www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев менен Жээнбековдун эки тарапташынын жазган ыры

Гүлжан Шерипбаева 08-июнь 2018, 13:16

Саясат


Атамбаев менен Жээнбековдун эки тарапташынын жазган ыры

Акыркы күндөрү, социалдык тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары ар кандай пикирлерди жаза баштады. Атамбаевдин таламын талашкан постордун көпчүлүгү “фейктер”. Соцтармакта тынымсыз өздөрүнүн пикирин жазып калтырган Аман Асанович менен Камчыбек Ташиевдин оң колу Шүкүрбек Эркебаевдин жазган ырын окурмандарга сунуш кылабыз.

Аман Асанович

Мадеминов, байкемди
Раззаковго теңеди.
Мезгил өтсө бааланат,
Анын эмгеги деди.

Көчмөндөрдүн оюну,
ТЭЦ жана Датка Кемин.
Түндүк-Түштүк жолдору,
Айта берсе көп дегин.

Алтын тамгалар менен,
Тарыхка аты жазылат.
Мезгилдин өтүшү менен,
Көп чындыктар ачылат.

Алты жылда ажобуз,
Кылымга тете иш кылды.
Эми эс алып жатсын,
Көрүп урмат менен сыйды.

Аман мырзага, Шүкүрбек Эркебаев "Атамбаевдин арманы", деп төмөнкүчө жооп кайтарган...

Байлыгы көп бакыраң,
Бабановду койбопмун.
Башынан жоош Сокени,
Башкарам деп ойлопмун.
Билбей журуп башынан,
От менен мен ойнопмун...

Алдаганын алдадым,
Камаганын камадым.
Акырында түбөлүк,
Хан болууну самадым.

Соке достун жанына,
Тамды салдым, жайландым.
Кыргыздарды түбөлүк,
Башкарууга камдандым.
Баарын алдап келдим да,
Соке достон алдандым.

Эстүү десем Сокени,
Эстүүлүгү курусун.
Четтен камап баштады,
"Честныйлыгың” курусун.

“Уурдадың” деп Сапарды,
Аны камап таштады.
Карап турсам акырын,
Мага чабуул баштады, - деп жазган Шүкүрбек Эркебаев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83