www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ: Сооронбай Жээнбековду Кытайга укмуш тосуп алды

Перизат Кутманалиева 06-июнь 2018, 12:40

Расмий кабарлар


СҮРӨТ: Сооронбай Жээнбековду  Кытайга укмуш тосуп алды

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Кытайга учуп келди, ал ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына учуп келди.

Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин,  КЭР  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу,  саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83