбейт. Мен акча үчүн эч качан намысымды сатпайм. Өзүмдөн ушундай жаман иш жасадым эле деп өкүнүп, жийиркенген жан эмесмин. Анан мага карата айтылган ар түрдүү каралоо багытындагы сөздөр зээнимди кейитет. Мына бүгүнкү күнгө чейин тергөө аягына чыкпайт. Мен ошол себептен кылмышкер Азиз Батукаевдин абактан чыгарылып кетиши боюнча кылмыш ишти аягына чыгарууга Башкы прокуратура кызыкдар болушу керектигин айттым. Мен тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жүрөм. “ИИМдин арасында “крыса” пайда болду” деген сөз чыккан. Ошол крыса ким? Тергөө аягына чыкса, мен ИИМде министр болуп иштеген Атаханов, Кулов, Болот Шер браттарымды сотко берип, 100 миллиондогон сом доого жыгайын деп жүрөм.

– Батукаевдин окуясында эмнеге сизге карата каралоо күч болду…

– Мына Кулов, андан кийин полковник Эрнис Исаев да Батукаев боюнча көп нерсени айтышты. Башкы прокуратура көңүл буруп, реакция кылыш керек да. Эч үн катпайт. Мен ошол себептен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун өзүнө бул маселени эскерттим. Ал эми мага карата каралоонун күч болушуна «Ата Мекен» партиясынын үлкөндөрүнүн 2010-жылдагы талап-тоноого катышы бардыгы боюнча көп нерсени айткандарым себеп болду. Батукаевдин чыгарылышын иликтеген комиссиянын төрагасы Болот Шер болгон. Өмүрбек Текебаев экөө өч алыш үчүн чындыкты бурмалашты. Бул экөө мен сыйлай турган адамдар эмес. Менин ордумда башка бирөө болгондо буларды башкача кылмак. Мен дагы мыйзамды сыйлап, тергөөнүн бүтүшүн күтүп келе жатам. Эгер илгеркидей дуэлге чыгуу болгондо Болот Шерди дуэлге чакырып, маселеге чекит коймокмун.

– Сиз эмне үчүн Кулов, Атаханов, Болот Шерден доо өндүрөм деп жатасыз?

– Менин аброюма көлөкө түшүргөнгө себепкер болгондор ушулар болуп жатат. Төртөөбүз тең ИИМге жетекчи болдук. Анан Батукаевдин маселесинде булар апакай болуп, мен күнөөкөр болуп калбашым керек да. Башкы прокуратурага Кулов, Атаханов, Болот Шер баары тең Кыргызстанда жүрүшөт, эмне үчүн бир да жолу чакырып сураган жоксуңар дегенди айттым. Аэропорттун ВИП залынан өткөргөнгө Жогорку Кеңештин фракция лидери, вице-премьер министр уруксат бере алат. Кулов «Ар-Намыс» фракциясынын лидери болчу, Шамил Атаханов вице-премьер министр эле. Мен ким канча акча алгандарын билем. Менде ишенимдуу булактан алган маалымат бар. Тергөөдө баарын айтып берем. Беш жыл күттүм. Дагы чыдайын деп жатам. Эгер тергөөдө мен айткандар суралбаса, мен өзүм барып арыз жазып, көрсөтмө алгыла деп талап кылып, баарын айтамын. Мына жаңы прокурор келди, акыйкат иликтоо болот деп умут кылып отурам. Мен куноолуу болсом мени, башкалар болсо аны айтышсын. Күнөөлү киши жазасын алыш керек. Чындык чыгышы кажет. Кудай карап турат…

– Эмне үчүн тергөө создугуп келет?

– Кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы бар үчүн тергөө создугуп жатат да. Мен башында эле Батукаевдин карындашы, Кулов, Атахановдун сүйлөшкөн телефондук распечаткасын көтөрсө, кимдин кайсы учурда ким менен канча жолу сүйлөшкөнү баары айкын болоорун айткам. Эмдигиче ошону жасабай жатышат. Видеолор бар. Аны эмнеге карашпайт? Акыйкаттык акыры чыгыш керек да!..

Булак: “Фабула”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83