www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Толгонай Стамалиеваны каралоо иштерди башташты

Гүлжан Шерипбаева 08-июнь 2018, 09:55

Саясат


Толгонай Стамалиеваны каралоо иштерди башташты

Шамал кайсыл жактан согуп жатканы белгисиз. Президент Сооронбай Жээнбековдун пресс-катчысы Толгонай Стамалиеванын ордуна кызыккандар ага карата каралоо иштерди башташты. Болгондо да ага Бакиевчил адамдар тарабынан сокку урулуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Сооронбай Жээнбеков кандай чечим кабыл алаары белгисиз. Бирок, Бакиевдин кылмыштуу бийлигинин өркүндөп-өрчүшүнө чоң салым кошкондор, аны мактап-жактап аңга түрткөндөр, эми Сооронбай Жээнбековго акыл үйрөтүп, пресс-катчысын иштен алууга үгүттөп жаткандарьшын өзү эле өтө кооптуу.

Толгонай Стамалиева, биз билгенден кайсыл гана жетекчи болбосун жан дили менен берилип кызмат кылып келет. Интригадан алыс. Ошол себептүү анын дарегине сын-пикир айтыш өтө эле оңой болуп жатса керек.

Анын үстүнө анын ордуна чуркагандар да көп экен. Аял кишиден кызмат тартып алуу үчүн, аябагандай чоң көө жаап, анын сырткы келбетине асылгандын өзү Кудайга жакпаган иш эмеспи.

Мейли, Стамалиеваны кызматтан алышсын дейли, бирок аны сый менен узатып, ордуна башканы коюшса адамкерчилик болот го ыя? Президенттик шайлоодо бул айым уйку көрбөй кызмат кылып, Жээнбеков жеңишке жеткенде кубанганынан көзүнө жаш алганын билебиз. Эми анын көз-жашына калбай, сый менен узатышса деген эле тилек. Каралоонун да чеги болот. Аял кишини аягылачы айланайындар,..

Булак: Ачык саясат
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83