www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбукта Советтер Союзунун архитектурасын мактагыла, болбосо соттолосуңар

Гүлжан Шерипбаева 08-июнь 2018, 12:54

Саясат


Фейсбукта Советтер Союзунун архитектурасын мактагыла, болбосо соттолосуңар

Эки айдан бери 1-май райондук сотунда КГУСТА окутуучусу, жаш профессор Темир Болотбектин үстүнөн сот уланууда. Анын "күнөөсү" Фейсбукта Советтер Союзунун архитектурасына суктанып сүйбөй, сындап койгону.

Темирдин үстүнөн "Советтер Союзун сүйбөйт", "улуттар аралык араздашууну" козгоп жатат деп томолок кат түшөт. УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаев кадимкидей кылмыш ишин козготот. Элестетип коюңуздар, "совет доорунда курулган архитектураны жакшы көрбөйт" деген кылмыш. Биз баардыгыбыз түшүнүп турабыз, эмне болуп атканын.

Улуттук коопсуздукту коргоочу органдар тескерисинче ошол улутубузга коркунуч болуп, мурунку КГБ жасабаган кордукту көрсөтүп жатышпайбы. Ал ишти Жолдубаеванын прокуратурасы сотко жолдогон.

Так ушундай арабыздан чыккан саткындар, учурунда жаш профессор Касым Тыныстановдуда "улутчулсуң"деп атып тынышкан. Эми болсо суверендүү, көз карандысыз чагыбызда кайсы душман тергөөчү, кайсы прокурор, кайсы эксперт жана кайсы сотТемир Болотбекти соттоп атат?! Бул эгемен өлкө үчүи уят көрүнүш го...

Булак: Жаңы ОРДО
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Николай Абдулин, 08-июнь 2018, 13:26
темир болот бек бир жолу эмей, муну систематикалык турдо ар кандай группаларда, совокторду суйгондор кеткиле росиага деп орустарды жамандап жургон. Кыргызстан эгемен жана эркин олко жарандары кандай улутта болбосун баарын укугу бирдей, Темир Болто ким болуп калыптыр орустарды росияга куугунтуктаган
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83