www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЭКСКЛЮЗИВ: Азербайжандын тышкы саясаты жана анын чыныгы достору

Перизат Кутманалиева 09-июнь 2018, 15:56

Дүйнө жүзүндө


ЭКСКЛЮЗИВ: Азербайжандын тышкы саясаты жана анын чыныгы достору

“Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондусунун” буйрутмасы менен азербайжан улутунун лидери Гейдар Алиевдин 95 жылдыгына карата бул китеп которулган. Котормочу Мукан Асаналиевдин калемине таандык китеп төмөндө толугу менен.
1: ГЕЙДАР АЛИЕВ – АЗЫРКЫ АЗЕРБАЙЖАНДЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ, КУРУУЧУСУ ЖАНА КОРГООЧУСУ.
Биздин мамлекетти чыңдоого жана анын өнүгүшүнө бүткүл өмүрүн арнап, өзүнүн кылган иштери менен элдин чексиз сүйүүсүнө ээ болгон, бүгүнкү эгемендүү, гүлдөп өнүгүп бараткан Азербайжандын куруучусу, биздин улуу жол башчыбыз Гейдар Алиевдин атын укканда, бир дагы азербайжан сыймыктанбай койбойт. Бүгүн дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, Гейдар Алиев жөнүндө сөз болсо азербайжан, ал эми азербайжан жөнүндө сөз болсо, Гейдар Алиев элестейт. 1969 жылы 14 июлдагы Азербайжандын КП БК плнумунда Гейдар Алирза оглу Алиев азербайжандын КП БК нин биринчи секретары болуп шайланган. Ошол күнү азербайжандын тарыхында жаңы доор башталды десек болот. Азыр жалпы азербайжан элинин жол башчысы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, бүткүл дүйнөгө белгилүү саясатчы, өзүнүн атын жыйырманчы кылымдын тарыхына алтын тамгалар менен жазып салган, улуу философ жана уникалдуу инсан Гейдар Алиевдин туулган күнүн, дүйнөнүн бардык бурчунда жогорку деңгээлде белгилешет. Жыйырманчы кылымдын 70- 80 – жылдары Гейдар Алиев Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасын жетектеген, (Азербайджанской ССР) (1969 жылдын 14 июлунан –1982 жылдын 3 декабрына чейин), андан кийин дүйнөдөгү эки чоң өлкөнүн бири СССРдин жетекчилеринин бири болгон. Ал дүйнө саясатынын борбору болгон кремлде, КПССтин БК Политбюросунун мүчөсү, СССРдин МИнистрлер Советинин башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, Гейдар Алиев мындай жогорку орунду ээлеген биринчи азербайжан жана биринчи мусулман болгон. Ал өтө акылдуу, билимдүү, турмуштук тажрыйбасы чоң, аябагандай чечен адам болгондуктан, ошол кездеги дүйнөлүк масштабдагы саясий ишмерлерден айырмаланып турчу.
Гейдар Алиев дүйнөнүн саясий асманындагы чолпон жылдыз эле. Бир аз убакыттан кийин, 1987 жылы октябрь айында, Михаил Горбачевдун мусулман элдерине атайын жүргүзгөн душмандык саясатына макул болбой, бардык ээлеген постторунан арызын жазып кетип калды. 1990 жыл январь айында Советтик Армиянын бөлүктөрүн Бакуга киргизгенде, Москвада жашап жаткан союздук маанидеги персоналдык пенсионер Гейдар Алиев, өзүнүн эли туш болгон кайгылуу окуяга кош көңүл карап отуруп калган жок. Кайгылуу окуя болгон күндүн эртеси. балдарын, кызын, неберелерин жана баласын, Азербайжан республикасынын азыркы президенти Ильхам Алиевди алып, Азербайжан ССРинин Москвадагы туруктуу өкүлчүлүгүнө келип, чогулган элдин жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында, Михаил Горбачев баштаган борбордук бийликти жана Абдурахман Везиров башында турган республиканын марионеттик жетекчилерин кандуу окуяга жол бергендиктери үчүн айыптап, сөз сүйлөдү. Ошондон кийин жалпы азербайжан элинин жол башчысы Гейдар Алиевдин саясий жылдызы кайрадан жанды. 1990 жылдын июнь айында өз мекенине келип азербайжанда жүрүп жаткан тарихый процесстердин башында турду. Үч жылдан кийин, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда турган республикада демократиялык шайлоо болуп өттү, анын жүрүшүндө көпчүлүк шайлоочулар Г.Алиев Азербайжан республикасынын президенти болсун, деп өз добуштарын беришти. Ошентип ал экинчи жолу азербайжан мамлекетин башкарып калды. Гейдар Алиев көрөгөчтүк жана акылмандык менен жүргүзгөн тышкы жана ички саясатынын натыйжасында, кыска мөөнөттүн ичинде жарандык согуштун коркунучу жөнгө салынып, өдкөдө улуттук биримдик пайда болуп, өлкө коомдук-экономикалык кризисти ийгиликтүү жеңип чыкты. Гейдар Алиевдин жетекчилиги астында”Контракт века”, “Баку-Тбилиси-Жейхан” ж.б дүйнөлүк маанидеги чоң масштабдагы проекттерге кол коюлуп, ишке ашырылды. Бул проекттердин ишке ашырылышы дуйнө коомчулугун таң калтырды. Анын өлбөс идеялары респуликанын өнүгүшүнө, элдин жыргалчылыгына жаркыраган жол ачып берди. Мына ошондуктан, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана шаарларында, анын эстелиги коюлуп жатат. Көптөгөн көчөлөргө, парктарга жана проспекттерге анын аты берилген. Илимпоздор, тарыхчылар, философтор жана журналисттер ал жөнүндө көп томдуу китептерди жазып жатышат. Ар бир эле көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер мындай сыйга татыктуу боло бербейт.
Ушул макаланы жаза баштаганда алдыма бир максат койгом, ал кыска формада жалпы улуттун жол башчысынын өмүр баянынын негизги моменттерин көргөзүү менен, аны уникалдуу мамлекеттик жана саясий ишмер катары белгилеп, анын жасаган иштерин айтып берүү болчу. Бул жумушту аткаруу жеңил болбосо да, Гейдар Алиевге инсан катары берилгендигимден, көңүл коюп макаламды жаза баштадым. Мамлекеттик ишмерлерди, тарихый инсандарды, тарыхтын өзү жасайт. Окумуштуу тарыхчылардын милдети, тарихый окуяларды обьективдүү жана адилеттүү анализдеп элге жеткирүүдө турат. Алар тарихый процестти так жана конкреттүү чагылдырганы үчүн келээрки муундардын алдында жооп беришет. Ушул жагынан алганда , Гейдар Алиевдин азербайжандын тарыхында , дүйнөлүк саясатта жана эл аралык мамилелерде ойногон ролун туура чагылдырып берүү өтө жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу иш. Анын үстүнө, акыркы 50 жылдын ичинде көптөгөн баатырдык эпизоддорго, жеңиштерге, ийгиликтерге, элдин эгемендүүлүккө болгон умтулуусуна толгон Азербайжандын тарыхы, Гейдар Алиевдин аты жана анын жасаган иштери менен байланыштуу. Ошол эле убакта-бул азербайжан эли туш болгон кайгылуу окуялардын, армениянын азербайжанга кылган курадуу агрессиясынын, армениянын куралдуу күчтөрүнүн азербайжанга илгертен бери тиешелүү жерлерин басып алуусунун, Гейдар Алиевдин кайрадан бийликке келип, мамлекетти жана өлкөнү талкаланып калуудан сактап калуусунун тарыхы. Гейдар Алиевдин өмүрү, азербайжандын мамлекеттүүлүгүнүн тарихый мезгилинин элуу жылдай убакытын өз ичине камтыйт (эгерде санакты 1918 жылдан баштаса) акыркы элүү жылдын ичинде, биздин мамлекеттин тарыхынын ар бир барагы Гейдар Алиевдин катышуусу менен жазылган. 1969 жылдын 14 июлунан, республиканын жетекчиси болуп шайлангандан баштап, каза болгонго чейин улуттун жол башчысынын зор эмгеги азербайжандын гүлдөп өсүшүнө, алдыңкы цивилизациалуу өлкөлөрдүн арасында татыктуу орун ээлөөгө багытталган. Ошол жылдары Гейдар Алиев Азербайжанда биринчи адам болуу менен бирге, дүйнөлүк саясатта да эң белгилүү инсандардын бири болгон. Дүйнөдө көп жылдар мамлекетти башкарып, элини сүйүүсүнө, сыйына татыктуу болгон аз эле мамлекеттик жана саясий ишмерлер табылат. Гейдар Алиевди жалаң эле азербайжан эли жакшы көрбөйт, аны бүткүл түрк жана мусулман дүйнөсү сыйлап жана сыймыктанат. Ал эле эмес. Азербайжан СССРдин курамында турган мезгилде да, ошол чоң өлкөдө жашаган элдер, андан келечектеги жетекчини көрүшкөн. АКШ да Гейдар Алиевди Джордж Вашингтонго, германияда Конрад Аденауэрге, Францияда Шарль де Голлго, Улуу Британияда Уинстон Черчиллге теңешет. Чынында эле көрүнүктүү тарихый инсан катары Гейдар Алиевдин кайталангыз, уникалдуу жана оригиналдуу өзгөчөлүктөрү бар эле.Анын кайталангыз өзгөчөлүктөрү жана сапаттары эмнеде эле? Азербайжандын жалпы улуттук жол башчысынын инсандык сапаты бир саясий системанын алкагына батпайт. Гейдар Алиевдин саясий көз карашы марксистик-лениндик идеологиянын таасиринин астында совет доорунда калыптанып, өзүнүн зейрек кездешүүчү жөндөмү жана таланты менен СССРдин жетекчилигиндеги эң жогорку кызматта иштесе дагы, так ошол Гейдар Алиев биринчи болуп, совет мамлекетинин акыркы башчысы Михаил Горбачевдун азербайжанга жана башка түрк, мусулман республикаларына каршы жүргүзгөн адилетсиз, теңсиз саясатына жана эскирип, жараксыз болуп калган түшүнүктөргө каршы чыккан. Акыл деңгээли өтө жогору турган Гейдар Алиев советтик идеологиянын ар бир пунктун анализдеп, анын эффективдүүлүгүн иш жүзүндө текшерип, керектүүсүн эл жана мамлекет үчүн пайдаланып, керексизин ыргытып турган.
Кээ бир совет жетекчилеринен өзгөчөлөнүп, Гейдар Алиев советтик, коммунисттик иделогиянын туткуну болуп калган жок, ал өзүнүн улутун, тилин жана динин унуткан эмес. Саясий жетекчи жана тарихый инсан катары, ал өзүнүн улуттук кулк мүнөзүн, улуттук идеологиясын унутпай, тескерисинче ошол баалуулуктарга таянып, өзүнүн тегерегине миллиондогон элди топтоп, алардын колдоосуна ээ болгон. Эгерде азыр кээ бир саясий жана мамлекеттик жетекчилердин кылган ишине көз жүгүртсөк, алардын бардыгы тең өз доорунун баатыры, конкреттүү тарихый доордун жана саясий системанын жетекчиси болгон. Мисалы, Петр Биринчи он сегизинчи кылымдын башында Россиянын падышасы эле. Ал россия мамлекетинин чегинде, өзүнүн коомдук-саясий бийлигинин алкагында чоң масштабдуу реформа жүргүзгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштун убагында, андан кийин дагы өз өлкөлөрүн жакшы башкарган Шарль де Голлду, Уинстон Черчиллди, Франклин Рузвельтти реформатор деп атап койсок болот. Жыйырманчы кылымда революциялардын жетекчилери болгон Мустафа Кемаль Ататюрк, Владимир Ленин, Иосиф Сталин, Моа Цзе дун, Фидель Кастро өз өлкөлөрүндө революция жасап, жаңы мамлекеттик түзүлүштү орнотушкан. Ленин менен Сталин советтик идеологиянын жол башчылары болушса, Черчилль менен Рузвельт капиталисттик дүйнөнүн жол башчылары болушкан. Биринчи экөө үчүн АКШ менен Улуу Британиянын идеологиясы таптакыр жараксыз болсо, тигилер үчүн советтик идеология жараксыз болгон. Бирок өзүнүн саясий системасынын алкагында жогоруда айтылган жол башчылардын бири, реформатор, экинчиси консерватор, үчүнчүсү революционер, ал эми төртүнчүсү диктатор катары тарыхта калды.
Ал эми Гейдар Алиев саясатчы жана жол башчы катары, жогоруда айтып кеткен жол башчыларга окшошпогон өзгөчөлүктөргө ээ болчу. Анын кайталангыстыгы жана уникалдуулугу, совет мезгилиндеги эң чоң өлкөнүн баатыры жана жол башчысы, азыркы кезде, демократиялык азербайжандын жол башчысы болгондугунда жатат. Мындай көрүнүштүн сыры эмнеде? Эмне үчүн Гейдар Алиевдин идеялык жана концептуалдык көз карашы, бир коомдук-саясий системанын алкагына баткан эмес? Кантип бири-бирине каршы турган коомдук-саясий түзүлүштүн алкагында, бири-бирине каршы келген идеялык концепцияларга карабай Гейдар Алиев эл-жерин сүйүп, иш билгилик менен өз өлкөсүн башкарып, дүйнөлүк аренада сыйга татыктуу болуп калды? Бул уникалдуу көрүнүштүн негизги себеби, Гейдар Алиевдин өз элине берилгендигинде, ислам дининдеги жүрүм-турумдун традициялык нормаларын сактагандыгында, чынчылдыгында жана адилеттүүлүгүндө, башка элдерди сыйлагандыгында жатат. Ал өз идеяларын жана көз карашын дайыма жарыя кылып турган. Гейдар Алиев мына ушундай жол башчы болчу. Окумуштуу-тарыхчылар жана саясат таануучулар , жалпы улуттун жол башчысынын бай, саясий чыгмармачылык мурасын, көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин кылган иши катары изилдеп, өлбөс-өчпөс идеяларын турмушта колдонуу керек экендигин айтып, анын жетекчилик тажрыйбасын филосифиялык, илимий-практикалык көз карашта талкуулап жатышып, эмнегедир Гейдар Алиевге гана мүнөздүү саясатчынын, жол башчынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жетишсиз жазып келе жатышат.Кебетеси, окумуштуулар, тарыхчылар, саясат таануучулар, философтор жалпы улуттун жол башчысынын концептуалдык идеяларын жана саясий багытын, негизги принциптерин, көз карашынын өзгөчөлүктөрүн анализдөөдө кыйынчылыкка учурап жатышса керек. Азыркы күндө Гейдар Алиевдин “Саясий жана экономикалык жактан башкаруу”, “Илимий-философиялык мектеп” аттуу мектептерди ачуу жөнүндө, көп жана туура сөз болуп келе жатат. Ушул күнгө чейин, илимий-практикалык көз караш менен алганда Гейдар Алиевдин саясий багытына терең жана конкреттүү анализ берилген, филосифиялык эмгектери даярдалып, басып чыгарыла элек. Кээ бир окумуштуулар, Гейдар Алиевдин “Саясий жана экономикалык жактан башкаруу” мектебин ачуу керектигин моюнга алышканы менен ошол мектепке, кандай ат берүү жөнүндө бүтпөгөн талкуу жүргүзүп, ушуга чейин бир пикирге келе албай жатышат. Биз мурда белгилеп кеткендей, тарыхты тарихый инсандар жасашат. Ал эми тарыхты, окумуштуу тарыхчылар жазышат. Ошол тарыхты жазгандардын негизги милдети, тарихый окуялардын объективдүү, адилеттүү чындыгын жазып, ошол окуяларга туура анализ берүү болуп саналат. Мамлекеттик жана саясий ишмер Гейдар Алиевдин өмүрүнүн элүү жылдан ашыгы Азербайжандын жаңы тарыхы, мамлектти куруу, өлкөнү кайра жаңыртуу, өнүктүрүү менен байланышканын билип туруп, эмне үчүн биз анын концептуалдуу идеяларына, көз караштарына жана саясий багытына жаңы аттарды издешибиз керек? Гейдар Алиевдин ишке ашырылган, өлбөс-өчпөс идеялары, алтын тамга менен жазылып “Гейдар Алиевдин мамлекетти башкаруу мектеби” жана “Гейдарима мектеби” деген ат менен биздин өлкөнүн тарыхында калыш керек, деп ойлойм. Гейдаризмдин жана “Гейдар Алиевдин саясат жана мамлекетти башкаруу мектебинин” көөнөрбөс мааниси, анын саясий багытынын негизги өзгөчөлүктөрү жана анын негиз болуучу идеялары эмнеде жатат? Мейли СССРдин мезгилиндеги мамлекеттик чоң кызматтарда ишеп жүргөндөгү, мейли кийин эгемендүү Азербайжандын жетекчиси болуп иштеп жүргөндөгү чыгып сүйлөгөн сөздөрү, докладдары болсун, ошол “Гейдар Алиевдин саясат жана мамлекетти башкаруу” аттуу китебинин өзөгү, негизги принциптери жана өзгөчөлүктөрү болуп калат». Биздин негизги милдетибиз ошол материалдарды шашпай окуп чыгып, изилдеп, ырааттап, талдап чыгып, келээрки муундарга өткөрүп берүүдө жатат. Дайыма тарихый окуяларга жана процесстерге активдүү катышып, иши көп болгондуктан, өз иштерин илимий жактан ырааттоого убакыты калган эмес. Эгерде, биз ошол тарихый инсандын окуучулары жана ишин улантуучулары болуп, ошол мектептин токтобой иштеп турушун кааласак, ошол иштерди биз өзүбүз жасашыбыз керек. Биз муну келээрки муун, эгемендүү Азербайжандын курулушу жана өнүгүшү, кандай принциптерге негизделгенин билиши үчүн жасашыбыз керек. Гейдаризм концепциясы – бул азербайжан элинин улуттук-адеп-ахлактык мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу боюнча терең, философиялык көз караштар, анын тарихый тажрыйбасы, алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы, азербайжандын мамлекеттүлүгүн чыңдоо үчүн адамзат цивилизациясынын жетишкендиктерин пайдалануу, анын традицияларын кайра жандандыруу, демократиялык реформаларды жүргүзүү, улуттук идеянын тегерегинде бардык азербайжандарды топтоо, дүйнөнүн бардык элдери менен Азербайжан элинин жыргалчылыг үчүн тынчтыкта жашоо, башкаруунун жаңы методдорун жана жолдорун киргизүү болуп саналат. Буга “Гейдар Алиевдин саясат жана мамлекетти башкаруу” китебинин негизги принциптери жана өзгөчөлүктөрү кирет.
1. Улуттук мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук жана демократия;
2. Реформаторлук;
3. Улуттук-адеп-ахлактык, азербайжандык идеяларга берилгендик,
4. Коомдук адилеттүүлүк жана гуманизм;
5. Интернационализм жана жалпы адамзат баалуулугу.
Биринчи принципке кайрылаардан мурда, мен жалпы улуттун жол башчысы Гейдар Алиевдин учкул сөзүн эсиңерге салып кетким келип турат: «Азербайжандын мамлекеттик эгемендүүлүгү түбөлүктүү, кайталангыз жана туруктуу». Бул, биздин өлкөнүн башка бир, же бир нече өлкө, же эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгы, Азербайжандын суверенитетине, мамлекеттик эгемендүүлүгүнө, территориясынын бүтүндүгүнө зыян келтирбеш керек дегендикке жатат. Азербайжан мамлекети, мыйзамдарды жакшыртуу, укуктук жана демократиялык реформаларды жүргүзүү, коомдук-экономикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү жолдору менен өнүгүшү керек. Бул жерден мен жалпы улуттун жол башчысынын дагы бир учкул сөзүн айта кетейин « Өз элинин бактылуу болушун каалаган өкмөт жакшы эмес, өз элин конкреттүү жолдор менен бактылуу кылган өкмөт жакшы». Ушул сөз аткаруу бийлигинин жасаган ишинин негизги критериясы жана ченеми болуш керек. Азербайжандын эркин, эгемендүү, демократтуу жана бактылуу болушун кыялданган башчы жакшы эмес, ошол кыялдарды конкретүү жолдор менен ишке ашырып, элин-жерин бактылуу кылган башчы жакшы. Гейдар Алиев азыркы Азербайжанга негиз салып, сактап калган адам. Улуу жол башчы элдин жол башчысы болуу менен бирге, Азербайжан республикасынын элдик –боштоңдук кыймылынын да жол башчысы болгон. Өткөн кылымдын 70 –жылдары Гейдар Алиев Азербайжан, СССРдин алдыңкы, гүлдөп өнүккөн республикасы болсун, деп болгон күчүн жумшаган.
60- жылдары кошуна Грузия менен Арменияга караганда, элинин санынын көптүгүнө, жеринин көлөмүнүн чоңдугуна карабай, СССР дин Госпланы Азербайжанга бөлүп берген бюджеттик каражаттын көлөмү көп эмес, кээде аз да болуп калганын тарихый фактылар көрсөттү. 1970 жылы Гейдар Алиевдин койгон талабы менен бул маселе адилеттүү чечилген. Кийин, Министрлер Советинин башкармасынын орун басары, СССРдин Госпланынын башкармасы болуп иштеген Николай Константинович Байбаков мындай деп айткан экен: «Мен, элин мынчалык сүйүп, анын жыргалчылыгы үчүн күрөшкөн Гейдар Алиевден башка адамды билбейм».
Гейдар Алиев Азербайжандын тарыхына , суверендүү Азербайжанды куруп, аны бытырап, бөлүнүп, дүйнөлүк картадан жок болуп кетүүдөн сактап, бүт өмүрүн элине арнаган жол башчы катары кирди.. Эгерде, жыйырманчы кылымда республиканы башкарган адамдардын жасаган иштерине сары эсеп салсак, алардын бири дагы Гейдар Алиевдей эл-жерин сүйүп, иш билгилик менен жакшы кызмат кылган эмес, деп батылдык менен айта берсек болот.
Жалпы улуттун жол башчысынын саясий ишмер катары, дагы бир маанилүү өзгөчөлүгүн, анын жалпы улуттук идеянын тегерегине элди топтоого жана кыйын кезеңде, эл башында турууга жөндөмдүү болгондугун айта кетиш керек. Муну мурунку советтик жетекчилердин бири да жасай алган эмес. КПСС БК нын Политбюросунун мүчөсү болуп шайланып, СССРдин Министрлер Советинин башкармасынын биринчи орун басары болуп иштеп, Москвага көчүп кеткенден кийин дагы өз респуликасына тынымсыз көз салып турган. Ошол мезгилде Москвада жана СССРдин башка шаарларында Азербайжандын маданият күндөрү өткөрүлүп турган, театрдын сахналарында «Кёроглу», «Аршин мал алан», «Легенда о любви», «Тысяча и одна ночь» сыяктуу опералар коюлуп, өлкөнүн телеканалдарында Азербайжан жөнүндө телеберүүлөр болуп турчу. Гейдар Алиев Азербайжандын акын, жазуучуларын, илим менен искусствонун адамдарын жаңы чыгармачылыкка шыктап, мамлекеттин жогорку сыйлыктары менен сыйлап, алардын юбилейлерин өткөрүүгө көңүл бөлүп, чоң маани берчү. Анын максаты жалпыга маалим эле. Ал дайыма улуттук адабияттын улуулугун жана анын тилинин бай экендигин көрсөтүүгө умтулчу. Мына ушул аракеттердин негизинде 1978 жылы Азербайжан ССРинин конституциясын кабыл алып жатканда азербайжан тилине мамлекеттик тил, деген статус берилген.
Гейдар Алиев жаштарга билим берүүгө аябай көңүл бөлгөн. 1960-жылдары чет жерлерге окууга жиберилген Азербайжан жаштарынын саны аябай аз эде. Мисалы,1969-жылы билим алуу үчүн башка республикага 47 гана киши жиберилген, анын көпчүлүгү азербайжан улутундагылар эмес эле.Гейдар Алиевдин принциалдуулугунун жана демилгесинин натыйжасында 1980 жылы бул сан 1400 жетти.
1971 жылы 20 июнда Бакуда Дж.Нахичеванский атындагы адистештирилген мектеп-интернат ачылган, ал мектеп азербайжан жаштарынан көп офицерлерди даярдап чыкты.Гейдар Алиевдин чечими менен жыл саын бул мектепке иранда жашаган азербайжандар кабыл алынчу. Ал убакта буга СССРдин БК инин макулдугу керек болчу. Гейдар Алиев азербайжанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө жашаган азербайжан жаштардын келечеги үчүн колунан келген мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын пайдаланган. Анын дүйнөдөгү азербайжандардын бардыгын бир идеянын тегерегине чогултсам деген ою өткөн кылымдын аягында ишке ашты.
