www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кеп сулуулукта эмес, айга алып барчу акылда

Гүлжан Шерипбаева 04-июнь 2018, 09:24

Саясат


Кеп сулуулукта эмес, айга алып барчу акылда

Социалдык өнүгүү министрлигинде кадимки “келиндер козголоңу”. Борбордук аппараттын коллективи министр Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытовага нааразылык билдирип, алардын жумуштан алынышын талап кылууда. Мындай талапты жергиликтүү бөлүмдөр дагы колдоп чыгышыптыр. Өткөн жылы жайында терең ойлонулбаган социалдык коргоо “реформасын” демилгелеп, чийки мыйзамды даярдап, ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду уят кылышкан, бул эки айым. Аны ынандырып, кол койгузуп, Жогорку Кеңештен өткөзүлгөн мыйзамды эки-үч ай өтпөй, кайра толугу менен карап өзгөртүүгө мажбур болуп, баарын убарага салышкан.

Ошондо эле министр менен орун басары депутаттардан жеме угуп, башын жерге шылкыйтып, шагы катуу сынып, уят болуп, жүз миңдеген жакыр үй-бүлөлөрдүн, жетим-жесирлердин жакшылыгын тартып алууга умтулган Исакунова жана Мамытовалар жумуштан алынбай, кайра жаңы өкмөттүн курамына киргизилиши жалпы элди кыжырлантканы да чындык. Муну ким тана алат? Буларга окшогондор кайра эле өз ордуларында мыктап койгондой олтурганы Абулгазиевдин өкмөтүнө көлөкө түшүрүп жатат да, туурабы? Сулуулардын министр болуп олтурганына эч ким каршы эмес. Сулуулуктан да ишти алдыга жылдырып кетчү акыл негизги маселе болуп жатпайбы? Иштей албай, коллективден сокку алгандарды жетекчи кылуу элди маскаралоо эмеспи?

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83