www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеңиш Разаков: Коррупция улуттук коопсуздукка реалдуу коркунуч келтирүүдө

Жазгүл Урманбетова 09-июнь 2018, 14:32

Расмий кабарлар


Жеңиш Разаков: Коррупция улуттук коопсуздукка реалдуу коркунуч келтирүүдө

«Коррупция өлкөнү өнүктүрүү жолунда олуттуу тоскоолдуктарды жаратып, мамлекеттик түзүлүштүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат», – деп билдирди вице-премьер-министри Жеңиш Разаков КРнын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин жыйынында.

Вице-премьер-министр белгилегендей, коррупция улуттук коопсуздукка реалдуу коркунуч келтирүүдө, буга байланыштуу бул проблема КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйындарынын күн тартибине бир нече ирет коюлуп келген.

«Алсак, ушул жылдын февралында КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков коррупция – улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген көйгөй экендигин баса белгилеген. Ал эми коррупцияга каршы күрөшүү – биздин мамлекеттүүлүгүбүздү жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактоого тете болгон милдет», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал белгилегендей, өлкөдө коррупцияга каршы аракеттенүү системасы өркүндөп бара жатат, ал мамлекеттик башкаруудагы иштердин ачык-айкындуулугун камсыздоо аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, ошондой эле кандай гана түрдө болбосун коррупциялык иштерге катуу бөгөт коюуга багытталган комплекстүү мамилелерге негизделген.

«Өкмөт КРнын прокуратура органдары жана КРнын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен тыгыз байланышта туруктуу негизде коррупциялык системаны, анын ичинде калыптанган коррупциялык тобокелдиктерди жана коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат», – деди Жеңиш Разаков.

Буга катар вице-премьер-министр аталган багыттагы кемчиликтерди белгилеп өттү. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө натыйжалар жакшы камсыздалбай жаткандыгы байкалууда.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жана өркүндөтүү, натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча активдүү жана конструктивдүү иштерди мындан ары улантууга даяр экендигине ишендирип кетти.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83