1969 жылдан 1982 жылга чейин Гейдар Алиев републиканы жетектеген. Ошол жылдар, элдин эсинде курулуштун жана чыгармачылыктын жылдары катары калды. 1970 жылдан 1980 жылга чейинки он жылдын ичинде жүзүмдөн алынган түшүмдүн саны он эсеге өсүп, эки жүз миң тоннадан эки миллион тоннага жетти.Жүзүмчүлүктөн башка пахтачылык да жакшы өнүккөн. Азербайжанда өстүрүлгөн мөмө-жемиштер менен жашылчалар миңдеп тонналап өлкөнүн алыскы бурчтарына чейин ташып жеткирүлчү. Ошол эле жылдары республикада 325 өнөр жай ишканалары курулуп, иштей башташты. Эл чарбасынын ар кандай тармактарындагы жетишкендиктери үчүн Азербайжан он эки жолу СССРдин социалисттик мелдештеринин жеңүүчүсү болгон. Анын көп кырдуу ишмердигин натыйжасында республика өнөр жайдын бир катар тармактарында алдыңкы орундарды ээлеп турду. Официалдуу маалыматтарга караганда Азербайжандын үй фонду 1969-1982 жылдары үч эсеге өсүп, элдин материалдык абалы бир кыйла жакшырган. Советтик алдыңкы окумуштуулардын берген баасына караганда он жылдын ичинде эле Азербайжандын өнөр жай потенциалы эки эсеге өсүп, шаар менен кыштактары таанылбастай өзгөрдү. Кийин, суверендүү Азербайжанды башкарып турганда, президент Гейдар Алиев ошол республиканын гүлдөп өскөн мезгилин эстеп, мындай деген: «Ал бир сонун жылдар эле...Кээде жумуш бүткөндөн кийин да кетпей, отуруп алып ойлонуп, биздин республиканын абалын жакшыртуунун планынтүзүп. Мага берилген кызматтын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, өз элиме пайдалуу нерселерди жасап кетсем экен, деп ойлочумун».
Ошол кездеги он беш союздук республикалардын ичинен, Россия менен Азербайжан гана союздун бюджетинен сувенция алышчу эмес. Чынында эле азербайжанды Гейдар Алиев жетектеген жылдар, курулуштун, чыгармачылыктын жана гүлдөп-өсүүнүн жылдары болуп калды.
Батыштын көптөгөн саясат таануучулары 1970 жылдары жана1980 жылдын башында Азербайжанды, СССРдин гүлдөп-өскөн аралы, деп аташчу. Гейдар Алиевдин ошол кездеги максаты, бардыгын Азербайжандар менен тааныштырып, анын аброюн көтөрүү болчу. Жыйырманчы кылымдын 70 жылдарына чейин, дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө гана эмес, СССРдин республикаларында да, биздин республиканын атын айтканда Баку менен гана нефтини эстерине түшүрүшкөнү менен Азербайжандарды жакшы билишпегенин моюнга алыш керек.
Бүгүнкү күндө Азербайжан дүйнөдөгү эң белгилүү, сыйга татыктуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет, анын суверенитетинин негизин улуу жол башчы Гейдар Алиев куруп кеткендиги баарыбызга белгилүү.
Өзүнүн эмгекчилдигине, кесипкөйлүгүнө жана эл менен сүйлөшө билгенине караганда Гейдар Алиев Совет мамлекетин жетектөөгө бардыгынан татыктуу адам эле. 1984 жылы СССР дин тышкы иштер министри Андре Громыконун мындай деп айтканы бар: « Биздин Политбюродо үч гана салыштырмалуу жаш адам бар: Григорий Романов, Михаил Горбачев жана Гейдар Алиев. Акыркысы мага калгандарынан көбүрөөк жагат...Алиев кыйын уюштургуч, чынчыл жана тарбия көргөн адам».
Катары менен каза болгон“Кремлдик абышкалардан кийин”, 80 жылдардын ортосунда батыштын массалык маалымат каражаттарында, Алиевди КПСС БК нын Генералдык секретары болоору жөнүндө сөз болуп калган. Аларга караганда Гейдар Алиев жаш да кайратту да көрүнчү. Анын үстүнө, аны өлкөдөгү эң көрүнүктүү, таланттуу уюштургуч катары чет өлкөдө жакшы билишчү. Өзгөчө совет саясатын Азия, Африка өлкөлөрүнө жана Чыгыш тарапка таратуучу катары сыйлашчу.
Гейдар Алиев өмүрүн тобокелге салып, дүйнөнүн туруксуз режимдеги региондоруна коп барчу. Ал согуш жаңы эле бүткөн Вьетнамда, президент Хафез Асад менен палестиндик радикадардын ортосундагы чырдын күчөп турган убагында Сирияда, согушуп жаткан Анголада болгон. Ал кандай гана дипломатиялык деңгээлде болбосун, кандай гана каршылашы болбосун тил табышып кетээр эле. Анын иш билгилиги, эл аралык аренада да көрүнүп калган. Баса, Гейдар Алиевдин Советтер Союзун жетектеп калуу мүмкүнчүлүгү болгондугун АКШ да болгон бир эпизод тастыктайт, аны журналист Андрей Караулов өз китебинде жазып кеткен:
«Гейдар Алиевич Клинтондордун Кемп-Дэвиддеги резиденциясында конок болуп жатканда, кичинекей моторлуу кайык менен Жорж Буштун улуусу Алиевди өзүнүн ранчосуна конокко чакырганы жалгыз эле келип, мындай деп айткан экен. «Биз аябай коркконбуз, мистер Алиев, – деп мойнуна алыптыр АКШ нын мурдакы президенти- биз сизди Советтер союзун жетектеп калат, коркконбуз…», муну А.Караулов уккан экен.
Жорж Бушка КПСС БКнын Политбюросу Алиевдин кандидатурасын генералдык секретарынын ордуна талкуулап жатат деп сөзсүз айткан болуулары керек. Башка бир белгилүү россиялык саясат таануучудан «Эгерде К. Черненконун ордуна Горбачев болбой, Гейдар Алиев болуп калганда, СССР талкаланбай, кытайдын модели менен өнүгө берет эле деп жүрүшөт, ошол чындыкка жатабы? Деп сураганда, ал мындай жооп берген: «Мага тарых жөнүндө этиштин шарттуу ыңгайы менен жооп берүү кыйын, бирок Алиев эрки күчтүү, принципиалдуу адам эле. Ал СССРдин министрлер советинин башкармасынын биринчи орун басары болуп иштеп турганда өлкө үчүн көп жакшы нерселерди жасап, дайыма абал татаал жерде болчу». Бирок, союздун жетекчилигиндеги шовинистик ойдогу адамдар, Гейдар Алиевдин кесипкөйлүгүнө жана адамкерчилине ичтери тарып, ага өзүнө татыктуу кызмат ордун ээлөөгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту.
Илгертен азербайжандын жери болгон-Тоолуу- Карабахты тартып алып, Арменияга берүүнү көздөгөн СССРдин жетекчиси Михаил Горбачев өз максатына жетиш үчүн, жолунда жолтоо болуп турган жалгыз кучтү, Гейдар Алиевди 1987 жылы октябрь айында бийликтен кетирди. Туптуура кырк күндөн кийин «карабах картасы» ойнолуп, азербайжан жерин басып алуу процессине жол берилди. Ошол эле убакта Азербайжанда элдик кыймыл башталды. Гейдар Алиев пенсияга чыгып, Москвада жашап жатса дагы, анын душмандары ошол кыймылдын артында Алиев турат деп чыгарышты. Ошондуктан М.Горбачев, анын жакын жан жөкөрлөрү,жана Бакудагы алар бийликке койгон кишилер өздөрү айткандай «Алиевщина» менен күрөшүүгө бардык күчтөрүн жумшашты. Дагы бир маанилүү факты айта кетейин, жыйырманчы кылымдын 70 жылдарынын башында, илгертен Азербайжанга тиешелүү болгон Тоолуу-Карабах Автономный облусунун “маселеси” пайда болгондо, Гейдар Алиев принципиалдуу позицияны ээлеп, бул авантюрага жол берген эмес.Ошондо эле армяндар жана алардын чет өлкөлөрдөгү колдоочулары , Алиев республиканы башкарып турганда алардын кыялы, кыял бойдон калаарын түшүнүшкөн. Михаил Горбачев жана анын жан жөкөрлөрү алдыларына, эркин жашап, жерин бирөөгө бергиси келбеген азербайжан элинин жаагын басып, Гейдар Алиев тарбиялап чыгарган мекенчил улуттук кадрларды бийликтен алыстатып, азербайжанды Москванын бийлигине толугу менен баш ийдирип, республикада өздөрүнө жаккан марионеттик режимди куруу максатын коюшкан. М. Горбачев башында турган советтик жетекчилик жана анын Бакудагы жардамчылары 1990 жылдын январь айында азербайжан элин коркутуп, күч алып келаткан элдик кыймылды басуу үчүн,кандуу трагедияны башташты. Ал эми 1992 жылдын 25 февралынан 26 сына караган түнү армян улутчулдары жыйырманчы кылымдагы эң бетпактык кылмышты- Ходжалы шаарында геноцидди жасашты.Советтик жетекчиликтин колдоосу менен армения идгертен азербайжанга тиешелүу жерлерди армениянын басып алуусунун натыйжасында, армяндар жашаган жерлеринен кууп чыккан миллиондон ашык качкындар пайда болсо дагы, алар өз максаттарына жетишкен жок. М.Горбачевдун жана армян шовинисттеринин жүзүкаралык аракеттери азербайжан элинин эркин мокото алган жок. Анткени мурда элдик, кийин улуттук кыймылдын катышуучулары, бир кезде жалпы улуттун жол башчысы тарбиялаган кесипкөй адамдар эле. Гейдар Алиев Москвада жашап жаткан мезгилде, ал 1990 жылы өз мекенине келгенче элдин үнү ага жакшы жеткен эмес. 1990 жылы Январь айындагы трагедиялык окуянын эртеси Москвада жашап жаткан Гейдар Алиев Азербайжан ССРинин туруктуу өкүлчлүлүгүнө келип, борбордук коомчулуктун, азербайжан диаспорасына жана дүйнөнүн массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрүнүн алдында чыгып сүйлөп, СССРдин жетекчилерин жана алардын республикадагы жандоочуларын, Азербайжан элине каршы жасаган кандуу кылмыш кылгандыктарын айтып, күнөөлөдү. Көп өтпөй өз мекени, азербайжандын бир бөлүгү болгон Нахичеванга кайтып келди. Ошентип 1990 жылы 18 июнда Гейдар Алиевдин азербайжанга, андан кийин Нахичеванга кайтып келиши, өз эрки менен коммунисттик партиянын катарынан чыгышы, азербайжандын жана нахичевандын Жогорку Советтерине депутат болушу, акыры 1991 жылы 9 сентябрда нахичевань Автономный республикасынын парламентинин төрагасы болуп шайланышы, 1988 жылы башталган элдин стихиялык кыймылынын, Азербайжандагы улуттук-боштоңдук кыймылына айлануусуна негизи болуп калды. Ата-мекени кыйынчылыкты башынан өткөрүп жаткан мезгилде кайтып келип, күчөп бараткан элдин кыймылына кошулду. Көп өтпөй эле көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Гейдар Алиев элдик кыймылдын жол башчысы болуп калды. 1969 жылы 14 июлда Азербайжан республикасынын жетекчиси болуп шайлангандан баштап эле, элдин ишенимине кирип, жакшылыкта да жамандыкта да эл менен болуп, кыска убакыттын ичинде элдин жолбашчысына айланды. Кайда болбосун, кандай иште иштебесин, элин эсинен чыгарган эмес.
1982 жылы ноябрь айында Гейдар Алиев КПСС БК нын Политбюросуна мүчө, СССРдин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандан кийин, ошол эле жылдын декабрь айында ф.Э. дзержинский атындагы клубда(азыр Шахрияр аттуу маданият сарайы) узатуу аземи болуп өттү. Республиканын телевидениеси муну түз эфирде берди. Аземге катышып отурган агроөнөржайынын өкүлдөрү, врачтар, орто жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери, партиялык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, маданият жана исскуствонун ишмерлери кубанычты жана ошол эле убакта кайгыруу сезимин да баштарынан өткөрүп жатышты. Көбү көздөрүнө жаш алышты. Ал кубанычтын жашы эле, анткени 70 жылдын ичинде Азербайжандын уулу биринчи жолу СССРдин эң жогорку кызматтарынын бирин ээледи. Ал кайгынын да жашы эле, анткени Гейдар Алиев өзүнүн Азербайжанынан кетип жаткан. Узатуу аземи, жалпы элдин жана Азербайжандын жарандарынын, өзүлөрүнүн жол башчысына болгон сүйүүсүнүн жана көрсөткөн сыйынын мисалы болуп калды. Кийин 1987 жылы октябрь айында Гейдар Алиевдин бардык кызматтарынан бошоп кеткендиги жөнүндөгү кабарды да азербайжандын эли кайгыруу жана капалануу менен кабыл алды.1987 жылдын күзүндө кызматтан бошоп кеткенден кийин Гейдар Алиев (1987 – 1990 жылдары) жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген жок. Так ошол, үч жылдын ичинде, өткөн кылымдын 80 жылдардын аягында 90 жылдардын башында, Азербайжан туш келип, чече турган маселелердин негиздери түзүлгөн. Ошол кооптуу жылдарда республиканын жарандары оор үшкүрүнүп мындай, деп айтышчу: «Эгерде Алиев бийликте болгондо, бул балакет болбойт эле».
Тагдырдын жазмышы менен 1990 жылы Гейдар Алиев Нахичеванга келгенден кийин, аз убакыттын ичинде эле, саясий аренага кайра келди. Азербайжан ССРинин Жогорку Кеңешинге депутат болуп шайлангандан кийин, парламенттин сессияларынын биринде чыгып сүйлөп, Азербайжандын эгемендүүлүгүн камсыз кыла турган, нормативдик-укуктук мыйзамдын пакетин кабыл алууну сунуш кылган. Андан тышкары, Гейдар Алиев республиканын жарандарын, ошол кездеги республиканын жетекчилеринин, бүткүл союздук референдумда, республиканы СССР дин курамында калсын, деген сунушун жана демилгесин колдобоого чакырган. Мына ошентип, Тоолуу-Карабахты күч менен азхербайжандан тартып алып, Арменияга берүүнү каалаган арменияны колдогон күчтөрдүн планы таш капкан. Ал эми,Нахичевань Автономдуу Республикасынын Жогорку Межлисинин сессиясында, Гейдар Алиевдин жетекчилиги астында, Азербайжандын Мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн негизин түзгөн, маанилүү документтер жана мыйзам актылары кабыл алынган. Нахичевань Автономдуу Республикасынын Жогорку Межлисинин жалпы улуттун жол башчысы отуруп, иштеген имараты, иш жүзүндө Азербайжандын улуттук-боштондук кыймылынын штабына айланды. Республиканын борбору-Баку шаарында бийлик үчүн жан аябаган кармаш жүрүп жаткан.Москваны колдогон Аяз Муталлибов улуттун суверенитети жөнүндө ойлоп да койгон эмес. Акыры ал, абал жарандык согушка айланып кетээрде, Москвага качып кетип кутулду. Андан кийин мамлекеттик эгемендүүлүктү жактап, колдогон, бирок мамлекеттин суверендүүлүгүн коргоп, сактап калууга эч тажрыйбасы жок, бийлик талашкан өзүнүн эле жан жөкөрлөрүнүн койгон доолорунан кутула албай, улуттук-боштондук кыймылына тоскоол болгон күчтөргө каршы тура албай А.Эльчибей кызматын таштап, айылы Келекиге кетип калды. Мен эмне үчүн, азыр өткөн окуяга кайрылып жатам?
Анткени азыр оозу менен орок оргон, оппозициянын өкүлдөрү жаттап алгансып “элдик кыймыл”,”улуттук-боштоңдук кыймылы” деп эле ооздорун толтура сүйлөшүп, өзүлөрүн ошол кайгылуу окуялардын алмаштыргыз катышуучулары катары көргөзгүлөрү келип жатат. Алардын кээ бири, ошол улуттук-боштондук кыймылдын башында туруп, Советтер Союзун мен талкалап, өлкөнүн суверендүүлүгүн мен камсыз кылгам, дегенге чейин барып жатат. Мен, аларга ар бир окуяга адилеттүү, обьективдүү бааны өлкөнүн жарандары, эл гана берет деп эскертет элем. Өлкөнүн жарандарынын андай бааны берүүгө күчтөрү жетет. Эл, кимдин чыныгы жол башчы, ал эми ким эки жүздүү калпычы экендигин жакшы билет. Өзүн, өзү жол башчымын, деп айткан менен элдин ал жол башчы, деп эсептегенинин ортосунда чоң айырма бар. 1988 жылы башталган элдик кыймылдын да, 1990 жылдын 20 январында болгон кайгылуу кандуу окуядан кийин пайда болгон, улуттук-боштоңдук кыймылынын да жетекчиси, коомдук-саясий ишмер Гейдар Алиевдин өзү гана болгондугун эч ким тана албайт.
Көптөгөн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер, өлкөлөрдүн жетекчилери сыяктуу эле Гейдар Алиев да “улут”, “улуттук мамлекет”, “эгемендүүлүк”, “улуттук биримдик”, “улуттук ар-намыс”, “улуттук идеология” жана “улуттук мамлекеттүүлүк” деген сөздөрдү көп колдончу. Бирок, ал бул сөздөрдү мекендештеринин сүйүүсүнө жана сыйына ээ болуш үчүн эмес, тескерисинче ар кадамы сайын, өзүнүн көп кырлуу иштерине, элдин аң-сезимине таянып, Азербайжанды мамлекеттик суверендүүлүккө алып келаткан. СССР тарап, тарихый кыйын абал түзүлүп турганда, Гейдар Алиев биринчи болуп, эркиндиктин туусун көтөрүп чыкты. Өзүнүн эл алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, Гейдар Алиев Азербайжан республикасынын эгемендүүлүгү- бул тарихый окуя, ал азербайжан элинин байлыгы, анын тарихый жетишкендиги , деп бир нече жолу айткан. Ошондуктан, кээ бир саясий топтордун, кыймылдардын, күчтөрдүн жана уюмдардын, улуттук эгемендүүлүккө жетишүүдө биздин салымыбыз чоң деп айтууга акылары жок. Азербайжан республикасынын эгемендүүлүк үчүн жүргүзгөн күрөшүнүн жол башчысы да, жетекчиси да, туу көтөргүчү да Алиев болгон, деп ишенимдүү айта алам. Мен, жалпы улуттун жол башчысынын «эгемендүүлүктү жеңип алганга караганда, аны коргоп, сактап калуу кыйыныраак»деген дагы бир учкул сөзүн айта кетейин. Биздин, тарыхыбыздын акыркы 80 жылынан ала турган сабагыбыз-бул жалпы улуттун жол башчысы Гейдар Алиев биздин суверенитетти жеңип, коргоп жана сактап калууда уникалдуу, кайталангыз ролду ойногонун дайыма эстеп жүрүүдө жатат. Гейдар Алиев азыркы Азербайжандын негиздөөчүсү болгон. Өз өлкөсүнө, элине жана азербайжандын мамлекеттүүлүгүнө кызмат кылуу, Гейдар Алиевдин жашоосунун принципи жана мазмуну эле. Анын жашоодогу дагы бир маанилүү принципи,реформаторлук жана новаторлук болчу. 1970 -80 жылдары ал Азербайжан ССРин жетектеп турганда да, 1982 – 87 СССР дин жооптуу, чоң кызматында иштеп турганда да, 1990-93 жылдары Нахичевань Автономдуу Республикасынын Жогорку Межилинин төрагасы болуп турганда да, кийин 1993 жылы Азербайжан республикасынын президенти болгондо да, өз иштеринде, жакшы натыйжаларын берген, новатордук жолдорду көп колдонгон.Жетекчи-уюштургуч катары, ал алдына койгон максатын жана милдетин жакшы түшүнчү, ага жетүү үчүн, азыр айтып жүрүшкөндөй инновациялык жолдорду колдонуп, пайда коэффицентинин жогорку деңгээлине жетишчү, таланттуу жана жөндөмдүү жаш кадрларды алдыга жылдырып турчу.Гейдар Алиев өзүнүн жасап жаткан иштерин бүтүрбөй жарым жолго таштап койбой, аягына чейин бүтүрчу.
Азербайжан элинин кызыкчылыгын көздөп, элдин тарихый кыялын жана каалаганын ишке ашырып, азербайжан мамлекетинин пайдубалын түптөгөн. Азыркы азербайжанды дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы, укуктук жана демократиялык өлкө катары кабыл алышат. Гейдар Алиев, азербайжан элинин адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын жогору баалап, аны башка элдерге тааныткысы келчү. «Биздин эл-оптимист. Ал эч качан бирөөнүн алдында башын ийбейт, ийилбейт, сынбайт, эч качан тизе бүкпөйт», -деп айтчу Гейдар Алиев. Ага күч-кубат берип турган өзүнүн эли эле. Ал өз элине карапайым бир элдин тобундай карачу эмес, ал өз эли менен сыймыктанып: «Биздин эл-баатыр эл» деп Гейдар Алиев элине, эли өзүнө ишенгшендей ишенчү, ошондуктан эли өз тагдырын ага ишенип берген. Гейдар Алиев дайыма эл ишенимин актаган саясий ишмер болчу. Биз бардыгыбыз, «Гейдар Алиевдин саясат жана башкаруу мектебинен» тарбия алгандар жалпы улуттун жол башчысынын саясий жана чыгармачыл мурастарын окуп үйрөнүп, аларды өз ишибизде колдонушубуз керек.
Бүгүн азербайжандын мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышына жана өнүгүүсүнө күчтүү түрткү бере турган эки фактор бар: Алиевдин идеялары жана эл менен бийликтин ортосундагы биримдик. Жалпы улуттун жол башчысынын идеяларын, саясий багытын Азербайжан Респуьликасынын президенти Ильхам Алиев ишке ашырып жана улантып жатат. Ал бийлик менен элдин ортосундагы биримдиктин, коомдук-саясий абалдын туруктуулугунун жана коомдук-экономикалык өнүгүүнүн ишенимдүү сакчысы. 2017 жылы 26 майда Азербайжан Республикасынын күнүнө арналган официалдуу кабыл алуунун учурунда “Бута” сарайында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Азербайжан республикасынын президенти Ильхам Алиев мындай, деп баса көрсөттү: Стабилдүүлүктүн чыныгы мааниси, элдин мамлекеттик саясатты колдогондугунда, коомдук-саясий абалдын туруктуулугуна ыраазы болуп өз өлкөсү үчүн сыймыктангандыгында жатат. Биз стабилдүүлүктү түздүк, ошол стабилдүүлүктүн негизинде томөнкү факторлор жатат: эл менен бийликтин ортосундагы биримдик, биздин саясат жана жетишкендиктерибиз. Үгүттүн эң жакшы каражаты-бул турмуш чындыгы, турмуштун өзү. Бүгүн Азербайжан бардык жагынан өнүгүп жатат. Эл чарбасынын бардык тармактарынан таң калаарлык ийгиликтерге жетишип, жакшы натыйжаларды алдык». (2017 жылы 27 майда чыккан. «Халг газети» инин №113 санынын 2 бетин караңыз).
Азербайжан бүгүн, дүйнөлүк аренада өз кызыкчылыгын билгичтик жана чеберчилик менен коргоп,алдыңкы улуттардын биримдигинде сыйга жана чоң абройго ээ болуп отурат. Бүгүн биздин өлкөнүн жер жүзүндөгү бардык эл аралык уюмдар жана өлкөлөр менен жакшы байланыштары бар. Атап айтканда, Ислам кызматташтык уюму жана анын катарына кирген өлкөлөр, эл аралык аренада, Азербайжан республикасынын кызыкчылыгын татыктуу коргоп келатышат. Өлкөнүн коомдук-экономикалык тармагын карап көрсөк, акыркы жылдары Азербайжанда 600 ашык ооруканлар курулуп жана ремонттлгон, 3000 ашык мектептер курулуп, натыйжада элге билим берүүнүн деңгээли бир топ өстү. 2016 жылы беш млн ашык азербайжандын жарандары акысыз дарыланышты. Ал эми качкындар жана жер которууга аргасыз болгондор үчүн жүзгө жакын кыштактар жана шаар типиндеги кыштактар курулду. Азыр Азербайжандын эң жаңы технология жана куралдардын жаңы системалары менен куралданган, жогорку комадачынын буйругу менен кандай гана татаал тапшырма болбосун чечип, армяндардын куралдуу топтору басып алган жерибизди бошотуп, тазалап коё турган куралдуу күчтөрү бар. Бул аксиоманы 2016 жылы 3-5 апрелде болгон армяндар менен болгон салгылашуу дагы бир жолу дүйнөгө тастыктап койду.Алар бүткүл дүйнөгө Азербайжан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн солдат менен офицерлеринин жогорку моралдык духун, куралын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп коюшту. Мелдешке жөндөмдүүлүгү жагынан Азербайжандын экономикасы дүйнөдө 37-чи орунду ээлейт. Азыркы мезгилде Азербайжан республикасы чоң пайда алып келе турган, “Южный газовый коридор”, “Шахдениз-2”, “Трансанатолийскй газопровод-ТАНАП”, “Трансадриатический газопровод-ТАП”, “Баку-Тбилиси-Карс”Темир жол диниясы жана “Международный морской порт Алят” ж.б.сыяктуу эл аралык маанидеги чоң проектерди ишке ашырып жатат. Ушул ийгиликтердин жана жеңиштердин негизинде, эгемендүүлүк жана мамлекеттүүлүк деген азербайжан элинин жалпу улуттук жол башчысы Гейдар Алиевдин идеялары жатат. Улуттук суверенитет –биздин эң кымбат,баа жеткиз байлыгыбыз, биз эгемендүүлүгүбүздү сактап келе жатабыз жана сактай беребиз.

