www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмаз Үсеновду, Алмаз Атамбаев сувенир менен чапкан эмес

Гүлжан Шерипбаева 08-июнь 2018, 09:44

Саясат


Алмаз Үсеновду, Алмаз Атамбаев сувенир менен чапкан эмес

Редакциядан: Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы белгилүү адамдардын бири Алмаз Үсенов тууралуу коомчулукта ар кандай ушактар тарады. Аны айрым массалык маалымат каражаттары, "качып кетти" дешсе, айрымдары, "Атамбаевди сатып кетти"- деп каралап жазышууда. Бул туурасында Алмаз мырзанын өзүнө сурообузду узатып, кыска-нуска жооп алдык. Алмаз мырзанын макулдугу жок гезитке жарыялап жатканыбыз үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз. Анткени, Алмаз Үсенов өз ишин мыкты билген адам эле. Ал тууралуу коомчулукта терс пикирлердин айтылышына сөзсүз түрдө жооп болушу керек деп билебиз.

- Алмаз мырза, Сизди качып кетти деп жатышат ошол чынбы?

-Бул атайын заказ! Качкандар Америкада жүрөт го. Биз Бишкекте элебиз. Мен эч жакка качпайм, күлкүнү келтиришпесинчи.

-Бирок элдин баары, "Сизди качып кетиптир, Атамбаевди сатып" - деп жатышат го?

-Саткындарды башка жерден издешсин, айтып кой. Мен эч жакка качпайм. Эмнеге качышым керек, туурабы? Менин өз жолум бар. Ошол жол менен кетем. Бул каралоо атайын заказ! Элге

жаман көрсөтүү болуп жатат.

-"Атамбаев сувенир менен чаап, кууп чыгыптыр, ошого таарынып качып кетип калыптыр" - деп айтып, социалдык түйүндөрдө жазып жатышат?

-Ал андай киши эмес, сувенир менен чапкандай. Ушундай ушакты окуп, бир чети жийиркенип, бир чети күлөсүң да айла жок. Дэңгээлдери ушундай болуп жатат...

Назгүл МАМЫТОВА

Булак: Ачык саясат


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83