www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Малик Нурдинов мыйзамды сыйлаган, кесипкөй кызматкерби?

Перизат Кутманалиева 13-июнь 2018, 12:04

Саясат


Малик Нурдинов мыйзамды сыйлаган, кесипкөй кызматкерби?

2018-жылдын 11-июнь күнү «Малик Нурдинов Кашкар менен Сүйүндү көзгө илбей, бар чүкөңдү алыс ойногула деп койгонбу?» деген аталышта «NazarNews.kg» маалымат агенттигинин редакциясынын почтасына Жашулан Сейтов деген жарандан макала келген. Макала Малик Нурдиновго каршы, Ош ОИИБнин ардагерлери жана кызматкерлери тарабынан жазылган. Жогорку макала тууралуу, Ош олустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев тастыктама берди. 

Биринчиден Ош ОИИБнин кызматкерлери бул маалыматты жазбагандыгын расмий түрдө билдиребиз. Экинчиден Малик Нурдинов Ош ОИИБге алгачкы жолу келип жаткан жок. Ал буга чейин Ош ОИИБде катардагы ыкчам өкүлдөн бөлүм башчы, начальниктин орун басарлыгына чейинки кызматтарда иштеп, андан кийинки кездерде деле кайсыл жерде иштебесин Ош ОИИБнин өздүк курамы менен тыгыз байланышта болуп келген. Ошондуктан бул жерде ал жетекчи болуп келип эле бөлүп жарып ашмалтайын чыгарды дегенге негиз жок жана чындыкка дал келбейт. Малик Апсаматович Нурдинов Ош ОИИБнин башчылыгына келген күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев менен биргеликте Ош облусунун бардык райондорун кыдырып чыгышып, өздүк курамдын жана ардагерлердин жашоо жарттары менен жакындан таанышышты. Андагы калк менен жолугушту. Көйгөйлүү маселелрди жеринде тактап, тез арада ошол көйгөйлөрдү чечүү боюнча министр тапшырма койду. Учурда ошол тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айрымдары четинен ишке аша баштады. Чыныгы камкор жетекчи катары өздүк курамдын арасындагы көп балалуу турмуш шарты оор кызматкерлер  үчүн эл аралык  кайрымдуулук фонддор аркылуу жардам  көсөттү,ошондой эле өзүнө бөлүнүп берилген кызматтык үйдү катардагы милиция кызматкерине өткөрүп берди. Ошондой эле кызматтык автоунааларды бөлүштүрүүдө  натыйжалуу пайдалануу боюнча кайрадан карап чыгып, жетекчилик кызматтардагы кызматкерлердин кызматтык автоунааларын  калк менен жакындан иштешкен катардагы кызматкерерге кайрадан бөлүштүрүп берүүнү колго алды. Жумуш орундары иретке келтирилип, алыскы айылдардагы милициянын ыйгарым өкүлдөрүнө шарттарды түзүп берүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзө баштады. Кызматтык орундарга дайындоодо Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматтык жобосуна ылайык иш алып барууда өз алдынча эч кимди жумуштан алып жумушка дайындай элек. Жетекчи катары кадрларды дайындоодо коррупциялык элементтерге жол бербөө боюнча талапты катуу коюп, чыныгы кесипкөй кызматкерлерди регионуна карабай жердешчиликке тааныш-билишке жол бербеген принцип менен ишин баштаганы айрым бир кызматкерлерге жакпай жатышы мүмкүн. Бирок Ош ОИИБнин дээрлик 100 пайыз кызматкерлери Малик Нурдиновдун иш ыкмасын кубаттап колдойбуз. Ал буга чейин деле уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүүдө өзүнүн чыныгы кесипкөй кызматкер экендигин далилдеп келген. Бул сапаттарын биз кесиптештери айпасак деле эл жакшы билет.Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер органынын кызматкери катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилерине баш ийет жана ИИОнун жоболорунун талаптарына ылайык иш алып барат. Бул жерде министрди да анын биринчи орун басарын да көзгө илбейт деген маанидеги автордун маалыматын жалган жалаа жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку даражадагы жетекчилиги менен Малик Нурдиновдун ортосуна жаккан чагымчылдык аркети катары баалайбыз.

Автор жазгандай Ош облусунун СКМнин башчысы Н.Жаанбаев кол алдындагы кызматкери Эрнис Абдыжапаров менен пикир келишпей чатакташкан фактысы М.Нурдиновдун жеке көзөмөлүнүн астында ачыкка чыгып олтурат. Ал окуя боюнча учурда тиешелүү органдар тарабынан иликтөөлөр жүрүп жатат. Бул окуянын чын төгүнүн толук билбей туруп жалпы өздүк курам арасында Малик Нурдиновдун кадыр-баркы тууралуу баа берүүгө автордун моралдык да мыйзамдуу да укугу жок. Анын ишке жөндөмдүүлүгү жана өздүк курам арасында кадыр баркына баа берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй тийиштүү органдар бар, деп тастыктаган Ош ОИИБнин өздүк курамы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83