2 : KЫРГЫЗСТАН- Азербайжандын ишенимдүү шериктеши.
Набирая динамику и отношения между Азербайджаном и Кыргызстаном. Обе народа объединяют общие исторические культурные, языковые и религиозные корни. Многие поколения наших народов воспитывались на творчестве выдающихся представителей Азербайджана и Кыргызстана, а также бессмертных литературных эпосов - “Китаби Деде Коркуд”, Манас, Низами Гянджеви, Мухаммеда Физули, Чингиза Айтматова, Бюль-бюля, Муслима Магомаева и других. В последние годы благодаря мудрой политике, проводимой Президентом Азербайджана Ильхамом Алиевым и Президентом Кыргызстана СооронбаемЖээнбековым успешно развивается и торгово-экономическое сотрудничество.
Уместно было бы отметить и роль азербайджанской диаспоры в укреплении азербайджано-кыргызской дружбы. 12 марта 2007 года в Бишкеке при участии представителей азербайджанской диаспоры и сотрудников администрации президента и правительства Кыргызстана, деятелей культуры, науки и искусства был широко отмечен юбилей основоположника современного Азербайджана Гейдара Алиевича Алиева. Последующие мероприятия, посвященные 85-летнему юбилею общенационального лидера азербайджанского народа Гейдара Алиева и столетнему юбилею выдающегося писателя МирДжалала Пашаева в мае 2008 года, организованные президентом “Фонда поддержки политики тюркоязычных государств” Нусрета Мамедова придали дополнительный импульс развитию культурных связей между двумя тюркоязычными народами и странами. Во всех мероприятиях самое активное участие принимали такие известные представители кыргызской интеллигенции, как всемирно известный писатель, выдающийся общественно-политический деятель, Герой Социалистического труда, лауреат Государственной премии СССР Чингиз Айтматов и народный артист СССР Болот Шамшиев.
В ходе своего визита в Азербайджан на одной из встреч с общественностью Республики Чингиз Айтматов сказал следующее:

«Гейдар Алиев действительно был исторической и легендарной личностью. Такое мнение о Гейдаре Алиевиче было как во времена бывшего СССР, так и на постсоветском пространстве, и в заметно осложнившейся международной обстановке. Гейдар Алиев всегда служил своему народу.
Он в отличии от своих ровесников и политических деятелей, являвшихся моложе него, смог мобилизовать готовность самым актуальным вызовам современного периода. Именно благодаря богатейшему политическому опыту Гейдара Алиева, его широчайшему гуманитарному мировоззрению в настоящее время в Азербайджане царит стабильность, толерантность, высокая культура и просвещение. Все это станет важнейшим фактором обеспечения современного развития и прогресса азербайджанского государства.

Эти реалии происходят в мире глобализированнойрыночной экономики. Не смотря на большие трудности на пути приобретения государственной независимости Азербайджанская Республика заняла достойное и демократическое место как в регионе так в целом в мире. В этом вопросе решающая роль и историческая миссия легла на плечи Президента Азербайджана Гейдара Алиевича Алиева.
Он является самым востребованным политическим и государственным деятелем среди политиков современного мира и одним из самых великих лидеров двадцатого века.
Г.Алиев - один из творцов новейшей истории современной демократической Евраазии.»
Как известно,  2008 год был объявлен Годом Чингиза Айтматова. Во многих государствах мира был разработан и утвержден план мероприятий по подготовке и проведению юбилея великого писателя. Первые и последние юбилейные торжества прошли в Азербайджане. Это событие состоялось по инициативе “Фонда поддержки политики тюркоязычных государств” в Бишкеке. По поручению Президента Азербайджана Ильхама Алиева для проведения юбилейных торжеств был привлечен ряд государственных и неправительственных организаций - общественно-политический отдел администрации Президента Азербайджана, министерство культуры и туризма, исполнительная власть и муниципалитет Сабаильского района города Баку, Союз писателей Азербайджана, Азербайджанское представительство Всемирного Конгресса азербайджанцев, Центр по сотрудничеству тюркоязычных государств (АТХАМ), благотворительное общество Кюр-Хазар и другие.
Это событие стало ярким примером в расширении дружественных отношений азербайджанского и кыргызского народов. Президент Азербайджана принял высокого гостя вместе с Президентом фонда поддержки политики тюркоязычных государств Нусретом Мамедовым и своим указом наградил писателя  “Орденом Дружбы” номер 1.

Встречая всемирно известного писателя глава азербайджанского государства сказал: “Я рад снова видеть Вас в Баку, Чингиз Торекулович. Орден “Достлуг - Дружба” вручается Вам неспроста. Вы всегда были большим другом Азербайджана. И в советское время, - мне об этом рассказывал отец, - и во времена независимости. В тяжелую минуту Ваш голос всегда звучал очень отчетливо за справедливость, мир, сотрудничество. Поэтому разрешите вручить Вам эту награду.”

Награжденный орденом писатель, поблагодарив Президента Азербайджана за высокую награду подчеркнул, что он всегда глубоко уважал азербайджанский народ и лично его лидера Гейдара Алиевича Алиева.
Напомнив о том, что оно часто встречался с Гейдаром Алиевым в Москве, Чингиз Айтматов отметил, что посещая в очередной раз в Баку он ещё раз засвидетельствовал свою любовь и уважение к Азербайджану.
В ходе посещения многочисленных мероприятий Чингиз Айтматов выразил признательность за все услышанные тёплые слова и оказанные ему прием и высокое гостеприимство, а также за то, что его первые юбилейные торжества прошли именно в Азербайджане и сказал: “Сегодня для меня знаменательный день. Я глубоко благодарен азербайджанскому народу за любовь и признание моих скромных заслуг. Мне трудно говорить, так как переполняют чувства. Спасибо! Я счастлив, я очень счастлив!”
Визит всемирно известного писателя в Азербайджанскую Республику вызвал широкий резонанс в стране и в мире. Общественность Азербайджана очень тепло встретила Чингиза Торекуловича, а Союз писателей выдвинул его кандидатуру в качестве номинанта на Нобелевскую премию в области литературы.
В одном из своих интервью Чингиз Айтматов особо подчеркнул: “Успехи Азербайджана я воспринимаю с радостью и хочу сказать, что эта страна, завоевав независимость, самоопределяется и активно интегрируется в европейское сообщество. Это одна из самых больших удач на всём постсоветском пространстве”.

3 : Өзбекистан- Азербайжандын ишенимдүү шериктеши.

«Мен, биздин урматтуу коногубуз, Азербайжандын ишенимдүү досун, Өзбекстан Республикасынын президентин, өзүбүз сүйгөн Ислам Абдуганиевич Каримовду кабыл алып жатканыбызга аябай кубанычтуумун».
Ильхам Алиев, Азербайджан Республикасынын президенти.

Ислам Абдугани оглу Каримов 1938-жылдын 30 январында Самарканд шаарында туулган.1983 жылдан баштап, ал Өзбек ССРинин каржы министри болуп иштеген, үч жылдан кийин, 1986 –жылы республиканын министлер советинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, бир аз өткөн соң, Өзбекистандын өкмөтүн башкарган. 1989 жылы Өзбекистандын компартиясынын БК биринчи секретары Рафик Нышанов Москвага чоң кызматка көтөрүлүп кеткенден кийин, республиканын партиялык уюмун Ислам Каримов жетектеген, ошол мезгилден баштап Ислам Каримовдун доору башталган. 1990 республиканын биринчи президенти болуп шайланган. 1991 жылы 31 августта Өзбекистан мамлекети эркиндик алат, ошол эле жылдын 29 декабрында жалпы элдин берген добушунун натыйжасында Ислам Абдугани оглы Каримов эгемендүү Өзбекистандын презиленти болуп шайланат. 1995- жылы өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча Ислам Каримовдун президенттик бийлиги 2000 жылга чейин узартылган, андан кийин ар бир жети жыл сайын президенттик шайлоонун негизинде өлкөнүн башчысы болуп шайланып турган. Ал эми 2015 жылы март айында өткөн Өзбекстандын президентин шайлоонун жыйынтыгы, Ислам Каримовго өлкөнүн шайлоочуларынын 95 пайызы өз добуштарын бергендигин көрсөттү, бул өлкөнүн биринчи президентинин эл алдындагы аброю өтө бийик экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Ислам Абдугани оглы Каримов көз жумганга чейин мамлекеттин башында турду. Ислам Каримов экономика илиминин доктору болчу. Анын жубайы Татьяна Каримова экономика илиминин кандидаты, Өзбекистандын илимдер Академиясынын экономика институнда башкы илимий кызматкер болуп иштейт.
Ислама Каримовдун Гүльнара жана Лола деген эки кызы бар.
СССР кыйрап жаткан учурда тагдыр, боордош Өзбекстанга 27 жыл бою өлкөсүнө жана боордош өзбек элине тынч жана туруктуу турмушту камсыз кылган акылдуу, эрктүү жана күчтүү жетекчини тартуу кылды. Ислам Каримов ишенимдүү жана бекем тосмо коюп, Өзбек республикасын кан төгүүлөргө, тынч элдин кырылышына алып келе турган көптөгөн регионалдык кагылыштардан, этникалык сепаратизмден, каршылашуудан жана “Талибан” экстремисттик кыймылынын чабуулдарынан сактап калды.
Ислам Каримов Өзбекистанды Орто Азиянын туруктуу жана тез өнүгүп бараткан мамлекетине айландырып, элдин жыргал жашоосун камсыз кылды. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык система глобалдык кризиске учурап жаткан мезгилде, Эл аралык валюта фонду 2016 жылы Өзбекстанда туруктуу экономикалык өсүш болоорун алдын ала айтты. Ал эми 2015 жылы бул өлкөдө ВВП нын өсүшү сегиз процентти түзгөн.
Биз өзбек элине, Өзбекстандын көрүнүктүү уулу, саясий жана мамлекеттик ишмер Ислам Абдугани оглы Каримовдун дүйнөдөн өтүп кеткенине байланыштуу көңүл айтабыз жана Өзбекистан мамлекетине туруктуу өнүгүү үчүн биримдикти сактап жана коргоп калуусун каалайбыз.
Азербайжандын чыныгы досу жана ишенимдүү шериктеши катары Өзбекстан эл аралык мамилелерди жана нагорно-карабак маселелерин жөнгө салуу боюнча ыраттуу жана принципиалдуу көз карашта турат.
«Мен, биздин урматтуу коногубуз, Азербайжандын ишенимдүү досун, Өзбекстан Республикасынын президентин, өзүбүз сүйгөн Ислам Абдуганиевич Каримовду кабыл алып жатканыбызга аябай кубанычтуумун».
Ильхам Алиев, Азербайджан Республикасынын президенти.
Эл аралык аренада Азербайжандын досу жана шериктеши болуп жүрүшкөн көп эле өлкөлөр бар, бирок Азербайжандын территория боюнча бүтүндүгүн колдоп, Нагорный Карабакты Азербайжандын ажырагыз бөлүгү катары эсептеген өлкөлөр анча көп эмес, ошолордун бири Өзбек республикасы деп айтсак болот.
Кылымдар бою тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген Өзбекстан менен Азербайжан эли ортолорундагы жакшы мамилени дайыма сактап келишкен.Биздин достуктун тамыры кылымдардын тереңине кетет. Маданий, тил жана динибиздин окшоштугу биздин өлколөрдү жакындатып турат. Эки эл сүйлошсө бири-бирин жакшы түшүнүшөт. Ушул факторлордун бардыгы, Азербайжан менен Өзбекстан эркиндикти алып өнүгүп, саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп жаткан мезгилде өзгөчө мааниге жана актуалдуулукка ээ болот. Биздин өлкөлөрдүн достугу жана шериктештиги Орто Азияда жана Түштүк-кавказ регионундагы эл аралык мамилелеринин системасынын өнүгүшү үчүн негизги рольду ойнойт. Азербайджан жана Өзбекстан түрк тилдүү мамлекеттер болгондуктан, алар Эгемендүү Өлкөлөрдүн Биримдигине киришет.
Тарыхта эки же андан көп өлкөлөрдүн тарихый-этникалык, маданий, тил жана дин жагынан окшош болооруна мисалдар анча деле көп эмес. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык, саясий жана маданий байланыштар тынымсыз чыңдалып жана өнүгүп жаткандыгы кубандырбай койбойт. Азербайжан менен Өзбекстан эки тараптуу мамилени гана эмес, регионалдык деңгээлдеги жана эл аралык мамилелердин алкагындагы кызматташтыкты тереңдетип жана күчөтүп келе жатышат. 2008 жылы 14 мартта өткөн БУУ нун Генералдык Ассамблеясында нагорно-карабак чырын жөнгө салуу боюнча кабыл алган чечимин колдогон 43 мамлекеттин ичинде Өзбекстандын болгондугу эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштын жогорку деңгээлде экендигине мисал боло алат. Өзбекстанда жашап жаткан 50 миң Азербайжандар жана Азербайжанда жашап, иштеп жаткан өзбектер өздөрүн, жашап жаткан жерлеринде конокпуз, деп ойлошпойт. Алар өз өлкөлөрүнүн толук укуктуу жарандары жана өлкөлөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатышат.
Эгемендикти алгандан кийин Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы эки жакка тең пайдалуу мамиленин өнүгүү процесси башталган. Эки өлкө тен Орто Азияда, Каспий жана Түштүк-кавказ региондорунда коопсуздукту чыңдоодо маанилүү рольдорду ойношот. Өзбекстан республикасы өз регионунда алдыңкы ролду ойногондуктан, Түштүк-кавказ регионунда алдыңкы ролду ойногоп Азербайжан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого чоң маани берет. Эки өлкөнүн мамилеси сапаты жагынан жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 2008 жылы 11 сентябрда Өзбекстандын президенти Азербайжанга официальдуу визит менен келгенде, президент Ильхам Алиев “Гюлистан” ак сарайында официалдуу кабыл алып жатып азербайжан менен өзбек элинин ортосундагы илгертен келаткан достук жана боордоштук мамилени мындай деп мүнөздөгөн эле: «Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы сый жана ишенимдүү мамилелер биринчи кезекте биздин улуттук баалулуктарыбызга, үрп-адаттарыбызга, динибиздин бирдигине жана кылымдардан келаткан байланыштарыбызга негизделген.Биз бири-бирибизге таянып, бири-бирибизге жардамдашып келгенбиз. Биздин элдер дүйнөлүк цивилизацияга Низами Гянджеви жана Алишер Навои сыяктуу көрүнуктүү акындарды, философторду жана ойчулдарды берген.Маданияттын ушулар сыяктуу өкүлдөрүнүн чыгармалары, башка өлкөлөрдүн, башка элдердин маданиятынын өкүлдөрүн эргитип, чыгармачылыктарына шык берген». Өзбекстандын президенти Ислам Каримов да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер жөнүндө өз пикирин мындай деп билдирди: « Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерде бир дагы чечилбей калган маселе жок, андан тышкары Кавказ, Борбордук жана Орто Азияда болгон татаал маселелер боюнча биздин пикирибиз бир. Мен муну силер жакшы түшүнүп алгыла деп айтып жатам, деги эле Азербайжан менен Өзбекистандын президенттеринин көп маселелер боюнча ойлору бир, деп айтсам жаңылышпайм, бул биздин жетишкен ийгилигибиз». Эки өлкөнүн президенттери жолугушуп жатканда алардын көз караштары бир экендиги өзгөчө белгиленди. Бул фактор Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы татаал маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк берет. Абройлуу эл аралык уюмдардын алкагында иште, Азербайжан менен Өзбекстандын алган тажрыйбалары, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгына негиз боло алат. Бир сөз менен айтканда биздин элибиз илгертен келаткан салт-санаабызды, жакшы мамилебизди сактаары бышык. Эл аралык мамилелердеги көптөгөн актуалдуу маселелерди чечүүдө биздин эки өлкөнүн ойлору дал келип турат...
Ошентсе да эгемендүүлүктү алгандан кийинки жылдары Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди кайрадан жандандыруу бир топ кыйынчылыкка турду. Бийликте НФА менен «Мусават» турган кезде ушул уюмдардын жетекчилеринин тышкы саясатта кетирген каталары, бир катар мамлекеттер менен карым-катнашты түзүүдө, алардын ичинде Өзбекстан да бар тескери таасирин тийгизди. Ошол кезде НФА менен «Мусават»тын жетекчилеринин саясий сокурдугунан Өзбекстан менен биздин мамлекеттин ортосунда мамиле начарлап кеткен. 2008 жылы сентябрь айында биздин өлкөгө официалдуу визит менен келип Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ошол маселеге кайрылып кайгыруу менен мындай деген: «Эльчибей бийликте турган мезгил, эч себепсиз эле биздин эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы мамилени бузууга кылган аракеттери менен эсимде калыптыр. Мындай факт болгон, аны эстен чыгарбаш керек. Ким өз тарыхын унутса, анын келечеги жок. Биз мунун дайыма айтып келатабыз. Тарыхты билип, эстеп жүрүү менен бирге, ага сый мамиле жасаш керек. Бул биздин келечектеги укум-тукумубуз туура жолду тандап алыш үчүн керек».
Биздин эки элдин ортосундагы мамиленин сапаты жагынан жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнүн негизин, эки элдин көрүнүктүү жол башчылары – Гейдар Алиев менен Ислам Каримов түзүп кетишкенин өзгөчө белгилеп кетишибиз керек. Эки улуу жетекчи тең, өз өлкөлөрүндө мамлекеттүүлүктүн негиздөөчүлөрү болгондуктан, стабилдүүлүктү, өнүгүүнү жолго салуу үчүн өтө көп күч жумшашкан. Алардын жетекчилиги астында, биздин өлкөлөр эгемендүүлүктү алып гана тим болбостон, өзүлөрүнүн кызыкчылыгын коргоп, өз региондорунда татаал маселелерди жөнгө салууга мүмкүнчүлүк алышты.
Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштарды жана маилелерди чыңдап, бекемдөөдө жана терендетүүдө азыркы Азербайжан республикасынын негиздөөчүсү, жалпы Азербайжан элинин жол башчысы Гейдар Алиев чон роль ойногон. 2008 жылы 11 сентябрь айында жасаган өзүнүн экинчи официалдуу визитинин убагында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов мындай деп баса көрсөттү: « Азербайжанга тиешелүү нерселердин бардыгын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, досум Гейдар Алиевдин өз ишиндей карайм. Ал мени жакын досум дечү, мен дагы аны эң жакын кишимдей көрчү элем. Ал Өзбекстанга тиешелүү маселелерди өзүнүн маселелериндей көрчү». Гейдар Алиевди көрүнүктүү тарихый инсан катары мүнөздөп жатып, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов мындай деп кошумчалады: «Советтерден кийинки мейкиндикте ар бир маселени тегерете карап чыгап анан чечим кабыл алган улуу инсан катары билчү элем. Мен Гейдар Алиевичти аябай сыйлачумун. Ал чынында эле көрүнүктүү тарихый инсан эле. Ал түбөлүккө Азербайжандын жана Азербайжан элинин тарыхында калат. Акылман жана мекенчил адам катары Гейдар Алиев өз өлкөсүн коргоп жана сактап кала алды. Ал ошол бойдон биздин эсибизде калат. Андан кийин ачык жана прогрессивдүү ой жүгүрткөн акылдуу, келечекке өзүлөрүнүн ойлонулган программасы бар муун өсүп чыкты».
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жалпы улуттун жол башчысы Гейдар Алиевдин 1993 жылы бийликке кайра келгенден кийин, азербайжан-өзбек мамилелерин өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча перпективаларына карата берген көрсөтмөлөрүнө да кайрылып өттү: «Мен, биздин эки элдин ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө зор салымын кошкон Гейдар Алиевдин эрдигине, адамдык сапатына жана темирдей эркине башыбызды иебиз, деп белгилеп кетким келет. Азербайжан менен Өзбекстандын байланышын кеңейтүүдө жана тереңлетүүдө көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Гейдар Алиевдин салымы зор деп дагы бир жолу айтып кетейин. Биз аны эч качан унутпайбыз. Гейдар Алиевич Алиев, Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн биринчи жылдары, бийликке кокусунан келген адамдар бузуп коё таштаган Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди калыбына келтирип, көбөйтүп жана сактап калды». Өзбекстандын президенти Ислам Каримов совет доорунан кийинки мейкиндикте эмне болуп жаткан окуяларга дайыма көз салып тургандыгын баса көрсөтүп, мындай деди: «Мен, өз өлкөсүнө, жерине жана элине берилген Гейдар Алиевдей акылман адамды аз жолуктурдум».
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өз оюн жыйынтыктап жатып, мен жалпы улуттун жол башчысы Гейдар Алиев менен бирге иштешкениме бактылуумун деп баса көрсөтүп кетти. Ислам Абдуганиевич, Президент Ильхам Алиев атасынын жолун жолдогон татыктуу адам экендигин канааттануу менен айтып кетти. Азербайжан менен Өзбекстандын сүйлөшүүлөрүнүн убагындат азыркы Азербайжан Республикасынын негиздөөчүсү Азербайжандын өнүгүшүн жакшы түптөп кеткендигин баса көрсөтүп, анын жыйынтыгын азыр көрүп жатабыз деди. Жалпы улуттун жол башчысы Гейдар Алиевдин Өзбекстанга жасаган официалдуу визитин эскерип, Ислам Каримов мындай деди: «Мен Гейдар Алиев менен дос болгондугума сыймыктанам. Жашыбыздын айырмасына карабай мен ГейдарАлиевди досум деп эсепечүмүн. Гейдар Алиев Өзбекстанга келгенде биз аябагандай чон сый менен тосуп алганбыз. Ал Ташкент университетинин студенттеринин алдында чыгып сүйлөгөн. Мен ошол бактылуу мүнөттөрдү эч качан унутпайм. Биз, бири-бирибизди жарым эле сөздөн түшүнчүбүз». Президент Ислам Каримов өзүнүн азербайжан элинин чыныгы досу экендигин дагы бир жолу ырастап, төмөнкү сөзүн айтты: «Мен Азербайджанской Республикасынын жетишкендиктери менен сыймыктанам, бул жөнөкөй эле сөз эмес, бул менин жүрөгүмдүн теренинен чыккан сезимим».
Азербайжандын экономикалык жактан ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгына жана Азербайжан республикасынын президенти болуп тургандагы Ильхам Алиевдин иш-аракетине кайрылып Ислам Каримов мындай деди: « Өзбектерде: ата-эненин батасын алган баланын келечеги кең болот деген акылдуу сөз бар. Мен ушул жерде отурган азербайжандарга ушул сөздү эсиңерге тутуп алып, ушул принципте жашагыла деп айтаар элем. Менимче ушул элдин акылдуу сөзү Ильхам Алиевдин азыркы ишин туура мүнөздөйт».
Ислам Каримов жалпы азербайжан элинин жол башчысы Гейдар Алиев өзбек менен азербайжан элдеринин ортосундагы достукту калыбына келтирип, ишенимди бекемдөөдө зор күч жумшагандыгын бир нече жолу баса көрсөтүп кетти. Азербайжандын азыркы президенти Ильхам Алиев Азербайжан республикасынын негиздөөчүсүнүн алыска кеткен саясатын улантып жаткандыгын жана анын натыйжасы көрүнүп тургандыгын айтып өттү. Ушул эле сөзүн улантып жатып, ал мындай деди: «Мен президент Ильхам Алиевдин Гейдар Алиев мурас кылып калтырып кеткен потенциалды пайдаланышыбыз керек деген сөзүнө толугу менен кошулам>. Президент Ислам Каримов, Ильхама Алиевдин жасаган иштерине жогорку бааны берди. Ал азербайжан мамлекетинин азыркы башчысы, Гейдар Алиевдин саясий багытынын татыктуу жолдоочусу, деп баса көрсөттү: «1991 жылдагы Азербайжан менен азыркы Азербайжан республикасынын ортосунда чоң айырма бар. Совет доорунан кийинки көп республикалар азербайжандан үйрөнсө болот, көп артта калган тармактарды, бардык кучүн жыйнап туруп алдыга чыгарып кете алды. Азербайжан көптөгөн кошуна мамлекеттерге мисал боло алат».
Өз кезегинде Азербайжан мамлекетинин башчысы, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жөнүндө мындай деп белгилеп кетти: «Өзбек элинин иши оңунан чыкты, анткени Өзбекстан эгемендүү мамлекет катары түптөлүп келатканда Ислам Каримов анын башында туруп, азыркыга чейин башкарып келатат». Азербайжан менен Өзбекстандын өз ара мамилелеринин азыркы деңгээли эки өлкөнүн башчыларынын бузулбас достугуна байланыштуу эң жогору турат. «Биз мындан ары да ушул багытыбыздан жазбай, стратегиялык шериктештигибизди чыңдай беребиз», -деди Ильхам Алиев.
