www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков менен КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү

Перизат Кутманалиева 07-июнь 2018, 09:14

Расмий кабарлар


 Сооронбай Жээнбеков менен  КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин  жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү

6-июнда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен барган  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү.

Жолугушуу аземи Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта  өттү.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Салтанаттуу жолугушууу аземине балдар катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты.

Жолугушуунун расмий аземинен жана делегацияларды тааныштыргандан  кийин Мамлекет башчылары кеңири курамда сүйлөшүү үчүн залга бет алышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик визити үч күнгө созулат, анын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин,  КЭР  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация бар. Ошондой эле кытайлык ири корпорацияларга баруу да мерчемделүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83