www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шадиев “шалбары” таза болсо качат беле?

Гүлжан Шерипбаева 08-июнь 2018, 17:49

Саясат


Шадиев “шалбары” таза болсо качат беле?

Ушул жылдын 28-апрелинде мурдагы биринчи вице-пример министр Аскарбек Шадиевге Жогорку Ксңсштен 30 миц доллардын уурдалышы ооюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин: «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге «2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп,ушул сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн»-деп айып тагылган. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлуп берилип, тергөө башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Шадиевдин сандаган байлыгы чубалып чыгып, «Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген бул эргул мынча байлыкты каяктан тонтогон» -дееген бүшүркөө коомчулукту козуткан. Ал ортодо Шадиев бир нерсенин жытын сезгенби, айтор шарт эле «ооруй» калып, чет өлкөгө дарыланууга кеткенин анын жакын туугандары айтып чыгышкан. Качан гана Шадиев чет өлкөгө «дарыланганы» чыгып кетти деген маалыматтан сон, кылмыш иши козголгонуна бир айдан ашык убакыт өтүп кеткенде, же анча-мынча акылы кем бирөө деле алиби чогултуп алгыдай мумкүнчулүктөн соң 31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган.Эмнеге«сырттан»? Анткени, биздин өтө кыраакы УКМК Аскарбек Шадиевдин кайда экенин аныктады. «Аскарбек Шадиев 27-май күнү Исфана шаарында жакынкы жерге берүүгө катышып, анлан ары Лейлек районунун Арка айылынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз (суу кечип) өткөн» -деп расмий «сүйүнүчтөрүн» жарыялашты.

Тагыраагы, Аскарбек Шадиев озүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-майда Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткен. Эгер Шадиевдин арты таза болсо «шалбары» сууга малынганына карабай качмак беле? Биздин аткаминерлер абийир деген түшүнүктүн акыр заманында жашап калыштыбы?

Булак: "Де факто"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83