Мындан бир аз эле мурда, 1993 жылы азербайжан менен өзбекстандын байланышы өсүп, стратегиялык шериктештиктин деңгээлине жеткен. Ошендуктан 1996 жылы май айында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Азербайжанга биринчи жолу официалдуу визит менен келген. Ошол тарихый визиттин убагында биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин биринчи этапы түптөлгөн. Саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча 19 келишимге кол коюлган. Эки өлкөнүн президенттери биригип, региондордо тынчыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо боюнча чыгып сүйлөшкөн. Экөө тең, интеграциялык процесстерди тездетип, илим, техника жана инновациялык жаатында кызматташтыкты чыңдоо керек экендигин белгилеп кетишкен. Жалпы азербайжан улутунун жол башчысы гейдар Алиевдин 1997 жылы, июнь айында өзбекстанга жасаган визити эки элдин ортосундагы байланышты кенейтүүгө жана тереңдетүүгө аябай түрткү берди. Ошол тарихый визиттин убагында « Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы шериктештикти, достукту жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча документке кол коюлган». Нагорно-Карабах чырын жөнгө салуу маселеси ошол сүйлөшүүлөрдүн негизги маселеси болгон. Бул маселе боюнча Өзбекстандын ээлеген позициясы так жана ачык эле. Ал арменияны азербайжандын жерин басып алгандыгы үчүн сындап, биздин өлкөнүн жеринин бүтүн болушун колдогон.
2003 жылы октябрь айында президент болуп шайлангандан кийин, Ильхам Алиев 2004 жылы март айында Өзбек республикасына официалдуу визит менен барган. Сүйлөшүүлөрдүн убагында эки президент эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча маселени талкуулашты. Эки өлкөнүн жетекчилери шериктештик мамилени тереңдетүү үчүн, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек экендигин баса корсөтүштү. Андан тышкары, Өзбекстан менен Азербайжандын президенттери баңги заттарды таратуу жана терроризм менен экстемизмге каршы аёсуз күрөш жүргүзүү боюнча бир көз карашта экендиктерин билдиришти. Бул визит дагы башка окуялары менен эсте калды. Ташкентте жалпы улуттун жол башчысы Гейдар Алиев атындагы маданий борбор ачылып, улуу акын Низами Гянджевинин эстелиги коюлду. Ушул кезге чейин кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн ортосунда ар кандай тармактар боюнча 50 жакын келишимге кол коюлган. Бул кол коюлган документтердин баардыгы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин укуктук-нормативдик негизи болуп калды.
2008 жылы 11-12 сентябрда Өбекстандын президенти Ислам Каримов Азербайжан республикасына экинчи жолу официалдуу визит менен келди. Ушул визиттин убагында өлкөлөр жана өкмөттөр аралык 7 келишимге кол коюлган. Бул документтер эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык шериктештикти чыңдоого кошумча түрткү болду. Төмөнкү келишимдерге кол коюлган:
1. “Азербайжандын айлана-чойрөнү жана жаратылыш байлыктарын коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын жаратылыш байлыгын коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташтык”. Келишими.
2. Азербайжандын байланыш жана маалымат технологиясы боюнча министрлиги менен Өзбек республикасынын байланыш маалымат технологиясы боюнча агенттигинин ортосунда маалымат жана коммуникациялык технология боюнча кызматташтык келишими.
3. Азербайжан Республикасынын өкмөтү менен Өзбекистан республикасынын өкмөтүнүн ортосунда «Темир жол транспорту менен аралашма жүктөрдү ташууну көбөйтүүнүн кошумча чаралары жөнүндөгү» келишими.
4. Азербайжан Республикасы менен Өзбек Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда маалыматтарды алмашып туруу жана салык тармагында кызматташуу жөнүндөгү келишими
5. Азербайжан Республикасы менен Өзбек Респуликасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды эки тараптуу коргоо келишими.
6. Азербайжан Республикасы менен Өзбек Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы гуманитардык жактан кызматташуу келишими.
7. Азербайжан Республикасы менен Өзбек республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жөнүндөгү келишими.
Ушул кол коюлган документтер, ар тараптуу байланышты тереңдетүүгө жана чыңдоого сапаттуу жаңы шарттарды түзөт деп үмүттөнөм. Анткени, эки өлкө тең ушул саясий, экономикалык, маданий жана гусанитардык кызматташтыктын өнүгүп кетишине кызыгып жатат. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Азербайжан менен өзбектердин мамилесинде соода-экономикалык тармагындагы кызматташтык өзгөчө орунду ээлейт. Жалпыга белгилүү болгондой, Өзбекстан официалдуу Бакунун энергетика, транспорт, экология ж.б. тармактардагы демилгесин дайыма колдойт. Андан тышкары Өзбекстан Республикасы регионалдык жана улуттар аралык чоң масштабдуу проекттерге кошулуп, кызматташ болууга даяр. Өз кезегинде азербайжан дагы өзбекстан менен соода тармагында жана биргелешкен ишканалдарды түзүп иштөөгө, капиталды инвестиция кылууга кызыкдар. Биздин өлкөлөрдүн менчик секторунун кызматташтыгы да өнүгүп баратат. 2007 жылдын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүргүзүү 6 процентке өсүп, 60 млн долларды түздү. Мунун 46 млн доллары өзбекстандын пайдасына түштү. Өзбекстандын Азербайжанга экспортко кетирген негизги товарларына- машина, жабдуулар, тамак-аш, кызмат көрсөтүүлөр, химиялык продукциялар, кара жана түстүү металлдар, нефтепродуктары кирет. “Ташкенттин В.Чкалов атындагы самолет чыгаруучу өндүрүш бирикмеси” аттуу мамлекеттик акционердик коому акыркы 4 жылдын ичинде “ИЛ-76 ТД” маркасындагы 5 самолетту Азербайжанга сатты. Өзбекстанда 20 ашык ишканалар Азербайжандын инвесторлорунун катышуусу менен иштешет.
Азыр эки өлкө тең бизнес структуралардын өкүлдөрүнүн ишкердүүлүгүн кеңейтүү үчүн чараларды көрүп жатышат. Өзбек республикасында 23 ишкана азербайжандын инвесторлорунун катышуусу менен иштешет, анын ичинен 9 биргелешкен ишкана ал эми 2 көө 100% азербайжандын капиталы менен иштешет. Жогоруда айтылган ишканалардын бардыгы негизинен төмөнкү багыттарда иш жүргүзүшөт: ички соода, машина чыгаруу, металл иштетүү, каржы жана камсыздандыруу, кыймылсыз мүлк менен иштөө, энергетика, илимий кызмат көрсөтүү, ювелирдик товарларды өндүрүү жана аларды оңдоо, тамак-аш сатуу, курулуш жана жеңил өнөр жай. Андан тышкары 2 азербайжандын ишканасы иштейт.
Азербайжан Республикасынын юстиция министрлигинин каттоосунан өзбек капиталы менен иштеген 9 ишкана өткөн. Алардын 2 өзбек-азербайжан биргелешкен ишканалары, “Узинтеримпэкс” жана “Узбекистон хаво йуллари” деген 2 өзбек компаниясынын өкүлчүлүктөрү, 3, 100% өзбектердин капиталы менен иштеген ишканалар, калгандары филиалдар. Алардын ичинен төмөнкү компаниялардын иштери жакшы жүрүр жатат: «Узбекистон хаво йуллари», БИ «Шеки-Механик»,«Узбекистон» соода үйү жана «Узинтеримпэкс».
Азербайжандын жетишкен ийгиликтерин, анын күчтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана экономикалык өнүгүшүн Өзбекстанда жакшы кабыл алып жатышат. 2008 жылы 11-12 сентябрда жасаган визитинин учурунда президент Ислам Каримов мындай деген: « Мен Ильхам Алиевдин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн прагмативдүү тышкы саясатыңардын жакшы экендигин баса көрсөтүп кетким келет, ага силердин өлкөнү Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган логистикалык борборго айландырганы мисал боло алат». Сүйлөшүүлөрдүн убагында соода-экономикалык, гуманитардык-маданий кызматташтыкты жана эл аралык структуранын алкагында өз ара байланышты кеңейтүү маселелери көңүлдүн борборунда болду. Президент Ислам Каримов, Өзбекистан Азербайжан менен болгон байланышын узакка созулушуна кызыкдар экендигин дагы бир жолу айтып өттү. Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорттук коридордун курулушунда Азербайжан менен Өзбекистандын ойногон ролу жылдан жылга чоңоюп бара жатат. Өзбекстан менен Азербайжан эл аралык аренада өз кызыкчылыктарын ийгиликтүү коргоп келе жатышат. Эки өлкө тең өнүгүп-өсүүгө умтулуп, өз жарандарын материалдык жактан камсыз кылууга, прогрессивдүү экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жана өлкөнү чыңдоого аракет кылып жатат. Биздин өлкөлөр өнөктөштөр катары, Түштүк-Кавказ жана Орто-Азия маселелерин талкуулап жатканда, эл аралык аренада өзүлөрүнүн адилеттүү ойлорун тартынбай айтып келе жатышат. Азербайжан менен Өзбекистан региондордо тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап, чыр чыга турган болсо эл аралык укуктун принциптеринин жана нормаларынын алкагында тиешелүү аракеттерди жасашат. Бул маселелер боюнча эки өлкөнүн ою төп келишип турат. Сүйлөшүүлөрдүн убагында Түштүк Кавказ жана Орто Азиядагы абал жөнүндө биздин эки өлкөүн жетекчилери бир пикирге келишти.
Өзбек тарап тоолуу-карабах чатагын саясий жана тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдой тургандыгын дагы бир жолу тастыктап, озбек мамлекетинин башчысы мындай деди: «Биз, чатакты басуунун негизги шарттарынын бири, Азербайжандын территориясынын бүтүндүгүн камсыз кылуу, деп ойлойбуз. Бул маселени жөнгө салуу үчүн Азербайжандын кылган сунушу бардыгынан оптималдуу да, адилеттүү да. Жогоруда айтылган окуялардан 17 жыл өткөндөн кийин, бардык объективдүү ой жүгүрткөн элдин бардыгы ушул пикирге кошулат, деп ойлойм жана ишенем. Тоолуу-карабах чыры 1988 жылы башталган. Көптөгөн эл окуянынын жүрүшүнө көз салып турушту. Ошентсе дагы Азербайжандын иши ак экендигин мойнуна албаган адамдар бар экендиги мени таң калтырат. Менимче ошол эле адамдар чырды жөнгө салууну атайын эле создуктуруп жатышкандай көрүнөт».
Андан кийин 2008 жылы 11 сентябрда «Гюлистан» сарайында чыгып сүйлөп жатып, өзбек мамлекетинин башчысы дагы бир жолу тоолуу-карабах маселесине кайрылып мындай деген сөздү айтты: «Урматтуу Ильхам Гейдар оглу, учурдан пайдаланып мен бул чырдын тарыхын жакшы билем деп баса көрсөткүм келет. Советтер Союзунун составында турганда, биз бардыгыбыз дайыма тыкыз байланышта болчубуз.1985 жылы СССРди башкарып турган адам, сиздин өлкөңүздүн атын-Азербайжанды туура айта алчу эмес. Ошол адам ушул маселени козгоп, чырды баштоого көп аракет кылды. Бул чыр ошол адамдын жана Москвада жылуу кабинеттерде отурган, анын жан жөкөрлөрүнүн тикеденн тике катышуусу менен башталгандыгы азыркыга чейин эсимде турат». Тоолуу-Карабах чырын жөнгө салуу маселесине кайрылып, Ислам Каримов мындай деп баса көрсөттү: « Бүгүн биз Ильхам Гейдарович экөөбүз бул маселени талкууладык, ушул жерде турган жаштар 1988 жылы эмне болгондугун билишпесе керек. Жаңы муун өсүп чыкты. Кээ бирөөлөр тоолуу-карабах окуясын жаштар унутуп калат, деп ойлошот. Мен биздин укум-тукумубуз, биздин ой-пикирибиз бир экенин эстен чыгарбай, биздин чогуу баштаган ишибизди улантышы керек, деп ойлойм».
Сөзүнүн аягында Өхбекстандын президенти мындай деп баса көрсөттү: «Мен тоолуу-карабах чыры Азербайжандын территориялык бүтүндүгүнүн жана суверентетинин принциптерин сактоо менен гана чечилиши керек, деп белгилеп кетким келет».
Биздин элдердин ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштын көптөгөн кылымдарды ичине камтыган тарыхы бар. Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Өзбекстанга жасаган официалдуу визитинин убагында, Ташкенттин борбордук аянттарынын биринде, педагогикалык университеттин алдында аербайжандын улуу ойчулу, философу жана акыны Низами Гянджевинин эстелигин ачуу церемониясы болуп өттү. Президент Ильхам Алиев азербайжан тилинде, Ислам Каимов өзбек тилинде сөз сүйлөштү. Азербайжан элинин өзбек адабиятынын классиги, улуу ойчулу жана акыны Алишер Навоиге болгон кызыгуусу эч качан таркабайт. 2007 жылы май айында Бакуда Алишер Навоинин чыгармаларынын «Мезонул авзон»деген ат менен чыккан Азербайжан тилиндеги котормосунун бет ачаары болуп өттү. Президент Ислам Каримовдун Азербайжанга жасаган визитинин убагында Өзбекстан менен Азербайжан ортосундагы мамилелердин тарыхына дагы бир белгилеп кете турган окуя жасылып калды. Бакунун борбордук көчөлөрүнүн биринде көрүнүктүү акын, ойчул жана мамлекеттик ишмер, өзбектин улуу уулу Алишер Навоинин эстелиги коюлду. Эстеликти ачуу церемониясына президенттер Ильхам Алиев жана Ислам Каримов катышышты.
Азербайжанда Алишер Навоинин чыгармачылыгын жакшы билишет.Бул улуу акындын бардык чыгармалары Азербайжан тилине которулган, деп айтсак болот. Анын Чыгыш адабиятына тийгизген таасири аябай чоң. Бул эстелик улуу акынга көрсөткөн сый гана болбостон, кылымдар бою тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашап келген эки элдин мамилесинин мүнөзүн дагы чагылдырат. Бүгүн биздин өлкөлөр өнүгүп, эгемендүүлүгү жана мамлекттик суверентеттри бекемделип турганда, эки өлкөнүн мамилеси да жаңы мүнөзгө ээ боло баштады. Биз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарынын бардыгын артка калтырдык. 2007 жылы Ташкенттин ислам маданиятынын бобору, деп аталышын Азербайжанда жылуу кабыл алышты. 2007 жылы август айында өткөн “Өзбекстандын ислам цивилизациясына кошкон салымы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине азербайжандын илим жана дин өкүлдөрү да катышкан. 2008 жылы Триполиде өткөн Ислам Уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн конференциясында, 2009 жылы Баку ислам маданиятынын борбору болсун деген чечим кабыл алынган. Борборду ачуу аземи үстүбүздөгү жылдын башында болуп өттү. Ушуга байланыштуу Бакуда чоң-чоң эл аралык симпозиумдардын жана конференциялардын өтүшү күтүлөт.
Эки боордош элдин кылымдарды басып өткөн маданияттары жана искусствосу бири-бирин байытып, толуктап катарлаш өсүп келген. Мына ошодуктан өзбек жана азербайжан элинин ыр жана кара сөз искусствосу формасы жагынан да мазмуну жагынан да бири-бирине окшош.
Өзбекстанда Физулинин, Низаминин, Панах Вагиф молдонун, Мырза Алекпер Сабирдин, Ордубалинин, Сулейман Рустамдын жана Мирварид Дилбазинин чыгармалары бир нече жолу басылып чыккан. Андан тышкары “Азербайжан акындарынын антологиясын” да басып чыгарышкан.
Улуу акын жана жазуучу Максуд Шейхзадн өзү Азербайжан болуп туруп, өзбек адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын тарыхый чыгармаларын өзбекстанда сүйүп окушат.
Бул жерде азербайжан театрынын өзбек театрынын өнүгүшүнө тийгизген таасирин, белгилей кетиш керек. 1911 жылы эле азербайжан театры Түркестанда гастролдо болушкан . Өзбек искусствосунун Халима Насырова, Маннон Уйгур, Сайфи Алымов жана Марьям Кариева сыяктуу жылдыздары өткөн кылымдын 30 жылдары театр искусствосунун сырларын Бакуда окуп, үйрөнүшкөн. Ушунун бардыгы, өзбек менен азербайжандын ортосундагы мамилелер, биздин улуу бабаларыбыздын убагында эле бардык тармактарда чиеленишип калгандыгын көрсөтөт.
Мурда белгиленип кеткендей Өзбекстанда 50 миңден ашык этникалык азербайжандар жашайт. Өзбекстандын азербайжандары республиканын экономикасынын, өнөр жайынын, илиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, эл чарбасынын бардык тармактарында эмгектенишет. Азербайжан диаспорасы негизинен Навои, Самарканд, Сырдарыя, Ташкент, Фергана облустарында жана Ташкент шаарында жашашат.
Өзбекстанда азербайжандардын бир нече маданий борборлору бар.Алардын эң биринчиси «Гардашлык» борбору Ташкентте 1989 жылы уюшулган. Дагы бир борбор Самарканд облусунда уюшулган. 2003 жылы азербайжандын маданий борборлорунун ассоциациясы иштей баштаган. 2004 жылы азербайжандардын маданий борбору Бухара облусунда да уюшулган. Азыр ошол борборлордо бир нече чыгармачыл коллективдер иштеп жатышат. Алардын ичинде он жылдан ашык иштеп келаткан «Гардашлык», «Чанли бел» ансамблдерин жана «Азери» бий ансамблин айтсак болот. Бул коллективдердин репертуарында жалаң эле азербайжандын музыкасы эмес, дүйнө элдеринин чыгармалары да кирет. Бул чыгармачыл коллективдер Өзбекстанда өткөн бардык фестивалдарга жана майрамдарга дайыма катышып турушат. 2004 жылы өзбекстандагы азербайжан диаспорасынын бардык мүчөлөрүнүн жана өзбекстандын республикалык интернационалдык маданий борборунун бириккен аракети менен “Дом дружбы” ачылган. Ошол үйдүн алдында Өзбекстандын эмгек сиңирген артисткасы К. Алиева “Азери гызлары” жана “Бюльбюддар” аттуу фольклордук чыгармачыл коллективдерге сабак өтөт.Аты аталган коллективдер 2003жана 2005 жылдары өткөн «Узбекистан - наш общий дом» аттуу достук жана маданий фестивалдардын лауреаттары болушту.
Өзбекстандагы көрүнүктүү азербайжандардын катарына А.Навои атындагы ГАБТ тын улуу режиссеру, Өзбек жана Азербайжан эл артисти Ф. Сафаповду, жазуучу А. Наджафовду, сүрөтчү Ю. Гусейновду, Өзбекстандын эл артисти Н. Абдуллаеваны, Ташкенттеги Текстиль институтунун профессору Ф.Велиевди ж.б.кошсок болотОшентип жогору жакта санап өткөн фактылардан эле, Өзбекстандын азербайжандары биздин өлкөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн бардыгына активдүү катышып эле тим болбой, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө да салым кошуп жатышат.

4: МОЛДОВА – АЗЕРБАЙДЖАН: ЭКИ ТАРАПТУУ МАМИЛЕЛЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА БЕКЕМДӨӨ ҮЧҮН ЖАКШЫ НЕГИЗ САЛЫНДЫ
2017 жылы 21-23 июнда Молдова республикасынын президенти Игорь Додон, Азербайжанга официалдуу визит менен келип кетти.
Визиттин жүрүшүндө молдова мамлекетинин башчысы Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Парламенттин төрагасы Огтай Асадов жана премьер-министр Артур Раси-заде менен жолугушту. Президент Игорь Додон, азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрүнүн убагында саясий диалогдун жогорку деңгээлине жетип, Молдова менен азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, маданий-гуманитардык байланыштар жөнүндө сөз болду, деп айтты.
«Бирге аракет кылып, биздин өлкөлөрдү кызыктырган багыттар боюнча эки жана көп тараптуу деңгээлдерде ийгиликтерге жетээрибизге ишенем», — деди Молдова мамлекетинин башчысы.
Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, азыр азербайжан менен молдованын мамилелеринин өнүгүүсүнүн потенциалы өтө жогору, биздин жолугушуубуз ошол потенциялардын мындан аркы өнүгүшүнө бекем негиз болот деди.. «Биз бүгүн мамилелерибиздин динамикалык өнүгүшүнө негиз салып жатабыз, Биздин саясий диалогго жана соода-экономикалык мамиленин өнүгүшүнө көңүл бөлүшүбүз керек.Бизде потенциал бар, биз эмнеге көңүл буруш керек экендигин билебиз, ушул визиттин жыйынтыгы боюнча, тиешелүү мамлекеттик структураларга ар бир багыт боюнча эмне кылыш керек экендигине көрсөтмө берип, иш жүзүнө ашырабыз», – деди Азербайжандын президенти.
Азербайжан менен Молдованын ортосундагы дипломатиялык байланыш 1992 жылы 18 майда түзүлгөндүгүн эсиңерге сала кетейин. 2004 жылы Молдова республикасы Украина менен Азербайжанга элчиликтерин ачкан, 2005 жылдын март айында Азербайжан Республикасынын элчилиги Молдовада ачылган. 1996 жылга чейин эки өлкөнүн мамилеси начар темп менен өнүгүп келген. Бирок акыркы бир нече жылдын ичинде эки араптуу мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Ушул байланыштардын өнүгүшүнө эки өлкөнүн президенттеринин бири-бирине жасаган визиттери жана алардын ар кандай эл аралык уюмдарда жолугушуулары маанилүү ролду ойноду.
Молдованын президенти Петр Лучинскийдин 1997 жылы 26-28 ноябрда Азербайжанга жасаган биринчи визити, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдө өтө маанилүү ролду ойногон.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрушүндө Азербайжан республикасынын президенти Гейдар Алиев президент Петр Лучинский менен эл аралык структуралардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматтащтык мамилелерди жана азербайжан менен армениянын ортосундагы тоолуу-карабак боюнча чырды талкуулаган.
Ошол жолугушуу, жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын биринчиси эле. Азербайжан республикасынын президенти Гейдар Алиев менен Молдованын Президенти Петр Лучинский биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү. Пресс-конференцияда Гейдар Алиев төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
«...Биз территориялык бүтүндүк жана бири-бирине каршы күч колдонбостук тууралуу, кандайдыр бир өлкөнүн территориясын жана чек арасын күч колдонуп өзгөртүүгө болбой тургандыгы сыяктуу маанилүү маселелер боюнча пикир алыштык. Биз бардык маселелер боюнча бир пикирге келиштик, өзгөчө Азербайжан менен Молдова эркиндикти алгандан кийин туш болгон маселерлен боюнча...».
Молдованын президенти Петр Лучинскийдин келинише арналган официалдуу кечеде Президент Гейдар Алиев чыгып сүйлөдү.
«... Молдованын Президентинин Азербайжанга жасаган биринчи официалдуу визити, биздин өлкөнүн турмушунда белгилүү окуя жана азербайжан менен молдованын мамилелеринин маанилүү бир тепкичи болуп калды...».
Молдова мамлекетинин башчысынын ошол жолку келишинде, эки өлкөнүн ортосунда 15 документке кол коюлган. Алардын ичинде Азербайжан республикасы менен Молдова Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык келишими да бар эле. Андан тышкары эки жолу салык салбоо конвенциясы, киреше жан үй оокатына салык төлөөдөн качып кетүүгө жол бербөө, салык мыйзамын сактоо боюнча бири-бирине жардам берүү, илимий-техникалык кызматташтык, инвестицияны коргоо, маданий жана билим берүү, эки тараптуу валюталык жана экспорттук маселелер боюнча бири-бирине жардам берүү келишими түзүлгөн.Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин кызматташуу келишиминин протоколу жана башка документтер бар эле. 2004 жылы 26-27 октября Молдованын Президенти Владимир Воронин Азербайжанга официалдуу визит жасаган. Бул визит дагы Азербайжан менен Молдованын ортосундагы байланышка өз салымын кошкон.
Молдова менен Азербайжандын мамлекет башчыларынын көзмө-көз сүйлөшүүлөрү өтүп, анда Азербайжан менен Молдованын территорияларынын бир бөлүктөрү агрессивдик сепаратизмдин негизинде басылып алынгандыгы, мындан кийин мындай сепаративдик иштерге жол бербөө жана эл аралык укуктун негизинде биздин өлкөлөрдүн территориялардын бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн эл аралык абройлуу уюмдардын иштерин алдыга жылдыруу жөнүндө сөз болду, Молдованын Президенти Владимира Ворониндин жасаган визитинин убагында эки өлкөнүн өз ара мамилелерин жөнгө салуу боюнча көп документтерге кол коюлган, атап айтсак эки өлкөнүн Президенттеринин бириккен декларациясына, укук мамилелериинин ичинен жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча бири-бирине жардам берүү, узак мөөнөттөгү экономикалык кызматташтык, эки өлкөнүнжарандарынын келип-кетүүсү, сыяктуу көп документтерге кол коюлган. 2005 жылы 21 апрелде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев официалдуу визит менен Молдова республикасында болду.
Визиттин убагында өлкө башчыларынын жолугушуусу болду. Президенттер эл аралык жана регионалдык маанидеги маселелерди талкуулашты. Эки өлкөнүн жетекчилери дагы бир жолу дүйнөлүк коомчулук айткандай чек араларды күч менен өзгөртүү болбой тургандыгы жөнүндө пикирди айтышты. Суверендүү мамлекеттердин территорияларынын бутүндүгүнө коркунуч туудурган иштерге каршы эл аралык уюмдардын кучтөрүн бириктирүү керектигин баса көрсөтүштү.
