www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элнура Алканова тергөөчүлөрдүн үстүнөн арыз жазды

Гүлжан Шерипбаева 02-июнь 2018, 16:03

Саясат


Элнура Алканова тергөөчүлөрдүн үстүнөн арыз жазды

Журналист Элнура Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековдун үстүнөн арыз жазды. Журналист аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча баа берүүнү жана жоопко тартууну талап кылууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- "Медиа полиси" институтунун юристтеринин көмөгү менен ушундай талап койдук. Мага карата козголгон кылмыш иште айтылган айыптоолорду алар далилдей алган эмес. Көптөгөн юристтер мага козголгон кылмыш иши боюнча баасын берип, муну саясий буйрутма деп айтышкан. Ошондуктан Башкы прокуратурага арыз жаздык, - деди Алканова.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат журналист Элнура Алкановага карата кылмыш ишин апрелдин соңунда токтоткон. Ал "маалыматты мыйзамсыз жол менен алуу фактысы" боюнча айыпталган эле.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Идеал Хаус" деп аталган турак жай комплекси жайгашкан жерден 48 коттеж 12,4 гектар аянты менен аукциондо 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана мамлекеттин карамагына алынганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул сатык боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал-Хаус" шаарчасына байланышкан тасманы жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон.

"Идеал Хаус" чыры боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынган.​

Журналист Алканова бул камакка алуу иштери анын журналисттик иликтөөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын ырастала баштаганын айгинелей тургандыгын айткан. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83