Президент Ильхам Алиев менен Президент Владимир Ворониндин катышуусунун астында азербайжан-молдовалык документтерге кол коюу аземи болуп өттү.Азербайжан республикасынын өкмөтү менен Молдова Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Азербайжанда убактылуу иштеп жаткан молдова республикасынын жарандарын, молдовада убактылуу иштеп жатышкан азербайжан жарандарын укук жана коомдук жактан коргоо, маалымат жана маалымат технологиясы жагынан кызматташтык келишимине кол коюшту. Андан тышкары Ветеринардык-санитардык конвенцияга, “ Азербайжандын телерадио берүүчү” жабык акционердик коому менен “Телерадио-Молдова” коомдук компаниясынын ортосундагы кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду. Кишинёвдо өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн башчылары бириккен пресс- конференция өткөзүп, ММК га кайрылуу жасашты.
Өзүнүн кайрылуусунда Молдованын Президенти Владимир Воронин мындай деп белгиледи: «…Биздин чече турган көп маселебиз бар. Өзгөчө территориялык бүтүндүк жөнүндө айткым келет. Территорялык бүтүндүк маселесинде, биз азербайжанды толугу менен колдойбуз, ушул маселенин чечилишине түрткү боло турган бардык иштерге катышууга дайым даярбыз…».
Президент Ильхам Алиев өзүнүн сөзүндө мындай деп баса көрсөттү:
«… Биз Молдованын территориялык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, Днестр регионундагы кыйынчылыктарды жөнгө салуу үчүн кылып жаткан аракеттерин колдойбуз...».
БУУнун Генералдык ассамблеясынын 2008 жылы 14 мартта өткөн 62- нчи сессиясында, армян менен азербайжандын тоолуу-карабак чырынын чечимин талкуулап жатканда Молдова ошол чечим үчүн добуш берген.Молдованын Президенти Владимир Ворониндин Азербайжанга жасаган кезектеги визити 2008 жылы 23 апрелде болуп өттү. Эки өлкөнүн президенттери жолукканда Молдова менен азербайжандын көп кырлуу кызматташтыгы жемиштүү өнүгүп жаткандыгы белгиленди. МолдованынПрезидент өзүнүн өлкөсү Азербайжанды дайыма колдой тургандыгын айтып өттү. Ушул кезге чейин эки өлкөнүн ортосунда 60 га жакын келишимге кол коюлган.
Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө айта турган болсок, анын деңгээли азырынча анча чоң эмес, ал биздин өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн толук чагылдыра албайт. Анын деңгээли азыр болгону беш миллион доллардан бир аз ашат. Бирок бул багытта биздин келечегибиз алдыда. 2016 жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын көлөмү 39 пайызга өстү. Молдовада Азербайжандын капиталы менен иштеп жаткан 111 ишканалар бар. Официалдуу Кишинев энергетика жаатында анын ичинде мамлекеттик SOCAR аттуу жанар май компаниясы менен дагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.
2004 жылдын 25 октябрынан баштап өкмөтаралык комиссия иштей баштады. Атмакчы бир нече жыл мурда Игорь Додон ошол комиссияны жетектп турган.Парлементтердин ортосундагы байланыш дагы өсүп жатат.Азербайжан менен Молдованын парламенттеринде биздин өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштар боюнча парламенттик жумушчу топтор иштеп жатат. 2017 жылы 24 майда Азербайжан республикасы менен Молдова Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнө 25 жыл толгондугуна байланыштуу Молдова республикасынын парламентинде сүрөт көргөзмөсү жана тегерек үстөл уюштурулду.Азербайжан менен Молдованын президенттеринин бири-бирине жасаган визиттери эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизди. 1997 жылы 26 ноябрда Азербайжанда визит менен жүргөндө Молдованын Президенти Петр Лучинскийге Мамлекеттик Баку университетинин ардактуу профессорунун диплому берилген.Дипломду тапшыруу аземинде Азербайжан Республикасынын президенти Гейдар Алиев чыгып сүйлөп мындай деген:
«…Караңызчы, сиз кандай бактылуусуз,- 35 жыл мурда сиз Азербайжанга жаштардын жетекчиси катары келип, студенттер менен жолугушкансыз, эми 35 жылдан кийин келип профессорлор, мугалимдер жана студенттер менен жолугушуп Баку университетинин профессору жана илимдин доктору деген ардактуу наамды алып кетип баратасыз …».
2005 жылдын 21 апрель күнү Президент Ильхам Алиевдин Молдовага жасаган визитинин убагында, Молдованын борбор шаары Кишинёвдо Азербайжандын белгилүү акыны жана ойчулу Низами Гянджевинин эстелигин орнотуу аземи болуп өттү. Эстеликти ачуу аземине Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев жана Владимир Воронин да катышты.
2007 жылы май айында Кишинёв жана Комрат шаарларында Азербайжандын маданиятынын күндөрү өттү.2008 жылы 23 апрелде Бакудагы Азербайжандын мамлекеттик Муслим Магомаев атындагы филармониясында Молдованын маданият күнүнүн салтанаттуу ачылышы болду.Азербайжандын дипломатиялык өкүлчүлүгү ар кандай конференцияларды, ар кандай белгилүү даталарга арналган кечелерди өткөрүп турушат, анын ичинде тоолуу-карабак маселелери да бар.Мисалы, беш жыл мурда Молдова Республикасынын Гагауз автономдуу облусунда джаз музыкасынын чоң концерти болгон. Жыл сайын сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, жердештер жана башка молдован достор Нооруз майрамында Азербайжан элчилигине конокко чакырылып турушат.
Молдовада азербайжан диаспорасы жакшы иштеп жана жашап турушат. Бүгүн анын саны беш миңге жетип, Молдова элинин бир бөлүгү болуп калды. Эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн Молдованын өкмөтү азербайжан диаспорасынын аткарган ишин жогору баалайт.Молдова республикасы эркиндикке жеткенден кийин, анын жарандары болуп калган азербайжандардын бир тобу молдова республикасынын жогорку сыйлыктарына татыктуу болушкан, алардын ичинде Фейруз Исаев, Мухариб Аллахвердиевдер бар. Биздин кээ бир мекендештерибиз Молдованын эркиндиги жана территориялык бүтүндүгү үчүн согушуп, эрдик көрсөтүшкөн. Алар- Намик Исмаилов, Шохрет Ахмедовдор. Ал эми Сулейман Гафуров көзү өткөндөн кийин Молдованын жогорку сыйлыгына татыктуу болгон. Ишкер Вугар Новрузов Молдованын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Молдова мамлекетинин эң жогорку даражадагы Республика ордени менен сыйланган.Албетте, азыр эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми Молдованын Президенти Игорь Додондун Азербайжанга жасаган визити эки тарапка тең пайдалуу маселелерди талкуулоого кошумча мүмкунчүлүк берди.Азербайжан менен Молдованын байланышы мындан ары да өсө берээрине шек жок. Ал үчүн бекем негиз түзүлгөн.Баку менен Кишинёвдун биргелешкен аракети менен эки өлкө тең кызыккан багыттарда ийгиликке жетпей коюшпайт.
21 – 23 июнда Азербайжанга Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон официалдуу визит менен келип кетти.
Визиттин жүрүшүндө ал Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Парламенттин төрагасы Огтай Асадов, премьер министр Артур Раси-заде менен жолугушту.
Президент Игорь Додон, азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрүнүн убагында, азыр Молдова менен азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, маданий-гуманитардык байланыштар жогорку деңгээлге жетти, деп айтты. «Бирге аракет кылып, биздин өлкөлөрдү кызыктырган багыттар боюнча эки жана көп тараптуу деңгээлдерде ийгиликтерге жетебиз», — деди Молдова мамлекетинин башчысы.
Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, азыр азербайжан менен молдованын мамилелеринин өнүгүүсүнүн потенциалы өтө жогору, биздин жолугушуубуз ошол потенциялардын мындан аркы өнүгүшүнө бекем негиз болот деди.. «Биз бүгүн мамилелерибиздин динамикалык өнүгүшүнө негиз салып жатабыз, Биздин саясий диалогго жана соода-экономикалык мамиленин өнүгүшүнө көңүл бөлүшүбүз керек.Бизде потенциал бар, биз эмнеге көңүл буруш керек экендигин билебиз, ушул визиттин жыйынтыгы боюнча, тиешелүү мамлекеттик структураларга ар бир багыт боюнча эмне кылыш керек экендигине көрсөтмө берип, иш жүзүнө ашырабыз», – деди Азербайжандын президенти. Жакынкы мезгилде өкмөт аралык комиссиянын чогулушу болот, ошондо соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу, эки өлкөнүн компаниялары катыш ала турган инфраструктуралык прокттерди ишке ашыруу сыяктуу маанилүү маселелер талкууланат.
«Биздин аябагандай чоң потенциалыбыз бар. Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкөлөр аралык комиссиянын ишине жаңы импульс беребиз деген үмүтүм бар.Андан кийин эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу үчүн биздин министрлердин жолугушуусу болот, деди молдованын Президенти Игорь Додон. Молдавия мамлекетинин азербайжанга жасаган визити, Молдова менен Азербайжан саясий байланыштарды бекемдеп, эл аралык структураларда чогуу иштешүүгө даяр экендиктерин көрсөттү.
«Президент Игорь Додондун биздин өлкөгө жасаган визити, биздин эки өлкө бирин-бири сыйлап, чогуу иштешүүгө даяр деди,-президент Ильхам Алиев жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып.
Президент Игорь Додон Президент Ильхам Алиевди визит менен Молдовага келип кетүүгө чакырды.
Молдавия мамлекетинин башчысы Азербайжан Республикасынын борбор шаары Бакуну көргөндөн кийинки айткан сөзү: «Азербайжан Республикасы –өлкөнү кандай эффективдүү башкаруу керек экендигине мисал боло турган динамикалуу өнүгүп жаткан өлкө».
Молдованын президенти Игорь Додондун визити өлкөлөрдүн ортосундагы, эки тараптуу байланыштын тереңдешине жана өнүгүшүнө импульс берээри щексиз. Быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык байланыштын түзүлүшүнө 25 жыл толот.
Азыркы тарыхтын ушул мезгилинин ичинде саясий диалогдун жакшы деңгээлине жетишип, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтип, эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн аралаша иштегенин күчөтө алганыбыз кубантпай койбойт.
Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө айта турган болсок, ал азырынча анча чоң эмес, биздин мүмкүнчүлүктөрдү толук чагылдыра албайт, көлөмү 5 млн доллар эле. Бирок бул багытта эки өлкөнүн потенциалы да, перспективалары да чоң, 2016 жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын көлөмү 39% өстү. Молдовада азербайжандын капиталы менен иштеп жаткан 111 компания каттодон өткөн. Официалдуу Кишинёв энергетика боюнча, анын ичинде азербайжандын мамлекеттик компаниясы-SOCAR менен кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар. Молдавия, Азербайжандын компанияларынын, мамлекеттик обьектилерди сатуу боюнча тендерлерге катышуусун каалайт.
Бакуда өткөн азербайжан менен молдованын ортосундагы жогорку деңгээлдеги суйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кишинёв менен Бакунун ортосунда жүрө турган түз авиарейсти ачуу, маданий, элге билим берүү жана гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү боюнча сөз болду.
Баку менен Кишинев биригип аракет кылса, эки өлкө кызыккан багыттарда чоң ийгиликтерге жетишсе болот.
**
1992 жылы 12 майда Азербайжан республикасы менен Молдова Республикасынын ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөн.
2005 жылы 5 октябрда Молдова Республикасында Азербайжан Республикасынын элчилиги ачылган.
Азыр Молдова Республикасында Азербайжан республикасынын элчиси болуп Гудси Османов иштеп жатат.
2005 жылдын 1 ноябрында Азербайжан Республикасында Молдова Республикасынын элчилиги ачылган.
Азыркы күндө Молдова Республикасынын Азербайжан Республикасындагы элчиси болуп Георге Леуке эмгектенүүдө.
Азербайжан Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосунда кол коюлган документтердин тизмеси.
1.1992 жылы Азербайжан Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыктын принциптери боюнча келишимге кол коюлган.
Кишинёв,14 январь1992 ж.
2. 1992 жылы Азербайжан Республикасынын Элге билим берүү Министрлиги менен Молдова Республикасынын Элге Билим берүү Министрлигинин ортосунда илим жана элге билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келишиминин протоколуна кол коюлган.
Баку, 31 март1992 ж.
3.1992 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1993 жыл үчүн соода-экономикалык кызматташтыкка кол коюлган.
Баку, 17 октябрь 1992 ж.
4.1992 жылы Азербайжан Республикасынын Элге билим берүү Министрлиги менен Молдова Республикасынын Элге Билим берүү Министрлигинин ортосунда илим жана элге билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келишиминин протоколуна кол коюлган.
Баку, 31 март1992 ж.
5. 1993 жылы Азербайжан Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясы менен Молдова Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын ортосунда эки өлкөдө берилген илимий даражалар, эки өлкөгө тең жарактуу болсун деген келишимге кол коюлган.
Баку, 18 октябрь 1993ж.
6.1993жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1994 жыл үчүн соода-экономикалык кызматташтыкка кол коюлган.
Ашгабад, 23 декабрь 1993 ж.
7.1994 жылы Азербайжан Республикасынын Улуттук Банкы менен Молдова Республикасынын Улуттук Банкынын ортосунда банктар аралык эсеп-кысап тарды уюштуруу боюнча келишимге кол коюлган.
Кишинёв, 3 февраль1994 ж.
8.1994 жылы Азербайжан Республикасынын Ички Иштер Министрлиги менен Молдова Республикасынын ортосунда кызматташтык келишине кол коюлган.
17 февраль1994 ж.
9. 1995 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын ортосунда эркин соода жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлган.
Минск, 26 май 1995 ж.
10.1995жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтыктын принциптери боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 8 сентябрь 1995 ж.
11.1997 жылы Азербайжан Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык келишине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 ж.
12.1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эки ирет салык салууга жана кирешеге, оокатына салынган салыктан качууга жол бербөө үчун конвенцияга кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 ж.
13.1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда салык мыйзамын сыйлоо жана ушул маселелер боюнча бири-бирине жардам берүү келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
14. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда илимий-техникалык кызматташтык келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
15. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияга жардам берүү жана аны коргоо боюнча келишимине кол коюлган
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
16. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эл аралык автомобилдик катнаш боюнча келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
17. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өндүрүш кооперациялары боюнча келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
18. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы жарандардын укугун коргоо маселелери боюнча келишимге кол коюлган
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
19. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациалоо боюнча кызматташтык келишимине кол коюлган
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
20. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда метрология жана сертификациялоону стандартизациялоо боюнча кызматташтык келишимине кол коюлган
Баку, 27 ноябрь 1997 ж.
21. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда элге билим берүү боюнча кызматташтык келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
22. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда маданий жактан кызматташуу келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
23. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жаштар жана спорт боюнча кызматташтык келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
24. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда валюта жана эксперттик текшерүү боюнча өз ара жардам берүү келишимине кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
25. 1997 жылы Азербайжан Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги менен Молдова Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин ортосундагы Протоколго кол коюлган.
Баку, 27 ноябрь 1997 г.
26. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда туризм боюнча келишимге кол коюлган.
Киев, 6 май 2004 ж.
27. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Президенти менен Молдова Республикасынын Президенти биргелешкен кайрылуу жасашкан.
Баку, 26 октября 2004 г.
28. 2004 жылы Азербайжан Республикасы менен Молдова Республикасы жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү келишимине кол коюшту.
Баку, 26 октября 2004 г.
29. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын ортосунда узак мөөнөттөгү экономикалык кызматташтыкка кол коюлган.
Баку, 26 октября 2004 г.
30. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын ортосунда эки өлкөнүн жарандары бири-бирине эркин катташуу келишимине кол коюлган.
Баку, 26 октября 2004 г.
31. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын ортосунда өсүмдүктөрдүн карантин маселеси боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 26 октября 2004 г.
32. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Юстиция Министрлиги менен Молдова Республикасынын Юстиция Министрлигинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.
Баку, 26 октябрь 2004 ж..
33. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты коргоо Министрлиги, Молдова Республикасынын Эмгек жана Калкты коргоо Министрлигинин ортосунда эмгекти жана калкты коргоо боюнча келишиге кол коюлган.
Баку, 26 октябрь 2004 ж.
34. 2004 жылы Азербайжан Республикасынын Айыл чарба Министрлиги менен Молдова Республикасынын тамак-аш өнөр жай Министрлигинин ортосунда экономикалык жана илимий-техникалык жактан кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 26 октябрь 2004 ж.
35.2004жылы Азербайжан Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги менен Молдова Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин ортосунда консультациялардын планына кол коюлган.
Баку, 26 октябрь 2004 ж.
36. 2005жылы Азербайжан Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосунда узак мөөнөттөгү экономикалык кызматташтык келишимине кол коюлган.
Кишинёв, 19 апрель 2005ж.
37. В 2005 жылыАзербайжандын мамлекеттик «Телевидение и Радиовещание Азербайджана» деген компаниясы менен Молдованын «Телерадио-Молдова» деген коомдук компаниясынын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлган.
Кишинёв, 21 апрель 2005 ж.
38. 2005жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Ветеринардык-санитардык конвенцияга кол коюлган.
Кишинёв, 19 апрель 2005ж.
39. 2005жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы боюнча келишимге кол коюлган.
Кишинёв, 21 апрель 2005 ж.
40. 2005жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда маалыматтоо жана маалымат технологиясы жагынан кызматташуу келишимине кол коюлган.
Кишинёв, 21 апрель 2005 ж.
41. 2005 жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан Республикасынын Молдовада убактылуу иштеп жаткан жана Молдованын Азербайжанда убактылуу иштеп жаткан жарандарынын эмгегин жана социалдык жактан коргоо боюнча келишимге кол коюлган.
Кишинёв, 21 апрель 2005 ж.
42. 2005 жылы Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Молдовага жасаган визитинин убагында биргелешкен коммюникеге кол коюлган
Кишинёв, 21 апрель 2005 ж.
43. 2005 жылы Азербайжан Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосунда экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын 1 отурумунун Протоколуна кол коюлган.
Кишинёв,19 апрель 2005 ж.
44. 2006жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда бажы иштери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам жардамдашуу келишимине кол коюлган..
Киев, 22 май 2006 ж.
45. 2007жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда миграция боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 22 февраль 2007 г.
46. 2007 жылы Азербайжандык Улуттук Илимдер Академисясы менен Молдованын Илимдер Академясынын ортосунда илимий жактан кызматташуу келишимине кол коюлган.
Баку, 22 февраль 2007 г.
47. 2007жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда геодезия, картография, кадастра геомаалымат системасы жана жерди алыстан изилдөө боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 22 февраль 2007.
48. 2007 жылы Азербайжан Республикасынын Каржы Министрлиги менен Молдованын Каржы Министрлигинин ортосунда мамлекеттик каржылоо маселелери боюнча кызматташтык келишимине кол коюлган.
Баку, 22 февраль 2007 ж.
49. 2007 жылы Азербайжан Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлиги менен Молдованын Саламаттыкты Сактоо Министлигинин ортосунда медицина илиминдеги саламаттыкты сактоо боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 22 февраль2007 ж.
50. 2007 жылы Азербайжан Республикасынын Статистика комитети менен Молдова Республикасынын улуттук статистика бюросунун ортосунда статистика боюнча кызматташтык келишимине кол коюлган.
Баку, 22 февраль 2007 ж.
51. 2008жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда салык боюнча мыйзам бузуулар жана ал жөнүндө маалыматтарды өз ара алмашуу боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 23 апрель 2008 ж.
52. 2008жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өнөр жай мүлктөрүн коргоо боюнча келишимге кол коюлган.
Баку, 23 апрель 2008 ж.
53. 2008жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда күйүучү май жана энергетикалык комплекс келишимге кол коюлган.
Баку, 23 апрель 2008 ж.
54. 2011 жылы Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу Фонду менен Молдова Республикасынын социалдык касыздандыруусунун Улуттук кассасынын ортосунда калкты милдеттүү түрдө социалдык жакатан касыздандыруу жаатында кызматташуу келишимине кол коюлган.
Баку, 29 июнь 2011 ж.
55. 2012 жылы Азербайжан Республикасынын борбордук банкынын Мониторинг кызматы менен Молдова Республикасынын коррупция менен күрөшүүнүн Улуттук борборунун ортосунда кылмыш жолу менен табылган каражаттарды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча маалыматтарды өз ара алмашуу келишимине кол коюлган.
Страсбург, 4 декабрь 2012 ж.
56. 2014 жылы Азербайжан Республикасынын Улуттук Бажы Кызматы менен Молдова Республикасынын Каржы Министрлинин алдындагы Бажы Кызматынын ортосунда кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо маселелери боюнча кызматташуунун протоколуна кол коюлган.
Баку, 4 июнь2014 ж.
57. 2012 жылы Азербайжан Республикасынын Баалуу Кагаздар боюнча Комитети менен Молдова Республикасынын Каржы Рыногунун Улуттук комиссиясынын ортосунда кызматташуу жана маалыматтарды өз ара алмашуу келишиминин Меморандумуна кол коюлган
Баку, 23 октябрь 2012 ж.
58. 24 майда Азербайжан Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосунда дипломатиялык байланыштын түзүлгөнүнө 25-жыл толгонуна карата, Молдова Республикасынын Парламенти сүрөт көргөзмөсүн ачып, тегерек үстөл уюштурду.
Жогорку деңгээлдеги визиттер жана жолугушуулар:
1. 1997 жылы 26-28 ноябрда Молдова Республикасынын Президенти Петр Лучинский Азербайжанга официалдуу визит менен келген.
2. 2004 жылы 26-27 октябрда Молдова Республикасынын Президенти Владимир Воронин Азербайжанга олфициалдуу визит менен келген( ошол визиттин алкагында 9 документке кол коюлган, анын ичинде эки президенттин биргелешкен кайрылуусу да бар);
3. 2005 жылы 21 апрелде Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Молдовага официалдуу визит менен келген ( визиттин убагында 5 документке кол коюлган);
4. 2005 жылы 16 июнда Киевде өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун “ Тегерек Үстөл” нүн алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен Молдова Республикасынын Президенти Владимир Воронин жолугушкан;
5. 2006 жылы 21 июлда Москвада СНГ мамлекеттеринин башчыларынын чогулушунун алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен Молдова Республикасынын Президенти Владимир Ворониндин жолугушуусу болгон;
6. 2007 жылы 22-24 февралда Азербайжанга, Молдова Республикасынын премьер-министри Василе Тарлев Өкмөт аралык Комиссиянын 2-чи чогулушунакатышуу үчүн келген;
7. 2007 жылы 18-19 июнда Бакуга, Молдова Республикасынын премьер-министри Василий Тарлев ГУАМ өлкөлөрүнүн башчыларынын чогулушуна катышуу үчүн келген;
8. 2008 жылы 23-24 апрелде Молдова Республикасынын Преиденти Владимир Воронин Азербайжанга официалдуу визит менен келген. Визиттин убагында үч келишимге кол коюлуп, эки президенттин жолугушуусу болгон;
9. 2009 жылы 9 октябрда СНГ өлкөлөрүнүн башчыларынын чогулушуна катышуу үчүн Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Молдовага келген;
11. 2010 жылы 20 февралда Римде Азербайжан Республикасынын Тышкы Иштер Министри Эльмар Мамедьяров, Молдва Республикасынын Тышкы Иштер Министри Юрие Лянке менен жолугушту;
12. 2011 жылы 25 февралда ГУАМ өлкөлөрүнүн Тышкы Иштер Министлеринин Кеңешинин алкагында Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер Министри Эльмар Мамедьяров, Молдова Республикасынын Тышкы иштер Министринин орун басары Юрие Ланке менен жолугушкан(жолугушууда эки тараптуу мамилелер, энергетика, соода ж.б кызматташтыктын келечеги талкууланган);
13. 2011 жылы 1 июнда Италияда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен Молдова Республикасынын Президентинин милдетин убактылуу аткарган Мариан Лупу менен жолугушуусу болду.(Жолугушууда эки өлкөнүн мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү жөнүндө пикир алышуулар болду);
14. 2012 жылы 17-19 январда Молдова Республикасынын премьер-министри Владимир Филат, Молдова Республикасынын Тышкы иштер жана европалык интеграция МинистриЮрий Лянкенин коштоосунда официалдуу визит менен Азербайжанга келген( визиттин убагында Ю.Лянке Азербайжан Республикасынын Тышкы Иштер Министри Эльмар Мамедьяров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү);
15. 2014 жылы 24 апрелде Прагада Чыгыш Шериктештиги мамлекеттеринин башчыларынын чогулушунун алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен Молдова республикасынын Президенти Николае Тимофтинин жолугушуусу болду.
16. 2014 жылы 9 сентябрда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Молдова Республикасынын тышкы иштер жана европалык интеграция министринин орун басары Наталья Германды кабыл алды.
17. 2016 жылы 16 сентябрда Бишкек шаарында өткөн СНГ нын саммиттинде Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен Молдова республикасынын премьер-министри Павел Филипптин жолугушуусу болду.
18. 2017 жылы 6-7 июнда Кишинёв шаарында Бүткүл Дуйнөлүк Туристтик уюмдун Европа боюнча Регионалдык комиссиясынын 61 чи чогулушу болуп өттү(ВТО ООН) ага Азербайжан Республикасынын Маданият жана Туризм Министринин орун басары Назим Самедов катышты.
19. Үстүбүздөгү жылдын 21-23 июнунда Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон Азербайжанга официалдуу визит мененкелип кетти. Визиттин убагында аны Гагауз автономдуу облусунун башчысы, социалисттик партиясынын төрагасы Зинаида Гречани жана башка официалдуу адамдар коштоп жүрүштү.Визиттин жүрүшүндө Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Парламенттин төрагасы Октай Асадов, Прембер-министр Артур Расизаде менен жолугушту. Ирина Влаху жана Зинаида Гречани составында турган Молдованын делегациясын өлкөнүн биринчи вице-президент Мехрибан Алиева айым кабыл алды.Визиттин алкагында Молдова Республикасынын өкмөтүнүн өкүлдөрү, “ЙениАзербайжан” башкаруу партиясынын эл аралык мамилелер бөүмүнүн башчысы Севиндж Фаталиева менен жолугушушту. Алар эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү жолун талкуулашты.
20 . 29-30 июнда Азербайжан республикасынын Милли Меджлисинин депутаттары Севиндж Фаталиева жана Садагат Велиева Молдова Республикасына келип кетишти.
21. Азербайжан Республикасынын Генералдык прокуратурасынын өкүлдөрү Камран Алиев жана Емир Оруджалиев 02-05- июлга чейин Молдова республикасында болуп кайтышты.
22. 10.07.2017-жылы Кишиневдо Чыгыштын Шериктеш Өлкөлөрүнүнофициалдуу эмес 9-чу чогулушу болуп өттү, ага Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер Министринин орун басары Махмуд Мамедкулиев жана энергиянын альтернативдүү жана жаңылануучу булактар агенттигинин директорунун орун басары Жамиль Меликов катышып келишти.
Экономикалык кызматташтык:
Өкмөт аралык комиссиянын жасаган иши:
Комиссиянын түзүлгөн убактысы - 25 октябрь 2004-чү жыл;
Комиссиянын тең төрагалары: азербайжан тараптан – Премьер-министрдин биринчи орун басары Ягуб Эйубов. Молдова тараптан Премьер-министрдин орун басары Октавиан Калмык.
Комиссиянын чогулушунун саны – 3.
**
Парламенттер аралык байланыштар
Азербайжан менен Молдованын парламенттеринде, биздин эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар боюнча парламенттик топтор бар, алар парламенттик достук топтору деп аталат.
Молдова Республикасынын Азербайжан Республикасы менен болгон парламенттик достук тобу:
Воронин Владимир - төрага, топтун мүчөлөрү – депутаттар Постойко Мария, Агаке Ангел, Банников Александр, Горилэ Анатолие, Решетников Артур, Боля Василе, Карасень Дамиян, Карп Лилиян, Гагауз Фюдор, Хренова Елена, Михалаке Корнелю, Митрюк Генади, Новак Григоре, Радван Марина, Нестеровски Александр, Никифорчюк Евгений, Бежан Валериян, Ротару Валентина, Киселев Сергей, Загородный Анатолие, Время Игор, Рейдман Олег, Доменти Оксана, Делиу Тудор, Стратан Валентина, Гилецки Валерю, Мындру Виктор, Иванов Виолета, Витюк Владимир.
Азербайжандын, Молдова менен болгон достугунун парламенттер аралык достук тобу:
Гаджиев Сабир Камал оглы – төрага, топтун мүчөлөрү – Фатиев Ханлар Нуру оглы, Гасангулиев Гудрат Музаффар оглы, Халилов Рустам Гулабба оглы, Ибрагимов Эльдар Реза оглы, Гулиев Фарадж Ибрагим оглы, Мохбалиев Саттар Сулиддин оглы.
**
Молдова Республикасынын Преиденти Игорь Додондун ою боюнча «Биздин мамилелердин өнүгүшүнө министрлик, парламенттик деңгээлдеги байланыштар, парламенттик достук топтору жана эки өлкөнүн ММК өз салымдарын кошсо чоң жардам болот эле. Жакында азербайжандык ишкерлер Кишинёвго барганы жатышат, алар барып, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин көрүшөт.
**
5:Чындыкты айткан ак ниет адамдарга таяныч бололу
Ушул азыр Жакынкы Чыгыштын жана африка континентинин миллиондогон элдери, баш аламандыктан жана туруктуулук болбогондуктан массалык түрдө Европа өлкөлөрүнө, АКШ га жана башка өлкөлөргө кетип жатышат.Элдин, өзгөчө араб калкынын мындай масштабдуу түрдө кетип жатышынын негизги себеби, жакшы уюшулган, бирдиктүү диаспоранын жоктугунда болуп жатат.
Мааниси жана мазмуну жагынан ушуга окшош окуялар 19- кылымдын башында, Россия басып алган Түштүк Кавказда да болгон. Жүз миңдеген азербайжандар өз жеринен күч менен куулуп, Россияга, Турцияга, Европага жана АКШ га кетүүгө аргасыз болушкан.СССРдин убагында, ал талкалангандан кийин да азербайжандар ар кандай себептер менен ааламдын ар кайсы өлкөлөрүнө кеткенин токтотушкан жок. Азыр ошол элдин укум-тукуму өздөрү жашаган өлкөлөрдүн коомдук-саясий турмушуна аралашып, өздөрүнчө диаспора уюштуруп алышкан. Атап айтканда, Азербайжан эгемендүүлүккө жетип, жалпы Азербайжан элинин жол бащчысы Гейдар Алиев бийликке келгенден кийин, азербайжан диаспрасы тез эле бириккен, бекем күчкө айланды. Азербайжан мамлекетинин күчүн жана кубаттуулугун, башка өлкөлөрдөгү жакшы уюшулган азербайжан диаспоралары да айкындап келе жатат. Азербайжан диаспораларынын өкүлдөрү өз мекенине тышкары жерде, өлкөнүн экономикалык жана саясий жетишкендиктери жөнүндөгү маалыматты таратуу менен бирге, анын тарыхын, мадантятын жана салт-санаасын көрсөтүп, дүйнөлүк коомчулукка Тоолуу-Карабак боюнча армян менен азербайжандын ортосундагы чырдын себебин дайыма айтып келе жатышат. Ошентсе дагы адилеттүүлүк жана обьективдүүлүк үчүн, азыр дүйнөдө кубатту күчтөрдүн кызыкчылыгына эл аралык укуктардын нормасы, адилеттүүлүктүн принциптери жана обьективдүүлүк садага чабылып кетип жатканын баса көрсөтө кетиш керек. Тилекке каршы, эл аралык саясий жана укуктук мамилелердин негизги принциптери көп убакта бузулуп жаткандыгын да белгилей кетели. Эл аралык коомчулук буга окшогон көрүнүштөргө туура мамиле кылышпайт. Армяндардын куралдуу күчтөрү азербайжандын жерин басып алганына байланыштуу БУУ нун Коопсуздук Кеңеши төрт резолюция кабыл алган. Бирок, ошол эл аралык эң абройлуу уюмдун бир дагы документи ишке аша элек. Армениянын куралдуу күчтөрү байыртадан келаткан азербайжандын жерин басып алууну улантып жатышат. Ошол жерде жашаган эл улутуна жараша кысымга алынып келе жатат. Азербайжан республикасына тиешелүү болгон, Тоолуу-Карабак жана анын жанында жайгашкан жети район жыйырма жылдан бери баскынчылардын бут алдында жатат. БУУнун Генералдык Ассамблеясы жана Коопсуздук Кеңеши менен катар башка дагы ОБСЕ нин, Европа парламенти, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы сыяктуу абройлуу уюмдар бир нече жолу Армяндардын баскынчылык саясатын жекетеген документтерди кабыл алышкан. Бирок ушу кезге чейин, ошол документтердин бири дагы ишке аша элек. Акыркы 250 жылдын ичинде азербайжан эли далай жолу геноцилге кабылып, өз жеринен кулуп, жерлери басылып алынган. Азербайжан элине каршы жасалган кылмыштар, Тоолуу-Карабак чырынын негизги себептери жана мааниси жөнүндө дүйнөлүк коомчулукка дайыма билдирип туруш керек.
2016 жылы 10 – 12 марта Азербайжанда «Көп полярлуу дүйнө » деген девиздин алдында Бакунун төртүнчү глобалдык форуму болуп өттү. Анда чыгып сүйлөгөн Азербайжан республикасынын президенти Ильхам Алиев мындай деп баса көрсөтүп кетти, «азыркы дүйнөдө көп маданияттуулук саясатына альтернатива жок». Аербайжан мамлекетинин башчысы мындай деди:
«Бир эле убакта Европа Кеңешини жана Ислам Кызматташтык Уюмунун мүчөсү болуп туруп Азербайжан көп маданияттуулук миссиясынын мойнуна алды. Биздин оюбузча көп маданияттуулукка альтернатива жок. Ага ксенофобия, дискриминация, исламофобия жана антисемитизм гана альтернатива боло алат.» Мындан башка дагы Азербайжандын президенти мындай деген сөздү айтты,« азыр дүйнөдө абал өзгөрдү, эл аралык мамилелердин системасында туруктуулук жана коопсуздук бекмделбей эле, тескерисинче дуйнөдө туруктуулук азайып, коопсуздук начарлап баратат».
Биздин региондо да абал кескин өзгөрдү. Ушул кезге чейин болуп келген чыр дагы эле чечилбей, дагы жаңы чырлар пайда болуп, карама каршылыктын оттору жалындап жатат. Азыркы күндүн чындыгы болгон миграциялык кризис, Жакынкы Чыгыштын жана Европанын ар кайсы жеринде пайда боло калып жаткан негативдүү процесстер биздин чек арабыздан алыс жерде болуп жаткан жок. Башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишкен кадам же иш, ошол кийлигишкен жакка кыйынчылыктарды алып келип жатат.
Бакунун төртүнчү Глобалдык форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө Азербайжандын президенти мындай деп баса көрсөттү: «Биз, бири-бирибизге урмат көрсөтүп, территориялык бүтүндүктү, келечекке болгон пландарыбызды жана тандап алган жолубузду сыйлашыбыз керек». («Халг газети», 11 март 2016 жыл, № 55,1бет). Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев форумдун катышуучуларына Жакынкы Чыгыш жана Европа азыр башынан өткөрүп жаткан чырды жана качкындардын түйшүгүн Азербайжан мындан 25 жыл мурда тарткандыгын маалымдады. Тоолуу-Карабак Азербайжан Республикасынын тарихый, бөлүнбөс бөлүгү экендигин да айтып өттү. Дүйнө коомчулугу мунун чын экендигин невакта эле мойнуна алган. Армян менен Азербайжандын Тоолуу-Карабак боюнча чырынын натыйжасы аябай кайгылуу, Армян Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Азербайжанды басып алганына байланыштуу бир миллиондон ашык азербайжандар өз жеринде качкынга айланышып, жер которууга аргасыз болушту, биздин жарандарга каршы этникалык тазалоо жана геноцид саясаты жүргүзүлдү. Азыр Азербайжан Республикасынын 20% территориясы Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан басылып алынган. Ушул кезге чейин БУУнун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган төрт чечими аткарылбай келе жатат. Ал чечимдер боюнча Армения тез аранын ичинде, эч бир шарт койбостон басып алынган Азербайжандын жеринен, өз куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетиши керек.
Бакуда өткөн Глобалдык форумда чыгып сүйлөгөн сөзүндө Азербайжандын президенти Ильхам Алиев БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткаруу механизмдерин кайра карап чыгууга убакыт жеткендигин айтып, кээ бир кездерде бул чечимдер бир нече күндүн, кээде бир нече сааттын ичинде эле аткарылаарын айтып, ал эми азербайжан боюнча кабыл алынган чечидердин аткарылышын эл 20 жылдан ашык күтүп жаткандыгын баса көрсөттү. Ушул кезде көп өлкөлөрдө көптөгөн белгилүү окумуштуулар, саясат таануучулар, коомдук жана саясий ишмерлер Азербайжанды коргоп жана колдоп жатышат. Бирок алардын ээлеген позициясын армян диаспорасы жана аны колдогондор көздөрүнө илбей, Азербайжанга жан тарткандарга басым жасап, коркутуп кээде куугунтуктап да жатышат.
Франция, АКШ, Россия жана башка кээ бир өлкөлөрдө улутчул, шовинисттик идеялардын жарчылары Зория Балаян менен Сильва Капустянды, улуттук баатырлар катары кабыл алып, алардын аттарын көчө, аянттарга берип, эстеликтерин орнотуп жатышкандыктары таң калаарлык иш. Анын үстүнө ушул “ улуттун тазалыгын жактаган” интелигенциянын өкүлдөүнүн китеп сыягы жок жазмалары көп өлкөлөрдө тоскоолдуксуз эркин эле басып чыгарылып жатат. Өзүлөрүнүн “ илимий эмгектеринде” бул авторлор өтө тырышчаактык менен тарихый окуяларды, фактыларды өзгөртүп, тоолуу-карабак чырынын негизги себептерин калпка чыгарып жатышат. 1986 жылы чыккан “Очок” деген китебинде Зорий Балаян түрктөргө жана азербайжандарга болгон жек көрүүсүн ачык эле көрсөтүп жазган. Бул китеп мурдакы СССР дин территориясына тез эле таркап кеткен. Ошол мезгилде Еревандан Советтер союзунун бардык бурчтарына эмиссарлар, ошол чектен чыккан шовинисттин китебин пропаганда кылуу үчүн жөнөтүлгөн.
Ошол калп пропаганда менен агитациянын, армян диаспорасынын жана алардын колдоочуларынын аракетинин натыйжасында, 1987 жылы 17 июльда Европанын парламенти “армян геноцидин” туура, деп таап “геноцидинин баатырларынын” күнүн белгиледи. Акыркы жылдарда жер жүзүндөгү кээ бир өлкөлөрдүн ойдон чыгарылган “армян геоцидин” туура деп табышкандыгы, армян шовинистерине канат бүтүргөндөй эле кылды. Өзүнүн кезектеги “Биздин рухтун кайра жаралышы” деген китеп сөрөйүндө Зорий Балаян мындай деп жазат: «…Биз Хачатур экөобүз басып алган үйгө киргенде, биздин солдаттар он үч жашар түрк баланы терезенин кашегине кадап коюшуптур.Кыйкырып жаткан баланын үнүн басыш үчүн Хачатур мурда эле кесип коюлган энесинин эмчегин баланын оозуна тыгып койду. Мен болсом баланын ичинин жана башынын терисин тирүүлөй сыйрып алып, саатымды карадым. Жети мүнөттөн кийин кан жоготкондуктан бала өлүп калды. менин кубанычыма чек жок эле. Бир аздан кийин Хачатур баланы жиликтеп, этин түрктөр менен бирге жаралган иттерге салып берди. Кечинде биз дагы үч түрк баланы ушундай кылып өлтүрдүк. Армянин катары мен өз милдетимди аткардым. “Менин кылган ишим менен ар бар армянин сыймытанаарын билгем жана ишенгем”. Кантип ушундай садист, кан ичкич, таш боор адам, өзүн жазуучумун деп Россиянын шаарларын кылырып эркин басып жүрөт? Эмне үчүн аны кармап, Россия федерациясынын мыйзамына ылайык жоопко тартышпайт?
Азыр биз мурда айтып өткөндөй дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, белгилүү окумуштуулар, саясатчылар, коомдук-саясий ишмерлер жана укук коргоочулар Азербайжанды колдоп жатышат.Алардын арасында укук жана мамлекетти башкаруунун магистри, адам ресурстары боюнча адис, 2008 жылдан 2013 жылга чейин Молдова республикасынын праламентинин адвокаты жана омбудсмени болгон Аурелия Григориу, РФ нын Ростов облусунда жашаган Александр Фоменков, россиялык окумуштуу-тарыхчы Олег Кузнецов, саясат таануучу-окумуштуу Шухрат Саламов (барлас) жана башкалар бар. Азыр Азербайжандын алдында ушул, азербайжандын иши ак экендигин, армян менен азербайжандын ортосундагы тоолуу-карабак боюнча чырдын күнөөкөрү армяндар экендигин, азербайжандын эзелтеден келаткан жеринин 20% пайызын армяндардын куралдуу күчтөрү басып алгандыгын, бүткүл дүйнөгө жарыялап жаткан эр жүрөк, баатыр, туруктуу адамдарды болгон күчү менен колдоп жана коргоп калуу милдети турат.
Ушул күндө да Аурелия Григориуга басым корсөтүлүп, анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр келип жатат. Белгилүү коомдук ишмер болгондуктан Аурелия Григориу дайыма азербайжандын территориясынын бүтүндүгүн, армяндардын кураддуу күчтөрүнүн басып алган жерлерин бошотуп берүүсүн талап кылып келе жатат.
2013 жылы 4 июлда Молдова республикасынын парламентинин адвокаты, ушул эле өлкөнүн омбудсмени болур туруп Аурелия Григориу эл аралык конференцияда “ мыйзамдын күчү жана чек ара боюнча европалык стандарт, европа өлкөлөрүнүн бул маселеге болгон көз караштары” деген темада чыгып сүйлөгөн. Өз сөзүндө Аурелия Григориу Армениянын Азербайжанга жасаган мамилесин 25 жылдан ашык созулган агрессия деп атап, Азербайжандын 20% ашык жерин басып алгандыгын, азербайжандын элине геноцид жасагандыгын, ал деген эл аралык укуктун эрежелерине каршы келээрин айтып күнөө койду.
Андан тышкары А.Григориу айым адам укугун коргоонун негизги принциптери жана стандарты Европа Кеңеши тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө документтер бар экендигин, Армения болсо ошол принциптерди көз көрүнө одоно бузуп жаткандыгын баса көрсөттү. Ушундан кийин анын дарегине коркутуп-үркүткөн сөздөр айтыла баштады. Иш Армениянын бийлиги аны өлкөдөн чыгарбай, официалдуу түрдө кечирим суроону талап кылганга чейин жетти. Аурелиа Григориу армениянын парламентинде айткан сөзү үчүн, аны өлтүрөбүз деп келген элден коргонуп, мейманкананын бөлмөсүндө бекинип жатты. буквально забаррикадировалась в гостинице от разъяренной толпы, угрожавшей ей смертью за высказывания, озвученные в стенах армянского парламента. Бул маселе боюнча Молдованын Азербайжандагы элчиси Октавиан Ионесие 2013 жылдын 8 июлунда ММК ына “ Молдованын Азербайжандагы элчилиги, Армения жөнүндө айткан Аурелия Григориунун сөзүнө толугу менен кошулат жана Аурелия Григориу айымдын өз мекенине аман-эсен келгенине кубанычта” деди.2017 жылы апрель айында Аурелия Григориу айым журналисттерге “ армян диаспорасы менин үстүмөн дискриминация жөнүндө алдын ала эскертүү жана аны менен күрөшүү Кеңешине улуттар арасына от жаккандыгым үчүн адвокаттык лицензиямды алып койууну суранган арыз менен кайрылды. Кеңеш азырынча чечим кабыл албаса да, армяндардын жасаган басымы алдында биздин бийлик мага жагымсыз чечимди кабыл алып коюшу мүмкүн” деп айтты. Анын үстүнө мага жасалган басымдар күчөп баратат, эгерде дагы эле ушундай боло берсе, деп кошумчалады ал. – Азырынча мага жасалып жаткан басымдар критикалык абалга жете элек, эгерде бул иш дагы эле улана берсе, өлкөдөн чыгып кетишим да мүмкүн, эгерде иш ошондой болуп калса мен Азербайжанга кетем, анткени ал жерде мени коргоп ала турган досторум көп, деп баса көрсөттү молдованын омбудсмени. А. Григориуга карата коркутуп-үркүтүүлөр армяндардын “Асала” деген террористтик уюму тарабынан жасалып жатат деген маалыматтар бар. Жер жүзүндө ишинин натыйжасын, жемишин өз улуту эле эмес, башка этностор жана улуттар да пайдаланган адамдар да бар.Алардын арасына – Аурелия Григориу да кирет! Азыр, ушул эр жүрөк, баатыр аялга Азербайжан диаспорасынын колдоосу да коргоосу да аябяй керек болуп турат.
2013 жылы июль айында Ереванда өткөн эл аралык конференцияда ,адам укугу боюнча европанын абройлуу уюмдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге таянып А. Григориу чыгып сүйлөгөн сөзүндө, ошол укуктардын чыр убактылуу токтотулган региондордо бузулуп жаткандыгын айткан. Ал келечекте чыр чыккан жерлердеги укук бузууларды тыннчтык жолу менен токтотуу керек деген. Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн башында Аурелия Григориу Азербайжан, Грузия жана Молдовадагы абалга кайрылганда, ал абройлуу эл аралык уюмдардын чечимдерине, “Промо-Лекс” ассоциациясынын басып чыгарган китептерине, 2012 жылы Молдова Республикасынын Президентинин демилгеси менен өткөн “Мамлекеттик Башкаруу Академиясы” аттуу эл аралык конференциянын материалдарына таянган. Армениянын Азербайжанга каршы жасаган агрессиясына келгенде, ал БУУнун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган белгилүү төрт чечимди: №822(1993), №853(1993), № 874 (1993), № 884 (1993) жана БУУ нун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 2008 жылы мартта кабыл алынган № 62/243 номурлуу чечимди да эске сала кетти. Бирок конференция отүп жаткан Армениянын парламентинин залында Аурелия Андреевнага сөзүнүн аягына чыгууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Залдан “саткын саясатчы”, “Азербайжандын пропагандисти” деген кыйкырыктар чыкты. Армян парламентинин вице-спикери Эльминэ Нагдальян отуз өлкөнүн өкүлдөрүнөн жыйынтыктоочу документте, молдованын омбудсменинин сүйлөгөн сөзүн жаратпай салууну суранган. Бирок анын сунушу кабыл алынган эмес. Аны өлкөдөн чыгарышпай, официалдуу түрдө кечирим суроону талап кылып, чыгып сүйлөгөн сөзү үчүн “жазалоого” аракет кылышкан. Аурелия Андреевна ошол мезгилдеги абалын кейигендик менен айтып берди: «… машинанын айдоочусу мени аэропортко жеткирүүдөн баш тарткандан кийин, Молдованын Конституциондук сотунун жана молдованын делегациясынын мүчөсү мырза В.Попс менин өмүрүмө коркунуч туулганына карабастан, жалгыз таштап кетип калды. Румыниянын жана Грузиянын дипломаттарынын жардамы менен гана мен бул өлкөдөн учуп кете алдым. Ал Еревандан «Европалык стандарт» менен алган сабакты мен эч качан унутпайм дейт». ( «Азербайджан» гезитинин 2013 жылы августта чыккан номурунун 3 бетин кара). Өзүнүн айткандары туура экендигине ишенген молдавиянын омбудсмени , армяндардан кечирим сурагысы келген жок.
Арменияга конок катары келип, кетээрде румыниянын жана грузиянын дипломаттарынын жардамы менен Москвага учуп кеткен Аурелия Андреевнанын ошондогу абалын элестетүү кыйын эмес. Конференцияда чындыкты айта коём деп, моралдык жактан зомбулукка жана террорго кабылган Молдованын омбудсменинин абалын түшүнсө болот. Армениянын бийлиги өзүнүн чыныгы жүзүн, “меймандостугун” көрсөттү.
Аурелия Андреевна мындай деп эскерет: «Молдовага келгенден кийин менин дарегиме, демократиянын символу деп эсептелген АКШ да жашаган армян диаспорасынан көп коркутуулар келди. Алар бардык аракеттерин жасап жатышып мени отставкага кетиришти. Молдованын парламентиндеги этика жана адам укугу боюнча туруктуу комиссияга мен жонүндө ар кандай суроолор келди». Жогоруда айтылган армян дпаспорасынын, армян бийлигинин, агрессор өлкөнүн жасаган иштери эч кимди деле таң калтырбайт. Мени таң калтырган нерсе, Азербайжанга официалдуу визит менен келип-кетип, Азербайжан республикасынын территорясынын бүтүндүгүн, армян менен азербайжандын тоолуу-карабак чырында азербайжан тарапты колдогон Молдованын официалдуу адамдары, Кишинёвдун официалдуу көз карашын Ереванда өткөн конференцияда чагылдырган, өзүнүн жаранын-омбудсменин колдобой жаткандыгы болуп жатат. Алар бул Молдова республикасынын официалдуу көз карашы эмес, омбудсмендин жеке көз карашы, деп айтышууда. Молдова парламентинин спикери Игорь Корман журналистерге: “ Аурелия Григориу биздин өлкөнүн имиджине зыян келтирип жатат” деп интервью берди..
Ал эми молдованын парламентинин бир комиссиясынын төрагасы Мизин деген мырза: “ Аурелия Григориунун арызы кесиптик деңгээлде жазылган эмес, ал биздин өлкөнүн бул ишке болгон мамилесин жана көз карашын чагылдырбайт” деп айтты. Өз кезегинде А. Григориу мындай дейт: “Менин Еревандагы конференцияда чыгып сүйлөгөн сөзүм, дүйнөдөгү эң абройлуу уюм болгон БУУ нун Коопсуздук Кеңешинин төрт чечимине туура келет”.
Азыр молдованын омбудсмени өзүн толук коопсузмун, деп эсептебейт. “ Мага мамлекет эч кандай колдоо көрсөтпөйт, мага каршы маалымат согушу жүрүп, мени мокочо кылып көрсөтүүнүн аракетин жасап жатышат. Мени талаага таштап кеткен мекендешим баатыр, а мен болсом душман болуп калдым” Коомдук тармактагы өзүнүн баракчасына Аурелия Андреевна өзүн коркутуп-үркүтүп жаткан армян диаспорасынын өкүлдөрүнө кайрылып “ Армян мырзалар! Мага болгон жек көрүүңөр, силерге молдавиянын элин жамандап, кемсинтүүгө укук бербейт. Мен силерден бул ишиңерди токтотууну талап кылам, болбосо мен муну коомдук талкууга алып чыгам” деп жазган.( 2013 жылдын 16 августтагы “Шарг” гезитин кара). Ал, ар кандай кемсинтүүлөрдөн башка анын жана анын адвокатынын артынан байкоо жүргүзүлүп жатканын айтып берди. “ “Эдитура Статитистика” деген мамлекеттик мекеме мен башкарган адвокаттык бюрого кысым жасап жатат, мен омбудсмен боуп иштеп жатканда бюронун ишин убактылуу токтотуп койгонбуз. ” Эдитура Статистика” нын жетекчилери, алардын жасап жаткан кысымы менин Ереванда айткан сөзүмө байланыштуу экенин жашырышкан жок”. деди ал. Мен бир нече жолу, бул адамдарды жоопко тартууну сурап, жогорку инстанцияга кайрылгамын, бирок бул иш азыркыга чейин карала элек. Ушул фактылардын бардыгы мамлекеттик структуралар менин укугумду кайрып берүүнү ойлобой тургандгын көрсөтүп жатат” ( 2013 жылы 16 августта чыккан “Шарг” гезитин кара).
ОБСЕ нин Парламенттик Ассамблеясынын күзгү сессиясында Азербайжандын делегациясы, Молдованын омбудсмени Аурелия Григориуга, Армениянын официалдуу бийлиги, армян лоббиси жана армяндардын “ Асала” деген террористтик уюму тарабынан кысым жасалып, коркутуулар болуп жаткандыгы жөнүндө маселе көтөрүп чыкты. Буга өтө маанилүү негиз бар эле, анткени ОБСЕ нин мүчөсү болгон бир өлкөнүн, бул жерде Армениянын бийлиги, экинчи бир Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөсү болгон Модованын омбудсменин өлтүрөбүз, деп опузалап жатат. Буга келгенде, Азербайжан республикасы менен кошо ОБСЕ ге мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары Аурелия Григориуну коргоп чыгышы керек. 2013 жылы 25 августта Украинанын борбор шаары Киевде,Аурелия Григориуну Православдык Ыйык Владимир ордени менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Бул сыйлыкка ал, адам укугун коргоого синирген эмгеги үчүн татыктуу болгон. Андан тышкары Аурелия Григориуга Кыргызстанда иштеп жаткан “ Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондусунун”, “ Гейдар Алиев-түрк дүйнөсүнүн сыймыгы” аттуу алтын медалы да тапшырылды.
А. Григориу, колдоо көрсөтүп, тирек болуп тургандыгы үчүн Азербайжан элине жана керек болуп калса, Азербайжанга баш калкалоо үчүн келүүнү сунуш кылган уюмдарга ыраазычылыгын билдирип мындай деди: « Мен Азербайжанга көчүп кетпейм го деп үмүт кылам, бирок полициянын, жергиликтүү органдардын жана мамлекеттик мекемелердин туура эмес мамилелери, мени бул маселени ойлонууга мажбур кылып жатат, анын үстүнө кээ бир мамлекеттик уюмдар менин үстүмөн компромат жыйнап жатат. Менде, бул ким үчүн керек?-деген суроо пайда болуп жатат. Ошондуктан, мен азыр толук чечим кабыл ала элекмин. Эгерде мага кысым жасоолор улантыла берсе, мен Азербайжандын өкмөтүнө ушул суроо менен кайрылышым мүмкүн” деди ал.
Аурелия Андреевна өзүнүн германиянын “Табула Раса” деген гезитинин журналистине берген интервьюсунда, Европа Кеңешин, ПАСЕ ни, ОБСЕни, Евросоюзду жана ушул структураларга кирген башка өлкөлөрдү, ушул көтөрүлгөн маселелерге кош көңүл карабоолорун суранды.Ал Армения Республикасы Евросоюз менен ассоциативдик мамилелер боюнча келишимге кол коюуга даяр эмес экендигин баса көрсөттү.« Арменияга барып, өз козүм менен көргөндөн кийин, бул өлкөдө мыйзам иштеп, европалык баалулуктар жана стандарттар колдонулат деп айта албайм, деди молдованын омбудсмени.
**
Аурелия Григориунун айтканы чын экенигин, Ереванда өткөн конференциянын убагында армян бийлигинин ага жасаган мамилеси далилдеп койду. Ошондуктан мен саясатчыларды, саясат таануучуларды, окумуштууларды, коомдук-саясий ишмерлерди жана тынчтыкты суйүп, прогрессивдүү идеяларды, адамзат баалулуктарын колдогон күчтөрдүн бардыгын, Молдова республикасынын мурдакы омбудсмени, азыр молдованын коомдук палатасынын төрайымы Аурелия Григориуну коргоп,аны Нобель сыйлыгына көрсөтүү үчүн аракет кылууга чакырам. Көп жылдан бери армян террористеринин жана экстремисттеринин кылмыштуу иштерин россиялык окумуштуу-тарыхчы Олег Кузнецов дүйнөлүк коомчулукка ашкерелеп келе жатат..
6.Oleq Kuznechov: Бир нече жыл иурда, анын “ ХХ кылымдагы армяндардын транснационалдык терроризминин тарыхы” деген китеби чыккан. Китепти жазаардан мурда, ал СССРдин коопсуздук комитетинин жана АКШ нын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын ушул маселе боюнча материалдарын жана армян террористтеринин Россия менен Азербайжандын территориясында жасаган кылмыш иштерин жакшылап изилдеп чыккан. Китеп менен таанышып чыккандан кийин армяндардын коомдук ишмерлеринин тобу, РФ нын тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкинден кабыл алуусун сурап кайрылыщкан. 2017 жылы 10 июнда А. Бастрыкин аларды кабыл алган. Керектүү көрсөтмөлөрдү алып, бир аз убакыттан кийин “арызчылар” РФ нын ТК Москва шаарындагы Батыш административдик округунун тергөө башкармалыгына кайрылышкан. 2017 жылы 4 августта китептин автору Олег Кузнецов өтө маанилүү иштер боюнча иштеген Анлрей Алексеевич Берлёв аттуу тергөөчүгө чакырылып, суралган. Кийин, Россиянын мыйзамы боюнча коллективдүү арыз берүүгө болбой тургандыгын окумуштуу өзү айтып берди. Ошондуктан, Тергөө башкармалыгына арызды адвокат Рубен Киракосян жазып киргизген. Ал тажрыйбалуу юрист болгондон кийин, РФ нын Жогорку Сотунун пленумунун чечими боюнча илимий изилдөөлөр, экстремисттик материалдарга жатпай тургандыгын билсе керек. Рф нын сотунун жогорку инстанциясынын чечимине ылайык, россиянын тарыхчысы Олег Кузнецовдун монографиясы, кылмыш ишин козгой турган материал эмес болуп чыкты.
Россиядагы азербайжан диаспорасынын арасында көп эле тажрыйбалуу, кесипкөй юристтер жана адвокаттар бар. Кузнецовго укуктук жактан колдоо көрсөтүү, алардын моралдык да адамдык да милдети, деп эсептейм.

7. Şöxrat Salamov: Өзбектердин белгилүү окумуштуу-тарыхчысы, коомдук ишмери, Азербайжандын Улуттук Илимдер Академиясынын ардактуу профессору Шухрат Саламовдун китеби«Карабак: идеялардын жана ниеттердин согушу» - деп аталат. Бул китепте армян дашнактарынын жана алардын колдоочуларынын көптөгөн кылмыш иштери чагылдырылган, анын ичинде түрк тилдүү элдерге каршы этникалык тазалоону жүргүзүү үчүн “Дашнакцуюн” партиясынын согушкерлерин даярдоо иштери да бар. Армениянын официалдуу бийлигинин, армян диаспорасынын кысымынын астында, Өзбекстандын Генералдык Прокуратурасы “ улуттар ортосуна от жагуу” деген берене менен Шухрат Саламовго кылмыш ишин козгоду. Бул белгилүү окумуштуу “ Түркистан жана Түштүк Кавказ ХIХ-ХХ кылымдарда” жана “ Дашнактар Ферганадан Карабакка чейин” деген китептердин да автору экендигин эсиңерге сала кетейин. Өзүнүн илимий иштеринде Шухрат Саламов өз өлкөсүнө болуп өткөн тарихый окуяларды кылдат изилдеп чыккан. Андан тышары окумуштуу, түрк-ахысктарга каршы жүргүзүлгөн этникалык тазалоого жана террорго армяндар да активдүү катышканын таап чыкты. Өзбек окумуштуусунун китеби жарык көргөндөн кийин, арменияда жана армян диаспорасынын кысымынын алдында өзбекстанда да Шухрат Саламовго каршы ээ-жаа бербеген өтө жаман кир кампания башталды. . Тарихый чындыкты жана фактыларды обьективдүү жана татыктуу түрдө көтөрө билбей, армяндардын террористтик уюмдарынын кандуу кылмыштарынын бети ачылып калат, деп кооптонгон армян диаспорасынын өкүлдөрү, өзбек окумуштуусуна улутчул, пантюркист жана тарихый фактыларды бурмалаган, деп күнөө коюшту. Өзбекстанда жашап жаткан армяндар окумуштуунун үйүн талкалап коюшту. Өзүн экстремисттик топтор менен байланышы бар, деп күнөөлөп жатышат. Азыр официалдуу еревандын жана өзбекстанда жашаган армян коомчулугунун демилгеси менен окумуштууга каршы кылмыш иши козголгону жатат. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда иштеп жаткан “Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фонду”су, “ Азербайжан жана башка түрк тилдүү элдердин кызматташтык борбору”, “ Карабакты бошотуу борбору”, Азербайжанда иштеп жаткан “ Диаспоралардын жана башка уюмдардын эл аралык борбору” сыяктуу абройлуу уюмдар Өзбекстандын Азербайжандагы элчилигине кайрылуу жасашты, анда Ш. Саламовдун китептери достук, боордоштук жана Азербайжан менен Өзбекстандын конструктивдүү кызматташтыгы жөнүндө жазылгандыгын, ал эми Ш.Саламовго жазалып жаткан кысым Өзбекстандын тандап алган демократиялык баалуулуктарга жана идеялдарга каршы келет, деп айтылган. XX кылымдын башындагы улуттук белгилерине карап түрк жана башка мусулман элдерге, алардын арасында өзбектер да болгон каршы жасалган геноцидди, дискриминацияны өзбектер унутуп калыштыбы? Ошол кылмышты жасоого армян дашнактары да катышкан. Ошол мезгилде большевиктер аромяндардын экстремисстик топторду пайдаланып, ошолордун колу менен 36 миңден ашык өзбектерли кырып салышкан. Мына ошол кылмыштар, колдору чыканагына чейин азербайжандардын канына баткан С. Мирзояндын түздөн-түз катышуусу менен жасалган. 1985-86 жылдардагы СССЗдин Генералдык прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсүнүн жана анын кошоматчыларынын өзбекстанда кылган кылмыштуу иштерин да унутпаш керек. 2016 жылы 19 декабрда “ фундаменталдуу экономика” деген журналга академик Рустамьён Абдуллаевдин (өзбекстан) “ Эмне үчүн армян геноциддинин, Кокон автономиясынын, дашнактар менен басмачылардын тарыхын бурмалап жатышат” атту макаласы басылып чыккан. Шухрат Саламов өзүнүн китептеринде өзбек окумуштуусунун макаладагы илимий көз караштарын сындап чыккан. Бир аз убакыттан кийин, Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясынын А.А. Бакаиханов атындагы Тарых инситутунун “Азербайжан элине каршы жасалган геноциддин тарыхы” аттуу бөлүмдүн илимий кызматкерлери,арасында Гюльтекин Наджафли да бар, массалык маалымат каражаттарында академиктин пикирине каршы маалымат беришти. Өзбекстанда жашаган Азербайжан диаспорасы армян шовинизминин бетин ачкан, тарыхый фактыларга жана окуяларга таянып, окумуштуу-публицисти бир добуштан колдоп чыгышты. Өзбек Республикасындагы Азербайжандын Улуттук маданий борборунун жетекчиси, дүйнөдөгү азербайжандардын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мобил Мамедовдун демилгеси менен тажрыйбалуу адвокаттар жана юристтерден турган комиссия түзүлдү, комиссияны белгилүү юрист, Өзбекстан менен Азербайжандын аялдар коомунун төрайымы Фатима Пиреева жетектейт.
8:Александр Фоменков РФ нын Ростов облусунун Таганрог шаарында жашайт. Аны менен Азербайжанды тагдыр табыштырган. А.Фоменков – окумуштуу, тарыхчы, ал армян менен азербайжандын тоолуу-карабак боюнча чырында азербайжан тарапты колдоп келатат. Александр Фоменковдун жазган макалалары, монографиялары, китептери жана Азербайжан элине арнап жазган ырлары, Ростов облусунда өтө таасирдүү армян диаспорасынын нааразычылыгын туудурду. Алардын аракети менен ага каршы кылмыш иши козголуп, 2017 жылы 30 июлда Таганрог шаардык соту ага беш ай түрмө кести. Ал эми 8 августа ошол эле сотто, анын арызы боюнча иши кайрадан каралды.Александрга каршы кылмыш иши козголгонунун себеби, анын тоолуу-карабак боюнча ээлеген туруктуу позитициясы жана азербайжан диаспорасы менен кызматташ болгондугунда жатканына эч күмөн жок.
Армяндардын улутчул диаспорасынын өкүлдөрү, Азербайжан республикасынын тоолуу-карабак боюнча ээлеген позициясынын туура экендиги, азербайжандын территориясынын 20% армяндардын куралдуу күчтөрүнүн басып алгандыгы, армян экстремисттеринин, террористтеринин жасаган жана жасап жаткан кылмыштары жөнүндө чындыкты айтып, тынч жаткан жарандардын оозун басууга болгон күчтөү менен аракет кылып жатышат.
Ошол чынчыл, таза, принципиалдуу жана эр жүрөк адамдарга каршы жүзү кара, карасанатай ыкмаларды колдонуп, аларды сотко берип жатышат. Аларга каршы жийиркеничтүү, ээ-жаа бербеген кампанияларды уюштуруп, коомдук пикирди каршы коюп, коркутууга аракет кылышууда.
Ушундай абалда биздин өлкөнүн чыныгы досторун жаман аттыдан, коркунучтан сактап калуу жана аларга жардам корсөтүү Азербайжан үчүн эң маанилүү нерсе жана намысы болуп калат. Ошол адамдарды армяндарга “ кана сен коргоп жүргөн азербайжандарың, эмне үчүн сага жардамга келишпейт” деп табалатпай Аларга жардам берип, таяныч бололу!
**
P.S. Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктап жатып, азыр Азербайжан Республикасынын дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен кызматташтык жана достук мамилеси бар, деп кошумчалап кетким келет. Ал мамилелер бири-биринин улуттук кызыкчылыгын сыйлаган, эл аралык укуктун нормаларына негизделген. Бүгүн Азербайжан күчтүү өлкө, аны менен мамиле кылган дардын бардыгы региондогу алдыңкы мамлекет катары, ага сый мамиле кылышат. Азербайджан региондогу проектердин катышуучусу гана эмес, аларды сүйрөп жүргөн локомотиби да болуп калды. Бул ийгиликтер Гейдар Алиев жол салып, азыр Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев улантып жаткан алысты көрө билген, прагмативдик саясаттын негизинде жетишилди.
Биздин өлкө өзү мүчө болгон абройлуу эл аралык уюмдардын трибуналарын пайдаланып, эл аралык коомчулукка армян менен азербайжандын, тоолуу-карабак боюча чырдын чыныгы себебин айтып келатат. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессияларынын, ПАСЕнин, ОБСЕнин Парламенттик ассамблеясынын жана Ислам Кызматташтык уюмунун күн тартиптеринде Түштүк-Кавказ регионундагы басылып алынган Азербайжандын территориясындагы абал, деген берене дайыма турат. Ошонун негизинде Азербайджан, биринчи кезекте БУУнун Генералдык Ассамблеясынын трибунасын пайдаланып, чырдын себептерин талкууга алып чыгууда. БУУнун системасы менен бирге, башка дагы эл аралык уюмдар менен да активдүү иш жүргүзүлүп жатат.
Бирок Армения ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул чырды тынчтык жолу менен чечүүдөн баш тартып келатат. БУУ нун Коопсуздук Кеңешинин төрт чечимине моюн бербей, эл аралык укук мыйзамдарын одоно түрдө бузуп, армения басып алган жерден өз куралдуу күчтөрүн чыгарып кетпей, кандуу этникалык тазалоодон айласыз көчүп кеткен жүз миңдеген азербайжандарды туулган жерине көчүп келүүгө тоскоолдук кылып, басып алган жеринин демографиясын жана маданиятын өзгөртүп, азыркы статус-квосун бекемдөөгө аракет кылып жатат.
Армян менен Азербайжандын тоолуу-карабак боюнча чырын жөнгө салууда, алдыга карай кандайдыр бир жылыш болуп кетпеси үчүн, армян тарап дайыма бир чатакты баштап жиберет. 2014 жылдын аягында Азербайжан менен Армениянын Президенттери Парижден жолуккандан кийин, армения басылып алынган жерде 40 миң кишиден турган аскердик окуу өткөрүп, бардыгыбызга белгитлүү вертолетко байланыштуу чатакты чыгарып, абалды курчутуп жиберди. 2015 жылдын аягына 2016 башына чейин чырды жөнгө салуу боюнча конкреттүү пландар талккуланып жатканда, армян тарап 2016 жылы 2 апрелде чек ара линиясында жайгашкан кыштакты оор артиллериядан аткылай башташкан, натыйжада 6 киши өлүп 33 ү жарадар болгон, алардын арасында балдар да бар экен. Азербайжандын куралдуу күчтөрү татыктуу жооп берип, контр чабуулдун натыйжасында стратегиялык жактан маанилүү жерлер кайтарылып алынды.Ошол апрель айындагы окуяда азербайжан согуштук-дипломатиялык артыкчылыгын көрсөтүп, ушул кезге чейин такай жүргүзүп келген маалымат согушунун жакшы натыйжасын көрдү.
Окуянын биринчи мүнөтүнөн тартып эле биздин өлкөнүн Тышкы иштер Министрлиги убак-убагы менен дүйнөлүк коомчулукка Армениянын провокациялык иштери боюнча маалымат берип турду. Дүйнөнүн маалымат агентикттери Тышкы Иштер Министрлигинин айткандарына таянып, аскерлер беттешип турган жерге өз журналисттерин жиберишти. Азербайжан республикасынын Тышкы иштер Министрлиги башка органдар менен биригип, дүйнөгө Азербайжан жөнүндө чындыкты жеткиришти, биздин өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулстволары ушул процесске кошулуп, өздөрү иштеп жаткан өлкөлөрдүн официалдуу өкүлчүлүктөрүнө жана коомчулуктарына болгон чындыкты билдирип турушту. Дүйнөнүн беделдүү массалык маалымат каражаттарында Азербайжандын ээлеген позициясы туура деген, көптөгөн макалалар жана видео роликтер басылып чыкканы жакшы болду. Азербайжандын басылып алынган жеринде армян аскерлеринин турушу жана статус-квонун сакталып калышы, чыр чыккан жердеги абалдын курчушуна, бул маселени саясий жол менен чечүүгө тоскоол болушуна негизги себеп болуп жатат. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде ОБСЕ нин Минск тобунун теңтөрагалары бир нече жолу статус-квонун болбой тургандыгын, анын туруктуу эместигин айтышкан. Азербайжан ошол статус-квонун өзгөрүшүнө өтө кызыккан тарап. Ушул контекстеги Венада жана Санкт-Петербургда өткөн жогорку деңгээлдеги субстантивдик талкууну биз туура багыттагы жакшы жөрөлгө, деп эсептейбиз. Биз ушул мүмкүнчүлүктү көп созбой пайдаланып, ушул жолугушууларда жетишилген келишимдерди, конкреттүү чараларга айландырышыбыз керек.
Армениянын куралдуу күчтөрүн Азербайжандын басылып алынган территориясынан чыгарып кетүү, чырдын натыйжасында тарткан зыянды регионалдык транспорттук жана коммуникациондук линиялардан баштап, акырындап калыбына келтирүү, айласыз көчүп кеткен качкындарды туулган жерлерине аман-эсен алып келүү, чырдын динамикасын өзгөртүүгө, региондогу атмосфераны жана коопсуздукту жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Чырды ушундай кылып жөнгө салуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринде негизделип, 1994 жылдагы Буданешт саммитинин токтомду кошуп ОБСЕ нин бардык токтомдорунда бекитилген.
Армениянын баскынчылык саясаты эч качан ийгиликке жетпейт. Бул чындыкты Армения канчалык эрте түшүнүп, куралдуу күчтөрүн Азербайжандын территориясынан чыгарып кетсе, ошончолук эрте чыр жөнгө салынып, Армения жана анын калкы кызматташтыктын жана экономикалык жактан өнүгүүнүн пайдасын көрөт.
**
9.Чындыктын жарчысын колдойлу!
Дүйнөдө, өзүнүн кылган иштери менен өз элин гана эмес, башка улуттарды жана элдерди да байыткан адамдар бар. Ошондой адамдардын бири, деп Молдованын омбудсмени Аурелия Григориуну айтсак болот.Аурелия ханумдун азербайжан эли үчүн көрсөткөн эрдигин, касиеттүү китептерде жазылган бир насаат менен теңештирсе болчудай. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Хазрат Ибрахим пайгамбар,тээ атам заманда кечилдер ишенген бутпарастыкка каршы чыгат, Ошонусу үчүн аны бутпарас кечилдер жаман көрүшчү. Бир жолу ошол кечилдер чогулуп алып мергенчиликке чыгышат, андан пайдаланып Хазрат Ибрахим пайгамбар, кечилдер сыйынган таш кудайлардын бардыгын талкалап салат. Мергенчиликтен келип, талкаланып жаткан таш кудайларын көрүп, ачуусу аябай келген кечилдер Ибрахим пайгамбарга эң катуу жаза колдонуп, тирүү бойдон өрттөп салууну чечишет. Кечилдер отту чоң жагып туруп, Ибрахимди отко ыргытышат. Ар кандай тирүү жандар, бул окуяны ар башкача кабыл алышат. Мисалы, Ибрахимди жек көргөн кескелдирик, отту үйлөп чоңойткусу келет, отко күйүп жаткан Ибрахим кескелдириктен сурайт: "Эй, кескелдирик, эмне үчүн сен отту үйлөп жатасың?" Кескелдирик ага мындай, деп жооп бериптир: "Мен сени ушунчалык жек көргөндүктөн, эртерээк күйүп, күл болуп калса экен,деп отту чоңойтуп жатам". Ошол эле убакта тынчтыктын чымчыгы болгон көгүчкөн тумшугуна бир тамчы суу алып келип отко чачат. Ибрахим андан сураптыр: " О, кудайдын кушу, сен эмне бир тамчы сууну отко чачып жатасың? Кантип эле бир тамчы суу, ушундай чоң отту өчүрө алсын?" Көгүчкөн ага мындай жооп берген: "Мен сени ушунчалык жакшы көргөндүктөн, күчүмдүн жетишинче аракет кылып, отту өчүрөйүн, деп жатам". Молдованын омбудсмени Аурелия Григориу кескелдирик сыяктуу отту үйлөбөй, көгүчкөн сыяктуу отко суу чачпай эле, Азербайжан күйүп жаткан оттун ортосуна боюн таштап жиберип, өзү дагы Азербайжан республикасы жана Азербажандын эли менен кошо отко күйө баштады. Бирок, уламышта айтылгандай Улуу Аллахым Ибрахимдин өлүмүнө жол бербей, периштелерин жиберип аны куткарып калды.Улуу Аллахым Аурелияны да Ереванда, өлүмдүн жана террордун чеңгелинен сууруп алды. Келечекте Улуу Аллах мамлекетти, азербайжан элин, Аурелия ханум менен кошо ушак менен кара күчтөрдүн отунан сактап калат деп, ишенем. Биз адилеттүүлүктүн жолу менен барып, тынчтыкты сүйгөн эл катары жеңишке жетебиз!
Аурелия 2013 жылы 4 июлда Армениянын парламентинде өтүп жаткан жалпы европалык конференцияда "Чыр болуп, бирок токтотулуп жаткан зоналардагы адам укугун коргоо" аттуу докладында мындай деген: "Армения Азербайжандын жеринин 20% басып алып, азербайжандарга каршы геноцид жасаган. Ходжалыдагы геноцид дагы армяндардын колунан келгендигин, дүйнөлүк коомчулук жакшы билет.("Восток" гезити 6 июль 2013жыл, № 120, 4бет).
Мен, акыркы жыйырма жыл бою саясий процесстерге байкоо жүргүзүп жүрөм, 2004 жылы 4 июлда Армениянын парламентинде, Молдованын жараны, христиан дининдеги, Молдовада жана башка өлкөлөрдө адам укугун коргогон жооптуу кызматкер, Молдованын омбудсмени, Аурелия Григориунун оозунан, ал айткан жогорудагы сөздөрдү угуп алып, дүйнөдө адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамдар бар экендигине, алардын өлбөстүгүнө жана алардын бир убакта, кайдандыр бир жактан чыгаарына дагы бир жолу ишендим.Бир аз гана чыдап, адилеттүүлүк үчүн күрөшө ала турган кубаттуу адамдарды таап, аларды улутуна, динине жана өңүнө карабай кошуп алып, адилетсиздикке каршы күрөшсө болот экен.
Эгерде, биз тарихый чындыкты, ал кандай болсо дагы, ушуга окшогон адилеттүүлүктүн жарчыларына жеткире алсак, алар мейли аял, мейли эркек болушсун, кайсы улуттан же кайсы өлкөдөн болушпасын, чындыкты жалтанбай айтып бере алышат.
Бизге белгилүү болгондой, 2013 жылдын 4 июлунда Армения республикасынын борбор шаары Ереванда “Мыйзамдын күчү жана чек ара боюнча европалык стандарт, Европа Кеңешинин мүчө өлкөлөүнүн ага болгон көз карашы” аттуу конференция болуп өткөн. Ошол конференцияда Молдованын омбудсмени Аурелия Григорну “Чыр болуп, бирок токтотулуп жаткан зоналардагы адам укугун коргоо” аттуу темадагы доклад жасаган. Ереванда эч ким күтпөгөн иш болду, бир эле молдован-омбудсмен аял, адилеттүүлүктү жана чындыкты коргоп, эл аралык конференцияда Армения жасаган зордукчулукту жана террорду санап, Ходжалыдагы геноцидди да армяндар кылгандыгын, аны эл аралык коомчулук биле тургандыгын армяндардын беттерине айткан. Ал, конференциянын катышуучуларына Азербайжанга жакын жайгашкан, бирок Армения басып алган Тоолуу-Карабахта эмне болуп жаткандыгын түшүндүрүп берген. Ал өзүнүн сөзүндө дагы бир жолу, адам укугун коргоо стандарттары боюнча тиешелүү укуктук-нормативдер Европалык Союздун документтеринде бекитилгендигин, ошол стандарттардын, кайда гана болбосун ишке ашырылышы керек экендигин көрсөткөн. Ошолорду негиз кылып алып, Григориу айым чыр токтотулган жердеги адам укугун бузулуп жаткандыгынын бетин ачкысы келген. Анын максаты, ошол зоналардагы адам укугун бузууларды токтотуп, чырды тынчтык жолу менен чечүүнү камсыз кылуу эле. Аурелия Григориу айым өзүнүн сөзүнүн башында Азербайжан, Грузия жана Молдова жөнүндө айтып жатып, “Promo-Lex” ассоциациясы басып чыгарган эл аралык документтерге жана 2012 жылы Молдова республикасынын президентинин жетекчилиги астында өткөрүлгөн “Мамлекеттик башкаруунун академиясы” аттуу эл аралык конференциянын материялдарына таянган. Молдованын омбудсмени Армениянын, Азербайжанга каршы баскынчылык саясаты жөнүндө сүйлөгөн сөзүн, БУУнун Коопсуздук Кеңешинини төрт резолюциясына № 822(1993), №853(1993), №874(1993), №884(1993) жана БУУ нун Генералдык Ассамблнясынын № 62/243( 2008 жыл, март) чечимине ылайык түзгөн. Бирок анын сөзүн аягына чыгарбай токтотуп коюшту. Ошол эле Армениянын парламентинин имаратында, ошол эле иш чарада, анын дарегине “Саясий саткын, азербайжандын үгүтүн таратуучу” деген күнөөлөр коюлду. Армениянын парламентинин вице-спикери, Эльмине Нагданян конференциянын жыйынтыктоочу документине, дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн кедген катышуучулардан Молдованын омбудсменинин сөзүн жаратпай салууну суранган, бирок алардын бирөө да макул болгон эмес. Андан тышкары, айткан сөзү үчүн омбудсменди жазалоонун чаралары көрүлө баштаган.
Парламентте чыгып сүйлөгөндөн кийин, аны Армениядан кетирбей, өлтүрөбүз, деп коркутуп, эч кми менен сүйлөштүрбөй, официалуу түрдө кечирим суроону талап кылышты. Ал жаткан мейманканага телефон чалып, күч колдонобуз, деп коркутушту. Анын Facebookтагы баракчасына көптөгөн коркутуп, кемсинтүүлөрдү чыгарышты. Армениянын ММК анын сүрөтүн чыгарып, ага жана бардык укук коргоочуларга кордук көрсөтүү керек, деген чакырыктар чыкты. Анын өлкөдөн чыгып кетиши кыйындап кетти. Ошол кыйын мезгилди эстеп, Аурелия Григориу айым мындай дейт: "... Айдоочу мени аэропортко жеткирбейм, деп болбой койгондо, Молдованын конституциондук сотунун, биздин делегациянын мүчөсү, Мырза Попс менин өмүрүмө коркунуч туулуп жаткан жерге, таштап салып кетип калды. Румыния менен Грузиянын дипломаттарынын (Европалык Кеңешти мүчөлөрү) койгон талаптары менен гана мени өлкөдөн коё беришти. Мага Ереванда"европалык стандартта" беришкен сабагын, мен эч качан унутпайм.("Азербайджан") , 2013 жылы 27 августа чыккан гезит. 3 бетин кара).
Молдованын омбудсмени эч кимге башын ийбей, эч кимден кечирим сурабастан Армениядан жөнөп кетти. Аурелия Григориу айым ошол кездеги окуяны кайрдан эсине түшүрүп, мындай дейт: "Сүйлөп бүткөндөн кийин эле, мен адам укугунун жана эркиндигинин эң маанилүү компоненти- мыйзамдуулуктун принциптери Арменияда колдонулбасын билдим.Ал Арменияда мыйзамдуулук жөнүндө көп сүйлөшкөнү менен Армения өзү кирген Европалык конвенциянын жана башка эл аралык келишимдердин адам укугу жөнүндөгү жоболорун буза берет экен. Армения адам укугу жөнүндөгү конвенцияга катышкандан кийин, адамдын негизги укуктарын коргоо боюнча милдеттенме алган. Молдованын омбудсмени менен болгон окуядан кийин, Армения конвенциянын төмөнкү беренелерин бузду:
1чи берене – адам укугун коргоо боюнча милдеттенмесин;
10чу берене – сөз эркиндигин;
Статья 14 – дискриминацияга тыйуу салуу.
Андан тышкары, Армения Европа конвенциясынын адам укугун коргоо боюнча № 4 протоколунун 2 беренесинин жол жүрүү жобосун бузду.
Ал парламентте чыгып сүйлөгөн сөзүнөн кийин кандай гана кекетүүлөргө,басмырлоого тушугуп, нервине кандай доо кеткенин элестетүү кыйын. Арменияга эки-үч күнгө чакырылып келип, кеткенде Еревандын аэропортуна Румыниянын жана Грузиянын элчиликтеринин узатуусу менен келип, Москвага учуп кеткен. Чындыкты айткандыгы үчүн моралдык террорго кабылган бул аял, кандай өлчөмдө, кимден компенсация ала алат? Дүйнөлүк коомчулуктун, Армениядагы эл аралык уюмдардын алдында, омбудсмендин сөзүн токтотуп, айткан сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылгандары, ага тескери жооп алгандан кийин аэропортко жеткирип коюдан баш тарткандары, анын коопсуздугуна эч ким жооп бербейт, деп эскеткендери, Facebook тун баракчасына чыгарып опузалагдыктары, мейманканадагы номерине, үйүнө коркутуп телефон чалгандары үчүн ким жана качан жооп берет? Эгерде, ушул окуялардын бардыгына туура баа берилсе, өзүн дайыма кордукту далай көргөн, демократиялык өлкө катары көрсөтүп жүргөн Армения республикасынын чыныгы жүзү ачылып, демократияга каршы чыккан, баскынчы жана агрессор өлкө экендиги элге билинип калат.
Молдованын омбудсмени жакында мындай ,деген сөздү айтты: "Мен Молдовага келгенден кийин деле, менин дарегиме көптөгөн коркутуулар келип жатат, анын ичинде демократиянын бешиги аталган АКШ ынын армян улутундагы жарандарынан да бар. Армян диаспорасы, менин иштеген ишимден кетирүүгө аракет жасашууда. Алар Молдованын парламентиндеги адам укуктары жана этика боюнча туруктуу комиссияга, менин ишимди карап чыгууга арыз беришти". (ошол эле жерде 3 бет).
Жогоруда айтылгандардын бардыгы, мурдатан эле болот,деп күтүлгөн жана Армения баскынчы мамлекет экендигинин бетин ачкан окуялар, бул азыр эч кимди деле тан калтыра албайт.
Бирок, мени эмне себептен Азербайжанга келген сайын, Азербайжандын территориясы бүтүн бойдон калышы керек, деп кан какшаган Молдованын официалдуу адамдары, ошол сөздөрүн азыр айтышпай жатышкандыгы, таң калтырып да, кооптондуруп да жатат. Айтмак турсун ошол парламентте айтылган сөз, Молдова мамлекектинин официалдуу көз карашы эмес, деп танып жатышат. Молдова парламентинин спикери Игорь Корман: "Григориу биздин өлкөнүн бетине көө жапты", деп күнөөлөсө, парламенттин комиссиясынын төрагасы Мизин: "Григориунун арызы профессионалдык деңгээлде жазылган эмес жана биздин өлкөнүн пикирин чагылдырбайт".
А. Григориу, алардын айткандарына карата өз мамилесин мындай, деп билдирет: " ушуга окшогон сөздөр парламентти спикерине жана адам укугу менен этика боюнча БУУнун жана Коопсуздук кеңешинин резолюциясына кол койгон комиссиянын төрагасына жарашабы, деген суроо туулат? Ошол резолюцияларда Армениянын баскынчылык саясаты туура эмес, деп табылып, Азербайжандын территориясынын бүтүндүгүнө колдоо көрсөтүлгөн." (ошол эл жерде,3 бетти кара).
А. Григориу Молдованын негизги ММК анын Ереванда сүйлөгөн сөзү кирген эл аралык документтер менен таанышпай туруп эле, армяндар жазган макалалардын таасиринин астында мени жамандап жатышат деп белгилеп: "Молдованын менин моралдык аброюма көлөкө түшүргөн ММКсы, өзү окуяны туура чагылдыруунун принциптерин сактабайт. Менин дарегиме жазылган кемсинтүүлөр, менин аброюма шек келтирип, баркымды түшүрөт" дейт.
Молдованын омбудсмени, өз өлкөсүнүн бийлик органдарынын жасаган мамилесине да нааразы экендигин билдирди:" Менин өкүмөтүм, мени ошол асылуулардан коргоп калбагандыгына өкүнүчтөмүн. Молдованын конституциясына ылайык, мамлекеттик структуралар өз жарандарынын укугун коргоого милдеттүү, ошого карабастан өз жаранынын укугун бузуп, басынтып жаткан Арменияга каршылык көрсөтпөй жатат. Мен жөнүндө эл аралык деңгээлде да, Молдова менен Армениянын мамилелеринин деңгээлинде да унчукпай жатышат". Молдованын омбудсмени өзүнүн жасаган кадамы менен өзүнүн гана аброюн көтөрбөстөн, тынчтыкты сүйгөн, адилеттүүлүктү коргогон мамлекет жана эл катары, өз элинин да өлкөсүнүн да аброюн жогору көтөрдү.Молдованын омбудсмени дипломатиялык нормаларды бузду, армян менен Молдованын ортосундагы мамилелерге жик салды, Модованын аброюна шек келтирди дегендер, адам укугу жана демократия, эл аралык мамиле, адеп- ахлак жана башка жалпы адамзат баалуулуктары жөнүндө эч түшүнүгү жок адамдар.Анткени мындай коз караштагы адамдар, кургак саясий жана дипломатиялык терминдерге жамынып, чындыкты жашырып-жаап, армениянын куралдуу күчтөрүнүн азербайжандын жерин басып алгандыгын, миллиондон ашык элдин укугунун бузулгандыгын, Ходжали геноцидин моюнга алгысы келбей, танып жатышат. Адамзатка кырсык, ушундай адамдар бийликке келсе гана келет. Аурелия Григориуга, кудай сулуулуктан жана жагымдуулуктан башка, чексиз эрдикти, ички дүйнөнүн түгөнгүз байлыгын, адеп- ахлакты жана таптаза жүрөктү берген экен. Кудай, ага, балдарына, үй-бүлөсүнө, жакындарына жана бүткүл Молдова элине бакыт-таалай берсин! Бизге белгилүү болгондой, омбудсмен Аурелия Григориуга 2013 жылдын 7 июлунан башталган коркутуп-үркүтүү ушул кезге чейин эле жүрүп келатат. Ал сөз сүйлөп бүтөөр менен эле Молдовада жана башка жерде жашап жаткан армяндар чабуулга өтүшкөн. Молдовада, ал жана анын үй-бүлөсү жөнүндө чындыка жатпаган маалыматтар таркалып жатат. Дагы бир маалыматка караганда, 2013 жылы 15 августа Молдованын генеральный прокурору, территориялык прокурорго Аурелия айымдын дарегине айтылган коркутуп-үркүүнү изилдеп, иш козгоп, чара көрүүгө буйрук берген, бирок ушул кезге чейин, эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ошондуктан Аурелия Григориу мамлдекет тарабынан эч кандай колдоо көрсөтүлбөгөнүн, колдоо көрсөтпөө үчүн мамлекетте эч кандай негиз жок экенин билдирди. Ал мындай дейт: "Генеральный прокурор, Кишиневдун муниципалдык прокуроруна мага жана менин энеме жасаган мамилеси үчүн, рышканын комиссариатынын инспектору Михаил Васлуняндын үстүнөн жазган арызымды карап чыгып, чара көрүүнү буйурган. Менин маалыматыма караганда ушул кезге чейин эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ички иштер министрлиги жана муниципалдык прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн кийин гана менин энемдин тынчын алганын коюшту". ("525-чи гезит, 23 август, 2013 жыл, № 512, 1 бетти кара).
Молдованын омбудсмени Аурелия Григориу өтө кооптуу абалда турганына карабастан, мамлекет эч кандай коргоо коргөзбөгөнүн, бирок коргойт, деп үмүттөнөөрүн айтты:"Мамлекет мага эч кандай колдоо көрсоткөн жок. Мени эл душманы кылып көрсөтө тургандай кылып, мага каршы маалымат согушу жүрүп жатат. Мени талаага жалгыз таштап кеткен адамды баатыр кылып, мени эл душманы кылышты" (ошол эле жерден кара). Молдованын омбудсмени бул окуя ушунтип улана берсе, өлкөнү таштап кетээрин же жашаган жерин алмаштыраарын айтып зар какшайт. Азыр ал, ошол жөнүндө ойлонуп жаткандыгын да айтты.
Коомдук тармактагы баракчасына, өзүн коркутуп жаткан армяндарга кайрылып: "Армян мырзалар! Силердин мени жек көргөнүңөр, бүткүл Молдованын элин кемсинтүүгө укук бербейт. Мени кордогонуңарды токтоткула, болбосо мен муну коомдук талкууга алып чыгам" ( 2013 жылдын 16 августундагы гезитти кара).
Омбудсмен менин жана менин алвокатымдын артынан калбаган, аңдуу башталды, деп кошумчалап сөзүн улантты: " Эдитура Статистика, деген мамлекеттик мекеме, менин менчик адвокаттык бюромо мыйзамсыз басым көрсөтүп, менин омбудсмен катары иштөө мөөнөтүм бүткөнгө чейин, анын ишин токтотуп койду. Ошол мекеменин жетекчиси, мамлекеттик кызматчы, бул кадамдын бардыгы, менин Ереванда чыгып сүйлөгөн созүмө байланыштуу экендигин жашырган жок. Менин ушуга окшогон адамдарга чара көрүүнү суранган арызым жоопсуз калды. Ушул фактылардын бардыгы, мамлекеттик мекемелер менин укугумду калыбына келтирүүгө ниеттери жок экендигине күбө боло алат" ( 23 август, 2013 жыл, № 512,1 бет).
Аурелия Григориунун айтканына караганда, анын омбудсмендик мандатынын мөөнөтү күзүндө бүтөт. Көптөгөн НПО лор аны колдоп, кандидатурасун кайрадан коюга аракет кылып жатышат. 2013 жылдын сентябрь айында Молдовада парламенттик адвокаттар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизгени жатышат. Депутаттар ошол өзгөртүүлөрдүн жардамы менен бир эле парламенттик адвокатты калтырганы жатышат, албетте адвокат-омбудсмен болуп, мандатынын мөөнөтү 2015 жылы бүтө турган адам калат. Андан кийин жаңы шайлоо болот. Омбудсмен айым, күзүндө өтө турган шайлоо алдында ар тараптан кысымга алынып турат, шайлоодон кийин деле ага жеңил болбосо керек. Ал өз өлкөсүндө эле эмес, башка өлкөлөрдө да адам укугун коргоого, өзгөчө адам укуктары бузулуп жаткан өлкөлөрдө өтө керек адам. Ошондуктан Азербайжан диаспорасы адилеттүүлүк жана чындык үчүн күрөшкөн Аурелия Григориуну колунан келишинче колдошу керек. Ал Азербайжан республикасынын жана башка өлкөлөрдүн орден, медалдары менен сыйлансын. Анын кандидатурасы Нобель сыйлыгына көрсөтүлсүн.
Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Эльмар Мамедяров, азербайжан тарап түзүлгөн абалга тыкыр көз салып тургандыгын, Аурелия Григориуга каршы күч колдонууга жол бербей тургандыгын билдирди. . Жогоруда айтылган окуялар болуп өткөндөн кийин эле, Азербайжан республикасынын адам укугу боюнча өкүлү( омбудсмени) Эльмира Сулейманова, Молдованын омбудсмени Аурелия Григориунун укугу бузулуп жаткандыгын билдирди. Билдирүүдө адам укугун коргоп жаткан чет мамлекеттин официалдуу өкүлүнө, Армениянын парламенинде дүйнөлүк коомчулук жана эл аралык уюмдар туура эмес көргөн, тарихый фактыларды айтып чыккандыгы үчүн укугу чектелип, кысым көрсөтүлгөндүгү, бул өлкөнүн адам укугу тепселген, демократиялык өлкө эмес экендигин тастыктайт. ОБСЕнин Парламенттик Ассамблеясынын күзгү сессиясында, Азербайжандын делегациясы, Модованын омбудсмени Аурелия Григориуга армян мамлекети, армян лоббиси жана армяндардын террордук уюму АСАЛА тарабынан кысым көрсөтүлүп жаткандыгын билдирет. Ушул өлкө ОБСЕ нин мүчөсү болуп туруп, башка өлкөнүн(Молдованын)омбудсменин өлтүрөбүз. Деп коркуткан. Азербайжан, Молдовадан башка ОБСЕге мүчө өлкөлөр да ушул маселени көтөрүп Аурелия Григориуну коргош керек.
Азербайжандардын бир тобу фейсбуктан (Facebook)баракча ачып " Аурелия Григориуну колдойбуз!" деп жазып чыгышты. Азербайжанда жана башка чет мамлекеттердеги НПО лор да омбудсменди коргоп жатышат.Азербайжан жана башка түрк тилдүү элдердин кызматташтык борбору (Азербайджан), Диаспоралардын эл аралык борбору(Азербайджан), түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясатын колдоо фонду(Кыргызстан), Азербайжандагы бүткүл дүйнөдөгү, Россия, Украина, Швеция, Германия,АКШ жана башка өлкөлөрдөжашаган азербайжандардын конгресси, Аурелия Григориу, менен күнүгө байланышып ал-ахыбалын сурап турушат.
2013 жылдын 25 августунда Украинанын болрбор шаары Киевде, Молдованын омбудсмени Аурелия Григориу адам укугун коргоодо кылган эрдиги үчүн Святой Владимирордени, Кыргызстандагы түрк тилдүү элдердин саясатын колдоо фондунун "Гейдар Алиев" атындагы алтын медалы менен сыйланган. А. Григориу азербайжан элине, колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал өз ыраазычылыгын Азербайжандан баш калкалоо укугун сунуш кылган мекемелерге да айтты: "Менин Азербайжанга баш калкалап баруумдун кереги болбос,деп аябай үмүттөнөм. Бирок, полициянын, жергиликтүү башкаруу оргоандарынын жана мамлекеттик мекемелердин мага кылган кылыктары, мени бул маселе жөнүндө ойлонууга мажбур кылып жатат. Ал эле эмес, кээ бир мекемелер мага компромат издеп жатышат. Бул кимге, эмне үчүн керек, деген суроо туулат? Бул маселе боюнча мен бир чечимге келе элекмин. Эгерде, мага басым жасоолор жана мага каршы мыйзамсыз иштер улантыла берсе, Азербайжандын өкүмөтүнө керектүү сураныч менен кайрылып калышым мүмкүн". (Ошол эле жерде 1 бет).
Молдованын омбудсмени Аурелия Григориу өзүнүн “Табула Раса” деген немис гезитинин журналисти Штефан Гросско берген интервьюсунда, эл аралык уюмдарды, анын ичинде Евросоюз, Европа Кеңеши, ОБСЕ жана аларга мүчө өлкөлөрдү, ушул маселелерге көңүл кош карабоосун суранган. Ал, Армения республикасы менен Молдова респуликасы Евросоюз менен ассоциативдик келишимге кол коюуга даяр эмес, деп билдирген. Өзүнүн Арменияда башынан өткөргөнүн айтып, бул өлкөдө Европадагыдай мыйзамды колдонушпайт, деп билдирди. Арменияда да, андан тышкары жерде да, армяндар үчүн биринчи кезекте, улуттук кызыкчылык турат дейт ал. " Укуктук өлкө, деп көп сөз кылганы менен Армения адам укугун сыйлабай тургандыгын, иш жүзүндө көрсөттү. Анын үстүнө мамлекеттик органдардын, бул ишти жакшырталы деген ойлору жок, жакынкы жылдары мунун жакшы жагына өзгөрө турган түрү көрүнбөйт. Болбосо, армян мамлекетинин мага, ургаачыга, чет өлкөнүн өкүлүнө жасаган иштерин эмне десек болот? "Azərbaycan", 2013 жыл 27 август, 3 бет). Андан ары ал, ереван парламентинде чыгып сүйлөгөн сөзүнөн кийин, арменияда аны куугунтукка алышканын, ошонусу менен алар адам укугунун негизги принциптерин бузушканын айтып, мындай дейт: " Адамдын өз оюн айткандыгы үчүн армения куугунтукка алып, өмүрүнө коркунуч туудуруп жатса, ал Евросоюз менен ассоциативдик келишимге кол коюуга даярбы? Деген суроо туулат" (ошол эле жерден 3 бетти кара). Аурелия Григориу айымдын, ушул окуядан кийин Европа Совети да бир жыйынтыкка келет, деген ою бар. Европалык баалулуктарды күнүмкү турмушта колдонумуш болгон менен чынында эле колдонуунун айырмасы бар, "Армениянын саясий жетекчилери, күнүмдүк турмушта Европалык баалулуктарды колдонуудан алыс болгондугу өкүнтөт", – дейт ал.(ошол эле жерден 3 бетти кара).
Ошентип, өзүнүн укугу бузулган А. Григориунун негизги максаты, “Токтотулган чыры” бар жерлердеги, өзгөчө европалык биримдикке кошулалы, деп жүргөн өлкөлөрдөгү адам укугун бузууларга, эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурууда болуп жатат. Анын сөзүн, пайда болгон чырларды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырык деп түшүнүш керек. Анын чыгып сүйлөгөн сөзү, Европалык баалулуктарды таратып, ишке ашырууга чакырат. Жогоруда айтылгандардын бардыгын эске алып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашап жана иштеп жаткан азербайжандар, түрк диаспоралары, бизге достук мамиледеги өлкөлөрдүн диаспоралары, ушул маселелер боюнча иштеп жаткан эл аралык уюмдарга кайрылууларды жиберип, алардын көңүлүн Аурелия Григориунун маселесине буруу керек. Мен, бүткүл дүйнөдөгү азербайжандарды, азербайжан менен түрк уюмдарын, бүт тынчтыкты сүйгөн, прогрессивдүү элдерди Молдованын омбудсмени Аурелия Григориуну коргоп калууга, колдон келген чараларды колдонуп аны куугунтуктоого жол бербөөгө чакырып, анын кандидатурасын тынчтыктын Нобель сыйлыгына көрсөтүүнүсунуш кылам. Ага башка, эл аралык уюмдардын, өлкөлөрдүн орден, медалдарын, ар кандай сыйлыктарды берсе жакшы болот эле.
ГАФАР АЛИЕВ –Азербайжан Республикасынын Президенттик Администрациясынын саясий маселелер боюнча бөлүмүнүндөгү сектордун жетекчсиси, философия илимининэл аралык мамилелер боюнча доктору.
Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83